Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36
Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды

Күч органдары "Манас" аэропортунда кармап кеткен Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

19:37 26.2.2017

Чек аралар кадимки тартипте иштеп жатат

Кыргызстандын Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай менен чек ара бекеттери кадимки абалында иштеп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” үналгысына Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Сажира Чоколоева билдирди:

- Чек ара бекеттери күнүмдүк иштерин адаттагыдай эле абалда жүргүзүп жатат.

Буга чейин Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында көзөмөл күчөтүлгөнү, айрыкча казак тарап чек арадагы текшерүүнү күчөкөнү айтылган.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышына байланыштуу бүгүн Бишкекте УКМКнын алдында митинг өтүп жатат. Ош, Жалал-Абад облустарында да митинг болуп, түштөн кийин тараган.

16:29 26.2.2017

Сариев Текебаевдин камалышы боюнча президентке кайрылды

Экс-премьер-министр, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев “Ата Мекен” партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасады.

- Алмазбек Шаршенович, сиз Кыргызстандын президентисиз. Баарынан мурда Кыргызстанда туруктуулук сакталышына сиз кызыктарсыз. Мен өлкөдөгү туруктуулук бузулушун каалабайм, ошондой эле сизди туруктуулукту сактоого чакырам жана үмүт кылам. Азыркы кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу - бардык тараптан мыйзамдуулукту сактоо” – деди Темир Сариев.

Билдирүүдө Сариев тергөө иштерин жүргүзүүгө биринчи кезекте Өмүрбек Текебаев өзү кызыктар экенин белгилеп, ага коюлган күнөөлөр азырынча тастыктала электигин айтты.

Ал Өмүрбек Текебаевди көп жылдык тажрыйбасы бар саясатчы деп, президент менен катуу күрөштө болуп келгендиктен саясатчынын камалышында саясий боёк бар экенин кошумчалады.

16:20 26.2.2017

Отунбаева Текебаевди колдогон митингде сөз сүйлөдү

УКМК имаратынын алдында өтүп жаткан митингде экс-президент Роза Отунбаева өлкөдөгү бардык саясый күчтөрдү чогулуп, сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды.

- Биргеликте кайсы жолго баратабыз, кандай жолду тандайбыз деген суроолорго жооп издешибиз керек, - деди Отунбаева.

Ал азыркы бийликке кайрылып Өмүрбек Текебаевдин аброюна жараша сый мамиле жасоого чакырып, жок эле дегенде үй камагына чыгаруу керектигин айтты:

- Текебаевге жалган жалаа жаап жаткан Маевский ким экенин көрдүк. Биздин бардыгыбыздын Текебаевди террористтей кылып кармап, кемсинтип жатканы күйбөгөн жерибизди күл кылып жатат. 2017-жылы шайлоого даярдангандын ордуна бийлик ушунда ыплас иштерди кылып жатканы өкүндүрөт.

Митинг учурунда экс-президент Роза Отунбаевага "Кыргыз Эл баатыры" наамын берүү демилгеси көтөрүлдү.

Отунбаева: Текебаев чындык үчүн күйгөн адам
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

14:36 26.2.2017

Эртең парламент кезексиз сессияга чогулат

Бул тууралуу УКМК имаратынын алдында өтүп жаткан митингде Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев билдирди. Ал парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен сүйлөшүү жүргөнүн, өз кезегинде спикер макул болгонун кошумчалады. Иманалиев Текебаевди коргоо штабы түзүлгөнүн айтып, Текебаев бошотулганга чейин мөөнөтсүз митинг жарыяланганын билдирди.

- Бүгүн бийликтин кылыгы оппозицияга карата репрессиянын башталышынан кабар берди. Биз Бакиевден кутулдук деп жүрсөк, анын фамилиясы эле кетиптир. Себеби анын үй жайы, байлыгы толугу менен Атамбаевдин колунда жүрөт. Текебаевди колдоону уланта беребиз, азыр штабдан дагы 200 адам келе жатат, - деди Каныбек Иманалиев.

Митингге Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева да келээри айтылды. Нааразычылык акциясына Убактылуу өкмөттүн бир катар мүчөлөрү катышып жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG