Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:59

Маркедонов: Ташиевдин окуясында тышкы күч жок


Орусиялык саясий аналитик Сергей Маркедонов Кыргызстанда 3-октябрь күнү болгон окуялар өлкөдөгү бейстабилдүүлүктөн, саясий маданияттын өзгөчөлүгүнөн кабар берет, бул жерде тышкы күчтөрдү издөөнүн кажети жок деп эсептейт.

- Кыргызстанда ушу тапта 3-октябрь окуяларын чечмелөөгө аракеттенишүүдө. Сиздин пикириңизде, уруксат берилген митингдин Ак үйгө кезектеги чабуул менен аякташын канчалык олуттуу окуя деп сыпаттаса болот?

- Кырдаалды дестабилдештирүү аракеттерин, анын арты жарандык согуш же башка чоң жаңжалдарга алып келбесе да, өзгөчө постсоветтик өлкөлөрдө олуттуу кабыл алуу керек. Ал жумурияттардын бардыгына бирдей саясий маданият мүнөздүү – компромисс табуунун ордуна үстөмдүк кылуу аракети көрүлөт. 2010-жылкы окуялардан кийин Кыргызстанда парламенттик демократиянын моделин киргизүү чечими менимче, бир аз шашылыш кабыл алынган. Себеби Борбор Азияда парламенттик маданият тамыр жая элек. Демократия ал жерде элдин өзөгүнөн чыкпастан, ар кыл топтордун таасирин күчөтүү таймашына негизделген. Андыктан кырдаал кылдын учунда десек болот. Тоз-тополоң качан болуп кетээрин эч ким 100 процентке айта албайт.

- Кыргызстандык айрым байкоочулар ошол окуянын артында сырткы күчтөр турушу мүмкүн деп жоромолдошот. Ушундай сценарий канчалык реалдуу?

- Кутум жөнүндө теориялар постсоветтик бардык өлкөлөрдө айтылып жүрөт. Азербайжан, Грузия, Украина, Орусия же Борбор Азия болобу, кайсы бир тышкы күчтөрдү табуу аракеттери адатка айланган. Бирок ошол үчүнчү тымызын күчтөрдүн теоретиктери ала кушту атынан атай алышпайт. Алар ким болушу мүмкүн? Мисалы, Орусия деп айталы. Жакында эле Орусия Кыргызстанда базасына байланыштуу бир топ ийгиликке жетишти. Октярбда Тажикстанда да ошондой макулдашууга кол коюлду. Путин аны Борбор Азиядагы орус кызыкчылыктары үчүн ийгилик катары сыпаттады. Мындай шартта Орусия кырдаалды эмне үчүн курчутат эле? Бийликке буга чейин жетишилген келишимдерди кайра карап чыгам деген башка жетекчи келсечи? Бул жерде логика жок.

Американы алсак, 2014-жыл, же коалицияны Ооганстандан чыгаруу мөөнөтү жакындап келатса, аларга бейстабилдүүлүктүн дагы бир очогунун, экинчи Ооганстандын кереги барбы? Кытай болсо тышкы саясатын жүргүзүүдө кайсы аймак болбосун, тең салмактуулукка артыкчылык берген өлкө. Ошон үчүн Косово же Түштүк Осетияны тааныбай келатат. Кытай үчүн стабилдүү статус-кво жана экономикалык позицияларын арттыруу маанилүү. Ал эми туруктуулук жок болсо, экономикалык позицияларын кантип бекемдейт? Ошон үчүн үчүнчү күчтөрдү издөөнүн кереги жок деп ойлойм. Менимче, 2010-жылы реформаланган саясий система туруктуулукка жете элек. Кээ бир адамдар көнүмүш жол менен абалды өз пайдасына өзгөртүүгө аракеттеништи.

- Туруктуулукка жетишүү үчүн канча убакыт зарыл?

- Жакшы суроо, бирок ага так жооп жок. Политологияда “туруктуу туруксуздук” деген түшүнүк бар. Латын Америкасынын мисалын алсак, дээрлик бардыгы испандардын оторчулугунан XIX кылымдын биринчи чейрегинде кутулушкан. Бирок стабилдүүлүк Бразилия, Аргентинаны албаганда, иш жүзүндө орной элек. Оң жээкке, сол жээкке урунуп келатышат. Африка мамлекеттеринде да абал ушундай эле.

1991-жылы СССР ыдырагандан кийин бардыгы эми туруктуу болот деп эч ким кепилдик берген эмес. Мен макалаларымда Советтер Союзунун кулашы юридикалык расмий окуя болгон деп жазып жүрөм. Державанын ыдыроо жараяны азыркыга чеийн уланып келатат. Жана анын кандай аяктаары азыр белгисиз.

Менимче, Борбор Азиянын бардык жумурияттары чоң сыноонун алдында турушат. Батыш коалициясы Ооганстандан чыгарылгандан кийин региондун өлкөлөрү 10 жыл мурунку, 2001-жылкы кейпин кийип калышы мүмкүн. Ошондо эмне болоорун прогноздоо да кыйын. Анын үстүнө бүтүндөй Борбор Азияда исламчылар баш көтөрүүдө. Бул туруктуу тенденция экенин эч ким тана албайт. Аларга мамлекеттик структуралар жооп кайтарууга даярбы? Менимче, бул аларга чоң проблема жаратат.

- Кыргызстанда 3-октябрда болгон окуяларга кайтсак. Өкмөт үйүнө чабуул койгон, бийликке чакырган адамдар андай аракеттер жазаланаарын жакшы билип эмне үчүн ошондойго барышат? Бул алысты көрө албагандыкпы?

- Андай иштерге барган адамдарды акылсыз деп атоого болбойт. Бул кайра эле мен жана айткан саясий маданияттын өзгөчөлүгү. Бардыгын каалаган учурда күч менен алуу адатка айланып калган. Эмне үчүн андай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарыш керек? Саясат – мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалануу искусствосу. Бир жолу бийликти күч менен алууга аракет жасап көрүштү, андан майнап чыккандан соң үчүнчү, төртүнчү, же жыйырма бешинчи жолу эмне үчүн аракеттенсе болбойт?
XS
SM
MD
LG