Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Эл кайрадан “суроо” белгисине айланууда


Жарык көргөн гезиттердин башкы темасы парламентте талкууга алынган Ош окуясы болууда.

“Кыргыз руху” гезити президент Роза Отунбаевага, Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго, премьер-министр Алмазбек Атамбаевге кыргыз тилдүү журналисттер биримдигинин кайрылуусун жарыялады.

Кайрылуунун өзөгүн өлкөдөгү мамлекеттик мекемелер маалымат таратууну мамлекеттик тилде, телекөрсөтүү менен радиоуктуруулардын берүүлөрүнүн теңинен көбүн кыргыз тилинде жүргүзүү механизмин иштеп чыгууну көзөмөлгө алуу өтүнүчү түзөт.

Журналист Айзада Абазованын “Мамлекеттин жүгүн ким көтөрөт?” деген макаласында: “былк этпестей көрүнгөн Бакиевдин бийлигин кулатканда калпагын көккө ыргыткан кыргыз эли бүгүн депрессиялык абалда. Себеби айланып келип эле баягы бийлик башында олтургандар же Бакиевдин үй-бүлөсүнөн башкасы кайрадан бийлик башына келишти. Атургай кечээ эле Бакиевдин бийлигин сүрүп таштаган Атамбаев, Текебаев, Отунбаева, Исаков өңдүү оппозициянын көрүнүктүү өкүлдөрү бийликте отурганы менен Бакиевдин талапташтары аркылуу кайрадан көчөгө түртүлүп калуу коркунучунда турат” деп жазуу менен эми парламент ар кайсы комиссияларды бетине кармап, бири-бири менен тытыштыра бербей, экономиканы, элдин турмушун көтөрүүнү ойлошу керектигин, өкмөттү 120 депутаттын алдына апкелип алып кайра-кайра сурак кыла бербей, иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын кулак какты кылды.

Белгилүү журналист Азизбек Келдибековдун “Папкестан пародиялары” да “Кыргыз рухунун” ушул санында.

“Форум” гезити Алмамбет Саралаевдин макаласын сунуш кылды. Жогорку Кеңештин төрагасын сынга алган автор аталган макаласында Акматбек Келдибеков: “Бразилияда жаратылыш кырсыгынан 500 адам өлсө, бизде туура эмес саясат жүргүзгөндөн 800 адам өлдү” деп айтты. Эгер ал 7-апрелде Акүйдүн алдында атылган 87 баланын өлүмү боюнча ушундай бүтүм чыгарса, анда ал өзү да жоопкерчиликте болот. Балдардын башын жуткан Бакиевдин бийлиги экенин, ал бийликтин курамында Акматбек мырзанын өзү да отурганын эл жакшы билет. Анын “аныктамасы” анык болсо, анда апрель окуялары боюнча айыпталып жаткандардын баарын актап, камалгандарды бошотуп, алардын ордуна Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүн отургузушубуз керек экен да” деп жазды.

“Жаңы агым” гезити саясый баяндамачы Алым Токтомушевдин “Эски тепши” деген макаласы менен жаңы санын ачты.

“Апрель “революционерлери” 2005-жылдагы “революционерлер” сыяктуу эле бийликке жетсек коррупция менен күрөшөбүз, элдин, жердин байлыгын элге кызмат кылдырабыз деп келген. Тилекке каршы анын бирин аткарышпады. Коррупция менен күрөшмөк түгүл, коррупцияга белчеден баткандарды жазалоонун демократиялык механизмин иштеп чыгалган жок” деп жаны кашайган баяндамчы кайрадан бийликке келген “бакиевчилердин” аты-жөнүн тизмелеп, бийлик башындагылардын 7-апрелде каза болгондордун кыркылыгында Бакиевдердин жан-жөкөлөрүн бийликке жолотпойбуз деген антын аттап кеткенин эстетти. Макаласын аяктап баратып: “Ошондон улам орус жомогундагы эски тепши эске түштү. Биз да ошол кемпир сымал азыркы бийликке аябагандай чоң үмүт, бекем ишеним артып алып, акыры эски тепши менен калат сыяктанабыз”,- деп жазды.

“Жаңы агымдын” бул санына мындан тышкары алакандай кабарлар, КТРдын айланасындагы талаштар бар.

