Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Элдин жүгү элитада


Бүгүн жарык көргөн гезиттер өткөн жылдагы түштүк окуясына байланыштуу макалаларды, саясый турмуш жагдайы жана башкалар тууралуу жазды.

“Асман преss” гезити “Батыровду жандаган Текебаевдер” деген аталыш менен Азамат Жетимишбаевдин макаласына орун берди. Макалада Кадыржан Батыровдун өткөн кандуу калабага чейинки жана андан кийинки аракеттери, экс-президент Бакиевдин жана анын жакындарынын үйүнүн өрттөлүшү, Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси Асылбек Текебаев менен Кадыржан Батыровду жакындаштырууга кылган далалаты жана башка жагдайлар тууралуу сөз болот.

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаеванын маеги “Кумтөрдөн канадалыктар 3 млрд. 681 млн. долларлык алтын казышкан” деген ат менен сунушталды.

Депутат айым “Кумтөрдү” депутаттык комиссия иликтөөгө алганын, бул жерде ачык кен казып алуу иштери 2004-жылы эле аяктамагын, бирок кен казуу улантылып келатканын, мисалы Петровка деп аталган кыргыздын тоосу бүгүн түп орду менен жок болгонун, эң эле коркунучтуусу кен иштетүүдөн чыккан уулуу зат калдыктары 4 миң метр бийиктиктеги Нарын дарыясынын, Ысык-Көлгө куйчу суулардын башатындагы тоо арасына курулган дамбаларга ой-келди төгүлүп келатканын айтты.

“Замандаш” партиясынын негиздөөчүсү, маркум Муктар Өмүракуновду эскерүүгө арналган макала, маектердин топтому да ушул санда.

“Айгай пресс” гезити кыргыз мамлекетинин түбүн түптөгөн мамлекеттик ишмерлердин эң эле көрүнүктүүсү Жусуп Абдрахманов тууралуу эскерүүлөрдү улантты.

Экс-Баш прокурор Кубатбек Байболовдун “Кыргызстанда мораль, этика Байболовго гана тиешелүү, калгандарына тиешеси жокпу?” деген маегине окурман көңүлүн бурду.

“Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев маегинде мамлекеттүүлүк жана анын кызыкчылыгы тууралуу олуттуу ойлорун ортого салды.

Мамлекетти башкаруу Кыргызстанда Борбор Азиядагы эң эле либералдуу, бирок алсыз башкарууга айланганын, ошондуктан эң алды менен мамлекеттик институттардын бекемдиги, саясый элитанын биримдиги зарылдыгын, маселен акыркы кездери таза өнүгүп бараткан өлкө Монголия экендигин, эксперттер бул өлкөнү 2020-жылдары өнүккөн он өлкөлөрдүн катарына кирерин айтып жатышканын, элитасы күчтүү Грузия дагы өнүгө баштаганын, мындай тарыхый жоопкерчилик Кыргызстандын алдында да турганын белгиледи.

- Түштүк коогалаңын иликтөөгө байланыштуу эл аралык комиссияны чакыруунун кереги бар беле?-деген суроого Каныбек Иманалиев:

- Бар болчу. Керек болчу. Анткени дүйнөлүк басма сөздө “геноцид” деген пикир көбөйүп кеткен. Андай эмес экендигин аныкташ үчүн өзүбүздүкүн эмес, эл аралык комиссияны чакыртыш зарыл эле, - деп жооп берген депутат Иманалиев, бирок комиссияга киргендердин деңгээли ар кандай экенин, маселен 7 адамдын бири, Россиялык Тишков – этникалык маселелер боюнча окумуштуу, академик болгон менен, калган алтоосунун чоо-жайы күмөн туудурганын, эстониялык Мюллерсон деген киши өз өлкөсүнө киргенге акысы жок адам болуп чыкканын, Антсон деген Бриккен Улуттар Уюмунан сөгүш алгандыгын, Кильюнендин өзүн сепаратиcттерден акча алды деп шектелип жүрүгөнүн белгиледи.

Ушул эле гезитте Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Азимбек Бекназаров менен маек бар.

“Айат” гезити “Гуманитардык изилдөөлөр жана конфиликтология” борборунун жетекчиси Уран Ботобековдун “Ош коогалаңын “Хизб-ут Тахрир” өз таасирин арттырууга пайдаланды” деген аталыштагы маегин жарыя кылды.

