Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

Отунбаева: Эл ыңкылапка кызыкдар эмес


Кыргызстандын эли кыйынчылыктарды күч менен чечүүнү каалабайт, бирок оппозиция элди көчөгө чыгарууга кызыкдар. Мындай пикирин экс-президент Роза Отунбаева “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Экс-президент “Азаттыктын” Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунун бүгүнкү көрүнүшүнө, геосаясатка, аялдарга жана “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун ишмердигине байланышкан суроолоруна жооп берди.


Кыргызстанда байлык болсо башкача жашамак

"Азаттык": Роза айым, бийликти, президенттик кызматты өткөрүп бергениңизге эки жылга кетти. Ушул аралыктагы коомдук-саясий өнүгүүдө сизди кубандырган же кабатыр кылган учурлар барбы?

Роза Отунбаева: Эми кабатыр кылган жагы боюнча: жаз келатат, тиги болот, бул болот дегенди пресса көп эле айтып атат, жазып атат. Имиштерди күчөтүүнүн үстүндө атайын отургандар бар сөзсүз. Бирок бизди азыркы системанын бутунан туруп кетиши, калыптанышы, жүрүп аткан саясий өзгөрүүлөр эмнеге кубантпайт? Кубантат.

Ошол эле парламентти жамандабаган киши калган жок. Бирок парламент өз тажрыйбасы аркылуу бир топ ыкмаларды иштеп чыкты. Бир топ депутаттар өз фракцияларынан чыгып кетип, депутаттык топ түзүүгө мажбур болушту. Башка парламенттерде депутаттык мандат императивдүү берилбейт. Бизде болсо – императивдүү. Ошондой эле былтыр премьер-министр ызы-чуусу жок эле алмаштырылды. Дайыма уруш-талаш болуп турчу эле. Парламенттеги бул өңдүү өзгөрүүлөргө ыраазы болушубуз керек. Фракциялар көп нерселерди ачыктап атышат. Президенттик мурдагы башкаруу болгондо мунун бардыгы көмүскө калмак. Мунун баары натыйжалуу чаралар.

Дүйнө жүзүн карап көрсөңүздөр деле баары эле момурайып отурушкан жери жок. Ошол эле Европада финансылык, экономикалык кризис, элдик толкундоолор болуп атат. Биз өнүгүп атабыз. Туура. Кыйынчылыктар толтура. Бирок Азербайжан же Казакстандагыдай алдыбызда кара май былкылдап турса, биз деле башкача жашамакпыз. Ошол ресурс жоктугунан кичинекей алтыныбызды туура чечебиз деп “чаң” асманга чейин көтөрүлүп атат. Бул маселе деле чечилет окшойт.


"Азаттык": Комиссиянын чечимине кандай карап атасыз?

Роза Отунбаева: Бул маселе туура нукта келатат деп ойлойм. Канчалаган жылдары чечилбеген маселе азыр ачыкка чыгып, айтылып атат. “Кыңыр иш кырк жылда” дейт, мына он беш жылда эле билинип атат. Демек бул системанын күчтүү жактары бар болгонун өз көзүбүз менен көрүп атабыз.

Отунбаева: Эл ыңкылаптарга кызыкдар эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:54 0:00


Экс-президент актангысы келбейт

"Азаттык": Жаз келери менен митингдердин жүрүшү Кыргызстан үчүн өнөкөт да болуп кетти бир жагынан. Оппозициялык күчтөр марттын ичинде митингдер болорун айтып атышат. Кандай дейсиз, талаптарды коюп, митингдерге чыгууга бүгүн саясий-экономикалык, социалдык шарттар жетилдиби?

