Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Коңгуроо


Жарык көргөн гезиттер Кыргызстандын турмушунун ар кыл жактарын баяндаган макалаларга, маектерге, ой-пикирлерге орун берди.

“Кыргыз руху” гезити Айзада Абазованын президенттик жарышка түшөт деп турган бир катар саясатчылардын аракеттерине мүнөздөмө берген макаласын тартуулады.

Журналист Азизбек Келдибековдун “Беш бармак” аттуу макаласы Абдыганы Эркебаев, Султан Раев, Бүбүкан Досалиева, Иса Өмүркулов, Аскар Салымбековго арналып, аталган инсандардын буга чейинки жасаган иштери, кадыр-баркы жөнүндө ойлорун жар салды.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бакытбек Калмаматовдун маеги “Өкмөт АКШнын алдында Орусиянынын чогун кармоодо” деп аталып, Байболов менен Бабановдун чырынын төркүнүнө токтолуп, "Бабанов Москвадагы бирөөлөрдөн 50 миллион доллар пара сураптыр" дегенин жана башкаларын парламенттик комиссия иликтеп бүткөнүн айтуу менен өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин аракетин сынга алды.

“Алиби” гезити ИИМ министри Зарылбек Рысалиевдин “Айрым аткаминерлер “ОПГнын” заказын аткарууда” деген ат менен маегин басты. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери тарыхында азыркыдай уюшкан кылмыштуулукка каршы ачык күрөш жүрбөгөнүн, бул күрөш бир нече баскычтан турарын, биринчи баскычы аяктаганын, белгилей кетчү нерсе, күрөш башталгандан бери бир дагы ишкерди же чиновникти шаардын четине чыгарып алып, жакындарын, үй-бүлөсүн барымтага алып, акча талап кылган факт катталбаганын, эми күрөштүн экинчи баскычында уюшкан кылмыш дүйнөсүнүн тартип коргоо органдарындагы, прокуратурадагы, соттордогу жана бийлик органдарындагы байланыштары ачыкка чыгарыларын, аларга катуу чара көрүлөрүн билдирди.

Ушул эле “Алиби” гезитинин кабарчысы Папан Дүйшөнбаев Мамлекеттик кадр кызматынын деректири Чолпонкул Арабаев менен маектешти. Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Рыскелди Момбеков тил комиссиясынын бюджети бир мектептин бюджетинен да аздыгын айтса, журналист Улан Мамбетов даярдаган бет кыргыз тилинин көйгөйүнө арналды.

“Кыргыз туусу” гезити депутат Каныбек Осмоналиевдин “Кыргызстан дүйнөлүк диндердин сыноо аянтчасы болуп калды” деген маегине орун берди. Осмоналиев ажылык сапардын ызы-чуусун кенен түшүндүрүп келип, башка өлкөлөрдө тыюу салынган диний уюмдардын баары Кыргызстанда ээн-элкин каттоого алынып калганын, себеби ошого уруксат берген мыйзам кабыл алынганын, анткени буга жеке кызыкчылыгын көздөгөн, байуунун жолун диний агымдар аркылуу таап алган эле кыргыз “азаматтары” жөлөк-таяк болгонун, 20-30 жылдан кийин христиан кыргыз менен мусулман кыргыз болуп кырылышса бүгүнкү жер-жерге бөлүнүүчүлүк анын жанында шоона эшпей каларын эскертип, коңгуроо какты.

Нарынкүл Назаралиеванын “Июнь окуясы сабак болдубу?” деген баштеманын алдындагы материалында ошол окуяда жабыр тарткан жарандардын өздөрүнө сөз берген. Маселен Ош шаарынын тургуну Махмуд Азимов өзү жашаган махаллаларда бир аз түтүн кыргыздар турарын, окуя болгон учурда аларды коргоп, аман алып калганын, бүгүн кыргызстандык өзбектерди Өзбекстан мамлекети келгиле деп кызыгып, чакырып жатпаганын, бул каргашаны сырттан кирген күчтөр менен кан төгүүгө кызыккан мыкаачылар жасаганын, эми мындай карантүн түшүргөн каргаша экинчи кайталанбасын деп өзбек-кыргыз аксакалдары Кудайдан тилеп турганын айтса, Оштун мэри Мелис Мырзакматов шаардын коомчулугу дүйнө коомчулугуна кайрылып, июнь окуясы баары үчүн ачуу сабак болгонун, эми жаңыдан орноп келаткан тынчтыкты бекемдөөнү каалабаган күчтөрдү ооздуктоо зарыл экенигин белгилеп, ар кайсыл улут өкүлдөрү атайын кайрылуу кабыл алганын билдиргенин маалымдады.

“Деньги и власть” гезити “Кыргызстанда Египет сценарийинин коркунучу бар”, “Мындай адамдарды бийликтин жогорку тепкичине жолотпош керек”, “Бин Ладен 5 жыл мурда эле өлгөн” деген макалалар менен бүгүнкү санын ачты.

Гезит саясат талдоочу Валентин Богатыревдун “24 kg” маалымат агенттигиндеги “Кыргызстандын эмдиги президенти да убактылуу болот” деген аталыштагы макаласын окурмандарга сунуш кылды.

Богатыревдин ою боюнча: “Президенттик өнөктүккө шайлооочулар аябай аз катышып, көрсөткүч төмөн болот. Шайлоодон кийин саясый кайра түзүүнүн 2-этабы башталып, ошол түзүм гана өлкөгө туруктуулукту жана башкарууну алып келүү мүмкүндүгүн кийирет. Азыркы Конституция башкарууну жоготту, өлкөнү өнүктүрүү жөнүндө ойлонмок тургай өз жашообузду ойлоого алыбыз жетпей калды. Өкмөт өнүксөк эле деп турат, бирок командасы жок, таяна турган саясый туруктуу таянычы жок, какшыган казынаны кагып-силкип, бюджеттегилерди кантип тойгузуу менен гана алектенип калды”.

“Фабула” гезити Улуттук филармониянын башкы деректири Замирбек Үсөнбаевдин, “Республика” фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаевдин маектерин жарыя кылды.

З. Үсөнбаев филармониянын турмушу, финансы, концерт маселеси тууралуу сөз кылса, депутат Б.Төрөбаев талашка айланып аткан туунун, гимндин өзгөртүлүшүнө жана биолабораториянын курулушуна каршы экендигин айтты.

“Жаңы агым” гезити Алым Токтомушевдин “Дөшү” деген макаласынын корутунду бөлүгүн басты. Эл аралык комиссиянын отчетун талдоого алган автор отчеттун көптөгөн аныктамлары кагылышка тиешеси бар делгендердин бири Кадыржан Батыровдун айтканын гана айныгыс аргумент катары бетке кармаганын, өзөктөн чыккан өзбек сеператисттери 400 миң нуска менен “Чөөлөрдүн мөртү” деген китеп чыгарып, кыргызды канкор, мыкаачы катары сүрөттөп, жалаң кыргыздарды жалаалап, факты сөрөйлөр менен дүйнөгө жайып жатканын, ошону менен бирге Кадыржан Батыровдун кыргыз өкмөтүнөн мурда отчет менен тааныштыгы бар экендигин “Азаттыктын” өзбек кызматына курган маегинен дайын болгонун жазып: “Бул опурталы оңбогондой окуяда канча улуттун канчасы өлүп, канчасы жарадар болгону кеп эмес. Маселе кандуу кармашты ким баштаганында” деп жыйынтыктады.
XS
SM
MD
LG