Уран мырза өз сөзүндө: “Платон менен досум, бирок чындык баарынан бийик” дегениндей, ислам радикалдуу агымдарынын кандуу калабадагы ролу тууралуу Кильюнен жетектеген эл аралык комиссия акыйкатка жакын ойду айткан. Биз фин саясатчысын канчалык тилдеп, анын өлкөгө киришине тыюу салган менен, муну моюнга алганга аргасызбыз” деп айтты жана “эртеңки президенттик шайлоодо Оштогу кандуу калаба кайрадан көтөрүлүп, чоң спекуляцияга айланат. Мамлекетти башкарган жаңы муун келип, окуяга адилет баа бермейинче каргашалуу окуя дагы далай саясатчылардын башын жейт” деп кошумчалады.

Акаевдин убагында дүжүр чалдар көбөйсө, Бакиев доорунда ажаан аялдар көбөйгөнүн белгилеген “Айат” гезити бул боюнча айрым адамдардын ойлорун жарыялады.

Ырчы Кайыргүл Сартбаева: - Саясатта мындай аялдарга чара көрбөсө болбойт. Тарыхка кайрылсак бир да кыргыз аялы минтип көчөдө кыйкырып жүргөн эмес, - деп,

Манасчы Уркаш Мамбеталиев: - Мындай бузуку аялдарды соттош керек, - деп,

Мамлекеттик ишмер Күлүйпа Кондучалова: - Мындайларды уяткарып, гезитке жарыялап, тарбиялаш керек,-деп,

Журналист Сүйүн Курманова: - Муну ар бир айылдарда элдик соттун колуна салыш керек, -деп,

Акын Асан Жакшылыков: - Буга карата саясый чечим кабыл алуу керек. Болбосо бүтүндөй кыргыз аялдарынын атын булгап жатат, - деп жооп берди.

“Демибиз сууп шалдырадык эле, делөөрүп канат байладык” деген ат менен жазылган кайрылуу катта Талас эли Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун айкөл Манаска байланыштуу жасап келаткан иштерине ыраазылык билдирип, алкоолорун айтып, аны Таласка келип кетүүгө чакырган.

“Учур” гезити саясый баяндамачы Сабыр Муканбетовдун “Шылуун” деген макаласы менен жаңы санын ачты. Макала баштан аяк саясатчыларга жана Бабановго багышталган. Автор макаласында Бабанов билек менен акчага таянып ордунда калганын, анткен менен алды дагы эле туюктугун, анткени кыргыздар зордукту көтөрө албастыгын, андыктан күнөөлөрүн моюнга алып, 750 миллионду казынга төгүп берсе эл кечирерин, антпесе баары бир бийлик алмашканда аны төлөтүп аларын, ошондо бүгүн аны куткарган сот акыры жоопко тартыларын жазды.

Аталган гезит “НТС каналынын маалымат берүүсүн алып барган Асел Эшимканова өз арызы менен кызматынан бошоду. Белгилүү саясатчы Мелис Эшимкановдун жубайы бул кадамга жолдошу Мелис мырзанын вице-премьер Өмүрбек Бабанов менен кер-мур айтышып кетүүсүнөн кийин телеканалдын жетекчилиги иштен бошошун талап кылганынан улам барган, Асел айым ага карабастан өткөн жумада “Назик” аттуу бий тобуна башкы демөөрчү болуп жүрдү” деп кабар таратты. Ушул эле гезиттен сиздер Мелис Эшимканов тууралуу жарыяланган ой-пикирлерди да окуй аласыздар.

“Учурдун” ушул санына “Аягы суюк кайнене келинине ишенбейт” деген ат менен мурдагы Башпрокурор Кубатбек Байболовдун кеңири маеги жарык көрдү. Байболов маегинде Бабановдун саясый тагдыры, Жалал-Абадга комендант болгондогу учуру, Атамбаевдин ролу тууралуу баяндап: “Мага карата куугунтуктары менен булар Бакиевден да ашып түшүштү. Азыр граждандык укуктарымды тебелеп-тепсеп, болгон мүлкүбүздү арестке алып, текшерип, кынтык издөө менен кысымга алуу сурактарын жүргүзүп жатышат” деп айтты.
XS
SM
MD
LG