Роза Отунбаева: "Эки жыл өттү, жетишет, булардын колунан эчтеке келбейт" деген мааниде үгүттөгөн адамдар болуп атат. Алар деле жакшы эле түшүнүшөт. Азыр элдин революцияларга даярдыгы да жок, баргысы да келбейт. Мына биз элди аралап келдик – тынч. Ооба, эл кыйналып атат, ал маселе жок дебейм. Бирок маселени күч менен чечсе болот деген эл жок. Бул маселелерди бирөө козутуп атат. Бирөө деген бул – оппозиция. Биздин коомдо оппозиция да сый-урматтуу орунга ээ болуп калбадыбы. Мен ойлойм, бүгүн андай протесттик потенциал, ошондой суроо-талаптар жок.

1-декабрь, 2011-жыл
1-декабрь, 2011-жыл
"Азаттык": Дагы бир суроо: муну сизден сурабай койо албайм. Маалымат каражаттарына да көп чыкты. Мурдагы президент менен мурдагы премьер-министр бийликти кайра алыш үчүн кадамдарды жасап жатат деген сыяктуу. Сиз буга Ошто жүргөндө жооп берген экенсиз. Саясатка аралашпай тургандыгыңызды жообуңузда айтып атасыз. Эгер жалган болсо, ушундай сөздөрдүн чыгышына ким кызыкдар?

Роза Отунбаева: Мен ойлойм бул – оппозициянын ойлоп чыкканы. Бабановду айтып атат, башкаларды айтып атат көтөрүлүшкө чыгат деп. Бул линияны атайын жасап атышат. Президентке, азыркы курска, бийликке каршы күчтөр көп. Бир, эки, үч, беш, он деп, баарын атап, ошол күчтөрдүн арасында андайы да, мындайы да бар деп кошуп, ушундай күчтөр чыгат, силер да дайын болгула деп элге көрсөтүш керек болуп атат да.

Эми мен актангым келбейт. Чынында эле саясат менен эч алектенбейм. Мен азыр фонддун иши боюнча кенже курактагы балдардын, энелердин проблемалары менен көп иштеп жүрөм.


Атамбаев менен акылдашабы?

“Азаттык”: Сиз президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп турасызбы? Акыркы жолу качан жолугуштуңуз?

Роза Отунбаева: Жолугушуп турабыз. Акыркы жолу жолукканыма бир айдай болуп калды. Бир топ, абдан эле зарыл маселелер боюнча кеңешиш керек болгондо жолугушуп турам. Абдан оор чактарда бирге болдук. Эмнеге биз сүйлөшпөшүбүз керек, эмнеге биз акылдашпашыбыз керек?

"Азаттык": Сиз мурда мага берген интервьюңузда Убактылуу өкмөттүн учурунда “бурлак” болдум дедиңиз эле. Ошондой болсо да бүгүн Убактылуу өкмөттүн дарегине, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн дарегине экономикалык, саясий, финансылык өңүттө бир топ сындар, дооматтар айтылып жатат. Сиз кандай комментарий бересиз?

Роза Отунбаева: Мен да тактап коеюнчу, убактылуу бийлик үч ай иштеди. Үч айдан кийин алардын бардыгы шайлоолорго кетип, техникалык өкмөткө кирип кеттик. Убактылуу өкмөттө абдан карама-каршылыктуу адамдар болушту да. Бир айдан кийин болуш керек, алардын ортосундагы карама-каршылык билинип да калды, телефондогу сүйлөшүүлөрү билинип. Бул адамдардын көз караштары чындап эле карама-каршылыктуу болуп турду.

Ошол 7-апрелде кан төгүлүп, жаман болуп турганда биз бардыгыбыз жоопкерчиликти алдык өзүбүзгө. Ушундан чыгыш керек, элди тынчытыш керек, чараларды көрүш керек дегенди түшүндүк. Бирок кимдир бирөө финансылык жактан туура эмес жасаса, өздөрүнөн көрүш керек. Күнөө ар биринин өзүндө болот.

"Азаттык": Ар бири деп убактылуу өкмөт мүчөлөрүн айтып атасызбы?

