Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Ирим


Гезиттер да "Мегаком" чатагын сөз кылууда.
Гезиттер да "Мегаком" чатагын сөз кылууда.

Гезиттер окурмандарын келаткан Нооруз майрамы менен куттуктады, бирок алардын негизги макалалары “улак тартышка” айланган “Мегакомдун” бүтпөгөн чатагы тууралуу болду.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын демейдегидей эле окурмандардын каттары менен баштап, ырасмий материалдар менен улантты.

32 бет менен чыккан гезиттен вице-премьер-министр Ибрагим Жунусовдун, министр Айгүл Рыскулованын “түз байланыштарын” окууга болот.

“Убактылуу өкмөт “Альфа Телекомдун” 49 процентин улутташтыргандан кийин уюлдук операторго көзөмөлдү Глеб Огнянниковдун “Евентис Телекомунун” түзүмдөрү басып алышып, аны Раушан Рыкунова башкарып калган. Бул айым тээ илгери чуулгандуу иштердин “каарманы” - Роза Качиева болучу” деп жазды журналист Мырзакат Тыналиев “Мегаком” бирөө, ага “ашык болгондор” четтен чыгып жатат...” деген макаласында.

Чүй облустук Ички иштер башкармасынын начальниги Бакыт Жусубалиевдин макаласы, жазуучу Абдыкерим Муратовдун Мурза Гапаров тууралуу баяны, акын Алик Акималиевдин Алыкул тууралуу ыры бар.

“Кыргыз руху” гезити “Мегаком” тууралуу макала басып: “Бүгүн бул боюнча Текебаев Бабановду, Бабанов Убактылуу өкмөттү, Жекшенкулов Бабановду, ал кайра Жекшенкуловду күнөөлөдү, аңгыча Андрей Силичтин, Кубатбек Байболовдун, анын аялы Нуржамал Байболованын аттары аталууда. Баары эле актанат. Кимисине ишенериңи билбейсиң. Уурулардын баары бизге белгилүү саясатчылар, биз тандаган депутаттар экен. Демек, биз 120 ууруну шайлаган экенбиз да. Бирок биз алардын ууру экенин айткандарынан улам билгенибиз менен жазалай албаганыбыз жаман экен” деп жазды Айзада Абазова.

“Улуттук баалуулук мамлекеттик саясаттын өзөгү болушу маанилүүбү?” деген суроонун алдындагы талкуу да ушул санда.

“Алиби” гезити Болотбек Таштаналиевдин “Кыргыз саясатчыларына жердин туткасын карматпагыла!” деген макаласын тартуулады.

“Айдан айга, жылдан жылга карыз менен жашап, кайсы жыртыкты кайсы жамаачы менен жамайбыз менен убара болуп, көртирликке белчебизден батып калдык. Борбор Азия аймагында өз ордубуз бар экенин көрбөй, майдаланып, ыпыр-сыпыр нерселер менен алагды болгонго өттүк. “Мегаком” маселеси чечилбей турган маселеби? Парламент мыйзамды көрк үчүн жазды беле? Же элдик курултайларды өткөрүү маселесин айталы. Буга чейин курултайлар өткөн жок беле? Мунун түпкү максаты эле бийликке жетүүнүн жолу болсо, анда курултайлардын пайда-батасы кимге? Азыркы бийлик 89 баланын каны менен бийликке келгенин унуттубу? Бийлик үчүн, байлык үчүн кан менен көз жаш төкпөй жашоого болбойбу? Кыргыз эли үчүн, анын эл катарында жашашы үчүн сөзсүз эле миллиондордун, милиарддардын артынан кууп, кайран өмүрдү саясый интригаларга кор кылып, мындай былгытма иштерге элди да тартып, эки кишини эриктирбеген, бир кишини бириктирбеген кыргыз саясатчыларына эмне деп баа бере аласыз?” деп суроо койду автор.

“Фабула”
гезити бүгүнкү санынан журналист Баратбай Аракеевдин “Айдар Акаев, Максим Бакиев аралашкан жерден тазалык издеп не?” деген, Арстан Табылдиевдин “Мегакомдун 100 миң доллары жана Джек” деген, Эралы Эсенбаевдин “Бай-бай-бай, Байболуп чыгыптыр ай...” деген, Тиленбай Азыктын “Бөрү болгусу келген бөлтүрүк” деген, Айбек Шамшыкеевдин “Кулов “жараксыз” болуп келген, “жараксыз” бойдон калат” деген макалаларын, депутат Алтынбек Сулаймановдун “Парламентте ашыкча кишилер бар” деген маегин окууга болот.

Алтынбек мырза паламенте 15-20 жылдан бери бийликте жүрүп, бирок эчтеке кылбай, саясатты былгытып келаткандар бүгүн да миң түркүн оюндарды жүргүзүп жатканын, ал эми “Мегакомду” 100 процент улутташтырыш керек деген маселени парламентте Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Абдырахманов көтөрүп чыкканын, эми улутташтырып туруп, кайра 1 млрд. долларга сатабыз дегендер чыкканын айтып чыкты. Ал ошондой эле парламенттин ишинде коалицияны бузабыз, таркатабыз деген күчтөр бар экенин, бирок буга карабастан парламент чукул арада тарабай тургандыгын кошумчалады.

Мурат Кыргыз деген ат менен жазылган макала “Мегакомдогу солго кеткен акчалар” деп аталды. Буга улай эле депутат Исках Пирматовдун “Текебаевге каршы добушту мен бергем” деген маеги, Кыргызбай Кырчынбаев деген автордун “Ата Мекен” үгүт өнөктүгун кимдин эсебинен жүргүзгөн?” деген макалалары жарык көрдү.

“Жаңы агым” гезити Башпрокурор Кубатбек Байболовдун “Менин ордумду талашып жатышат” деген маеги менен жаңы санын ачты.

Гезит “Берки жээкте” деген рубриканын алдында депутат Текебаевдин Пирматов жана анын ишмердүүлүгү жөнүндө, “Аркы жээк” деген рубриканын алдында депутат Пирматовдун Текебаев жана анын ишмердүүлүгү жөнүндө кайым айтышын жарыя кылды.

Журналист Алым Токтомушевдин “Сабак” деп аталган макаласы 75 жылдыгы кечээ белгиленген Салижан Жигитовду эскерүүгө арналды.

Салижан Жигитовдун бир интервьюсунан Алым Токтомушев: “Бакиев бийлиги партриархалдык-феодалдык идеологиянын сазына баткан бойдон турат. Ага каршы күрөш жок. Биздин идеологдор көчмөн турмушту идеализациялап, өрнөк кылып, калктын мээсине чай кайнатып, элди алга эмес, артка үндөп атат, демек, барар багытыбыз белгисиз” деп олуялык менен айтканын мисалга тартты.

- Бул азыркы бийликке деле тийешелүү, - деп жазат автор андан ары, - анткени элди ээрчите турган идеология жок. Анархия бүтө элек. Маселенин баары митинг менен чечилет. Парламентке да, өкмөткө да жалаң бизнесмендер келгендиктен элдин эмес, бизнестин гана кызыкчылыгы. Бийликке илинбей калгандар ар уруунун жаңы феодалдарын жамынып, курултай өткөрүү аракетин көрүүдө. Ал эми Салижан Жигитов эскерткендей, акча берсе эл тирилип келген Гитлерди деле ээрчип кете берерин парламент шайлоосу ырастады.
XS
SM
MD
LG