“Алиби”
гезити Убактылуу өкмөттүн финансы министри Темир Сариевдин “Банктагы акчалардан Улуттук коопсуздук кызматына 150 миң доллар, ИИМге 10 миң доллар берилген” деген аталыштагы түшүндүрмөсүн шардана кылды.

Кимге канчадан доллар бергенин тизмелеп көрсөткөн Темир Сариев, президенттик аппараттын башчысы Эмил Каптагаевге 43 миң доллар, Бишкек ички иштер башкармалыгына 20 миң доллар, Топчубек Тургуналиевге 5 миң доллар, Азимбек Бекназаровго 120 миң доллар, Убактылуу өкмөттүн аппаратына 20 миң доллар, Бишкек шаарынын Ленин району боюнча кошуундардын жетекчисине 15 миң доллар берилип, Жалал-Абад шаар мэриясына 100 миң доллар которулганын айтып чыкты.

Сариев дагынкы тизмелерди дагы айтты. Андан ары экинчи жолу алынган 5 млн. доллардын 1 млн. 484 миң доллары июнь окуяларына сарпталганын, мындан кимдерге канчадан берилгенинин сан эсебин көрсөтүп берди.

Сариев ачыкка чыгарган долларлардын санына ой жүгүрткөн макала автору “Биздеги бардык башаламандыктарга УККга караганда ИИМ көп тартыларын адилеттик үчүн айта кетели. Бөлүнгөн акчаларды карасаңар Коопсуздук комитетине 150 миң доллар бөлүнсө, милицияга 10 миң гана доллар болүнгөн” деп белгилеген гезит, акча алган адамдардын арасынан биринчи болуп Өмүрбек Текебаев үн катып,Сариевдин колунан алган 120 миң долларды 12-13-майда Ош менен Жалал-Абадда Бакиев бийлигинин “бунттарына” каршы турган милиция менен жоокерлердин тамак-ашына, жана башка керектөөлөрүнө таратып бергенин маалымдады.

“Кыргыз туусу” гезити “Эмгек акы канча көтөрүлөт?” деген макала сунуштап, дыйкандар быйыл 1 млрд. сом 9 процент менен насыяга берилерин, мугалим 2800 сомдун ордуна май айынан тартып 7881 сом айлык ала баштаарын, жогорку билимдүү врач 1877 сомдун ордуна майдан тартып 9 миң сом, ал эми алыскы тоолуу аймактагы врачтар 15 миң сом, бир жарым ставкада иштегендер 20 миң сомдон ашык маяна ала тургандыгын, ал эми маданият кызматкерлеринин орточо айлыгы азыркы 2308 сомдон 7 миң сомго чейин көбөйөрүн маалдымдаган макала басты.

Журналист Күмөндөр Усуптегиндин Нарын шаарына арналган макаласы “Тоо койнундагы шаардын капчыгы жана көйгөйү” деп аталат.

Окумуштуу Кусеин Исаев макаласын “Жашасын Манасизм, же мамлекетти түп-тамырынан бери жаңылоонун зарылчылыгы” деп атап, өзгөнү ээрчип, өзүн унутуп, коногуна бийлеттирип, өз жолун табалбай келаткан элдердин тобуна кыргыздар да кирерин, азаттыкка чыкканына 20 жылдын жүзү болуп, элдик революция 2 президентти кууп түшкөнүн, 8 жолу Баш мыйзам өзгөртүлгөнүн, 10 жолу өкмөт алмашып, 5 жолу Жогорку Кеңеш шайланганын, бирок алигиче басар жолун, барар жерин тактай электигин белгилеп, ага кандай жолдор менен баруу жолдорун баяндайт.

Ушул макалага улай Арабаев атындагы университеттин ректору Төлөбек Абдрахмановдун “Азгырык идеялардан арылуунун жолу барбы?” Же Кыргызстанга кандай идеология керек?” деген макаласын тартуулады. Окумуштуу Кыргызстандын алдында “кокту-колот” сепаратизмине азгырылуу коркунучу бар экенин эскертип, модернизацияланган “кыргыз исламына” багыт алуу туура болорун сунуштаган.
XS
SM
MD
LG