Роза Отунбаева: Ар биринин өзүндө. Биз болсо декрет менен туура чечимдерди кабыл алып аттык. Бир да чечим акылдашмайынча болгон жок. Баарыбыз бирге чечтик. Тиякты тынчытыш керек, биякты тынчытыш керек деп. Жалал-Абадга бердик, Ошко бердик. Кээ бирөөлөр эмнеге ошоякка бердиңер деп атышат. Анткени ошол жакта проблема болуп атты. Бакиев ошол жакка кетти, ошол жакта элди көтөрөйүн деп аракет жасап атты. Андайда чындап эле ошол жерде ким туруп иш жасайт эле? Ошон үчүн бир топ убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрүнүн жакындарына берип атышты. Анткени башка адамдардан эч ким колдобойт эле ал заманда. Ошо жерде ким кандай туура эмес иштерди жасаса, ар кимдин өзүнүн жоопкерчилигинде болот, чечимди аткаруу жагына ар бири өзү жооп бериши керек.


Билим - өнүгүүгө багыт

"Азаттык": Сиз азыр аркалап жаткан жумуш – экс-президент Роза Отунбаеванын демилгелери. Фонд миссиясын аткарып жатабы?

Роза Отунбаева: Мага Жалал-Абад облусунан бир аял киши келиптир. Фондуңуз эмне иш кылат деп кызыкты. Мен учурдан пайдаланып айта кетейин, фонд мыйзам боюнча бейөкмөт уюмдардын эле бири. Коомго, элге, жөнөкөй адамдарга керек иштерди жасайын деп түзгөм. Өткөн бир жылда элге керектүү бир топ иштерди жасаганга үлгүрдүк.

31-август, 2011-жыл
31-август, 2011-жыл
Мисалы, “Билим кербени” “энелик жана коопсуздук” деп, жаңы эле Баткен, Кадамжай райондорун Үч-Коргон айыл өкмөтүн, Кызыл-Кыя шаарын, Ошто болсо Өзгөн, Араван, Кара-Суу райондорун кыдырып келдик. Адистер коштоп жүрүштү.

Тилекке каршы энелерибиздин да, балдардын да өлүмү жогору болуп атат. Кыздарыбыз жыныстык турмушка эрте киришип, эрте төрөп атышат. СПИД, рак сыяктуу абдан оор илдеттер бар. Булардан кантип коргонуш керек, эмне кылыш керек деген маселелерди карап, айтып бердик.

Ошондой эле бир жылдан бери мектепке чейинки бала бакча маселелерин алып келатам. Жети жашка чейинки балдар бизде 800 миңге чейин чыгып кетет экен. Анын баарын киргизе албайт экенбиз, республика боюнча балдардын 13 пайызы гана бакчага барат экен.

Азыркы маселе, мектепке бара турган 100 миң баланы даярдап алышыбыз керек. Кыргызстан менен Тажикстан боюнча чоң изилдөө өттү. Анын жыйынтыгы боюнча биздин 1-4-класстын балдары китеп окуй албайт экен, окугандары анын 40 пайыздайын араң түшүнүшөт экен. Ошондуктан балдарды мектепке даярдабасак кийин алып кете албай калат экен. Биз барган жерлерде бала бакча, мектеп башчыларынын көңүлүн ушуга бурдуруп, ыңгайлуу бөлмөлөрдү таап, эл аралык донорлор аркылуу жабдууларды таап берип, мугалимдерди окутуп атабыз. Быйыл деле мартта башталды. Бир топ балдарды мектепке даярдап коет. Дагы бир тема болду: балдарды кесиптик-техникалык окуу жайларга баргыла деп, кесипке багыттап келдик.

Эки сөз менен айтканда фонд билим берүүгө көп көңүл буруп жатат. Анткени билим берүү коомдун прогрессин аныктаган, тастыктаган багыт.

Маектин 1-бөлүгү: коом жана саясат


Маектин 2-бөлүгү: Роза Отунбаеванын демилгелери, аялдар жана улуттар

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG