“Азаттык”: Ошто үй куруу үчүн жерге муктаж адамдарга жер бериле баштайт деген маалымат тарады. Бул боюнча конкреттүү чечим барбы?
Жантөрө Сатыбалдиев: Конкреттүү түрдө өкмөт тарабынан жерлерди трансформациялоо иштери бүттү. Бул биринчи этабы. Сиздерге белгилүү, Ош шаары менен Ош облусунун тургундарынан жергиликтүү башкаруу органдарына 63 миң жарандан арыз түшкөн деген кабар бар. Ошон үчүн өкмөт биринчи кезекте 3 миң гектарга жакын жерди трансформациялап, азыр ошону өздөштүрүү иштери жүрүп жатат.
Биз азыр башкы планын түзүп жатабыз: ал жерге кантип суу чыгарабыз, кантип жол жана электр кубатын алып барабыз деген өңдүү. Аларды бөлүштүрүү үчүн биринчи этабында башкы планды түзүп, жакынкы арада биринчи кишилерге участокторду берүү иштерин баштайбыз деген оюбуз бар.
“Азаттык”: Биринчи кезектегилер кандай негизде тандалып алынды?
Сатыбалдиев: Жерге муктаж болгон адамдар өздөрү коом түзгөн. Жумушчу топтор түзүлгөн. Ошолор өздөрүнүн тизмелерин берет. Анан жыйырма кишиден турган тармактар аралык комиссияга берет. Каттоо органдарынан алардын жери барбы, жокпу, мисалы башка райондордо жери болуп калышы мүмкүн да, ошолорду изилдеп чыгып, тизмени бекитип беребиз. Андан кийин жергиликтүү бийлик өздөрү бөлүштүрөт.
“Азаттык”: Демек жер алуучулардын тизмесин тактай турган орган тармактар аралык комиссия турбайбы?
Сатыбалдиев: Ооба, тармактар аралык комиссия. Ага мен башчылык кылам. Ага жергиликтүү бийликтин орун басарлары кирген, акимдер жана мэрдин орун басарлары. Мамлекеттик курулуштун башчысы, каттоо органдарынан, Юстиция министрлигинен өкүлдөр бар.
Мындан сыркары жерге муктаж болгондор өздөрү бир топ коомдорду түзүп алган. Ошолор да тизмени тактап жатышат. Муктаж болгондорду категорияга бөлүп жатышат. Бирок ал жерде мурдатан кезек күтүп келген жарандар да бар.
Өткөндөгү жыйналышта да биз сунуш кылдык, аларды да сөзсүз түрдө карашыбыз керек. Тизме такталгандан кийин Ош шаарыныкын Ош шаардык бийлигине беребиз. Райондордукун айыл-өкмөттөрүнө беребиз.
Тизме такталууда
“Азаттык”: Июнь коогалаңында жабыркагандарга жер берүүдө артыкчылыктар каралганбы?
Сатыбалдиев: Биринчи кезекте июнь коогалаңында жапа чеккендер турат. Бирок алар квартира алып калса, аларга жер тилкеси берилбейт. Же жер алат, же курулуп жаткан батирлерди алат. Экинчи кезекте, тартип коргоо органдары, ардагерлер, ооган согушуна жана Баткен окуяларына катышкандар кезек кезеги менен алышат.
“Азаттык”: Жер тилкелери кайсы аймактардан бөлүнгөнү турат?
Сатыбалдиев: Бул Араван районунан, Кара-Суу районунан жана Ош шаарындагы үч трансформация кылынган райондон берилет. Ош шаарында Катта-Сай, Папан жана Ачы конуштарынан берилет. Азыр бул жерлердин бардыгын изилдөө иштери, биринчи этабы жүрүп жатат.
“Азаттык”: Алгачкы жер тилкелери качантан баштап бериле баштайт?
Сатыбалдиев: Кудай буйруса, эмки аптанын аягында берип калабыз деген ой бар. Эң татаалы тизмени тактоо да. Жерди өздөштүрүү да татаал. Бирок тизмени тактоо, аны бөлүштүргөнү келгенде сөзсүз каралышы керек.
Жер бекер берилет
“Азаттык”: Кийинки аптада канча кишиге жана канча гектар жер бөлүнгөнү турат?
Сатыбалдиев: Биринчи этапта өзгөчө муктаж болгон миң кишиге деп жатабыз. Ал эми экинчи этаптары андан ары жыла берет. Бул токтобой турган жараян.
63 миң адам деп берилген. Алардын бардыгына жеткирүү чоң каражатты да, чоң жерди да талап кылат. Бирок биз тизмелерди тактаганда тизме азаят деген оюбуз бар. Себеби Ош шаарында да, райондордо да тургандар, балким бир эле фамилия эки-үч жерде барбы деген ойлорубуз бар да. Биз аларды текшерип чыгышыбыз керек.
“Азаттык”: Алгачкы миң кишиге канча гектар жер берилгени жатат?
Сатыбалдиев: Болжол менен жүз гектардын тегерегинде болот.
“Азаттык”: Бул жерлер кандай шарт менен берилет?
Сатыбалдиев: Жерди, биздин мыйзамдардын негизинде, жери жок адамдар бир жолу бекер алат. Бериле турган жерлердин бардыгы бекер. Жери, же өздөрүнүн үйлөрү барларга жер берилбейт.
“Азаттык”: Рахмат.

Жери, же өздөрүнүн үйлөрү барларга жер берилбейт.