Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:53
Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды

Күч органдары "Манас" аэропортунда кармап кеткен Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

06:51 26.2.2017

Дүйшөнкул Чотонов кармалды

Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты, «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновду УКМК кызматкерлери кармап кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Ата Мекен» партиясынын активисттери кабарлашты. Маалыматка караганда, Чотоновду саат 6.30дарда үйүнөн кармап кетишкен.

06:47 26.2.2017

Өмүрбек Текебаев кармалды

Бишкектеги УКМК имаратынын алдында оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери топтолуп, күч органдары да жыш тизилип турат.
1/9 Бишкектеги УКМК имаратынын алдында оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери топтолуп, күч органдары да жыш тизилип турат.
Күч органдары Текебаевди кармап кетти
УКМК имаратынын алдында Текебаевдин тарапкерлери топтолуп турушат.
2/9 УКМК имаратынын алдында Текебаевдин тарапкерлери топтолуп турушат.
Күч органдары Текебаевди кармап кетти
 Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери 
3/9  Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери 
Күч органдары Текебаевди кармап кетти
УКМК имаратынын алдында күч органдары да жыш тизилип турат.
4/9 УКМК имаратынын алдында күч органдары да жыш тизилип турат.
Күч органдары Текебаевди кармап кетти
УКМК имаратынын алдында күч органдары да жыш тизилип турат.
5/9 УКМК имаратынын алдында күч органдары да жыш тизилип турат.
Күч органдары Текебаевди кармап кетти
"Манас" аэропортунун жанында чогулган Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери.
6/9 "Манас" аэропортунун жанында чогулган Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери.
Күч органдары Текебаевди кармап кетти
Өмүрбек Текебаевди кармоого каршы чыккан адамдардын 11и Сокулук райондук  милициясында турат. Депутат Каныбек Иманалиев да кармалып кайра бошотулду. 
7/9 Өмүрбек Текебаевди кармоого каршы чыккан адамдардын 11и Сокулук райондук  милициясында турат. Депутат Каныбек Иманалиев да кармалып кайра бошотулду. 
Күч органдары Текебаевди кармап кетти
26-февраль таңда Өмүрбек Текебаевди күч органдарынын өкүлдөрү Стамбулдан келип конгон учактан чыгып аткан маалда кармап кеткен.
8/9 26-февраль таңда Өмүрбек Текебаевди күч органдарынын өкүлдөрү Стамбулдан келип конгон учактан чыгып аткан маалда кармап кеткен.
Күч органдары Текебаевди кармап кетти
"Манас" аэропортуна бараткан жол
9/9 "Манас" аэропортуна бараткан жол
Күч органдары Текебаевди кармап кетти
Артка
Алдыга

06:37 26.2.2017

Текебаевдин тарапкерлери УКМК алдына акцияга чыгышат

Бүгүн камакка алынган «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери акцияга чыгышат. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынан депутат Аида Салянова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, акцияда саясатчыны камактан бошотуу жана бийлик тараптан саясий куугунтукту токтотуу талабы коюлат.

Салянова бийлик Текебаевден корккону үчүн ушундай кадамга барып, ага карата куугунтукту баштады деген пикирин билдирди.

Учурда Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча расмий органдар эч кандай комментарий бере элек. Саясатчы өзү 3 сааттан ашык убакыттан бери УКМКда кармалып турат.

06:20 26.2.2017

Сокулук милициясында 11 адам кармалып турат

Кармалган 11 адамга “стратегиялык жолду бууган үчүн” деген айып менен милиция тарабынан проткол толтурулду. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Улан Эгизбаев билдирди. Жалпысынан бүгүн “Манас” аэропортунун жолунда милиция 15 адамды кармап кеткен. Алардын арасында төрт журналист болгон.

Учурда эки саат милицияда кармалып турган журналисттердин бардыгы бошотулду, бирок Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери дагы деле милицияда кармалып турат.

Текебаевдин тарапкерлери аэропортто кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:04 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG