Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Тоолор - Кыргызстандын чеби

11-декабрь Эл аралык тоо күнү. Кезинде Кыргызстан Улуттар Уюму тарабынан 2002-жылдын Эл аралык тоо жылы деп жарыяланышына демилгечи болгон.

11-декабрды Эл аралык тоо күнү деп жарыялоо жөнүндөгү чечимди Улуттар Уюму 2003-жылы, Эл аралык тоо жылы белгиленгенден кийин кабыл алган.

Ал эми эл аралык тоо жылын өткөрүү жөнүндөгү демилгени Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев 1996-жылы Бишкекте өткөн эл аралык жыйында көтөргөн.

2002-жылдын октябрында Кыргызстан биринчи глобалдык тоо саммитинин конок ээси болгон. Ушул жылы Түштүк Африканын Йоахеннесбург шаарында өткөрүлгөн жыйында тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсү үчүн эл аралык өнөктөштүк түзүлгөн. Ага учурда 58 мамлекет, 16 өкмөттөр аралык уюм, 235 жарандык коомдун өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар жана жеке секторлор кирет.

Дагы жүктөңүз

16x9 Image

Бексултан Абибакир уулу

"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG