Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Гезиттер: Башаламандык башынан болот


Бүгүн жарык көргөн гезиттер түштүктөгү окуянын бир жылдыгын эскерүүгө арналган макаларга басым жасоо менен өлкөнүн ички турмушундагы маанилүү деген маселелер тууралуу кеп кылды.

“Комиссия түзүү, корутундусу менен коркутууну өнөкөткө айландырып алган азыркы парламентке президент айтчу сөзүн айтты. Азыркы парламенттин президенттик резиденцияны Ошко көчүрөбүз деген демилгесин, Кыргызстанды бөлүп-жаруу саясаты катары сыпаттады. “Резиденцияны түндүктөн түштүккө көчүрүүгө негиз жок. Борбор шаар кайсы жерде болсо, президенттин резиденциясы ошол жерде болушу керек. Дегеле муну убактысы бүтүп бараткан мен эмес, ушул жылы шайлана турган президент өзү чечиши керек” деп айтты президент Роза Отунбаева Кыргыз радиосунун суроолоруна берген жоопторунун биринде” деп жазды бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити.

Гезит андан ары “эгемендиктин 20 жылдыгына байланыштуу абакта жаткан 3 миңге жакын адамга мунапыс бере турган мыйзам кабыл алынды” деп,

“Максим Бакиевдин жакын санаалашы же “капчыгы” саналган Сергей Костюк деген күч органдары тарабынан Москва шаарында кармалып, камакка алынды” деп,

“Ар-намыс” партиясы коалицияга кошулса, Өмүрбек Субаналиев Ички иштер министрлигин жетектээри бышыкталып калды” деп,

“Билим берүү министри Канат Садыков кызматынан бошоп, ордуна “Республика” партиясынын өкүлү, депутат Роза Акназарова келгени жатыптыр деген сөз бар” деп кабар таратты.

“Башаламандыктардын башаты - интрига” деген теманын алдында жарыялаган макаласында журналист Эртабылды Аттокуров, башаламандыктын себепкери бийлик бутактарынын ыркы жоктугунан чыгып келатканын, азыркы күндө Жогорку Кеңеш өлкөнү тез арада өнүктүрүү багытында мыйзамдарды иштеп чыгууга эмес, тигил же бул партиянын кызыкчылыгын көздөгөн комиссия түзүү менен алектенип калганын талдоого алды.

“Акыйкат” партиясынын төрагасы Аликбек Жешенкуловдун маеги “Президентти Ошко көчүрүп коюудан маселе чечилип калбайт” деген ат менен жарык көрүп, борбор деген чек арадан алыс болушу керектигин, бардык эле мамлекеттер борбор шаарын чек арадан алыс кармашарын, бул деген стратегиялык маселелердин бири экендигин, андан көрө Оштун, дегеле түштүк аймагынын экономикалык шартын жакшыртуу боюнча мамлекеттик план иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.

Кара-Кулжадагы чоң атасы Жолдошев Турганбайга таандык үйгө караштуу 9 сотик жерди Төрөбай Мамткулов деген күч менен өз участогуна кошуп алганын, муну райондук сот жердин өз ээси – Маматемин Турганбаевдин пайдасына чечкенин, бирок бул чечимди Оштун соту Нургүл Бакирова жерди мыйзамсыз тартып алган адамдын пайдасына чечип келатканын, анын үстүнө мыйзамсыз иш жасаган Маматкуловдун жер аныкы экенин аныктаган бир дагы документи жоктугун жазып, акыйкат издеген үйдүн жана жердин ээси Маматемин Турганбаевдин Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашевага жолдогон каты жарыяланды.

“Кыргыз туусу” гезити кабарчы Нарынкүл Назаралиеванын “Москва көз жашка ишенбейт” деген макаласын жарыялады. Учурда 1 миңден ашуун кыргызстандыктар Орусиянын абактарында отурушат, 2010-жылы 135 кыргыз жараны каза болуп, өз мекенине жөнөтүлгөн” деген макаласы тартууланды.

Гезит Ош окуясында курман болгондор эскерилип, Ош шаарында “Энелердин көз жашы” деген монументалдык эстеликтин ачылышы кандай өткөнүн, президент сүйлөгөн сөзүндө: “Эл бири-бири менен урушкан жок, ортодо чыр-чатакты каалагандар чагымчылык кылып, ар кандай ушак-айыңдарды таратып, бир элди бири-бирине тукурган күчтөр болду. Бирок элибиз аны жеңди” деп айтканын, эми Кыргызстанда жашагандан кийин кайсы улут болбосун ошол өлкөнүн мыйзамы менен жашашы керектигин, энелер тарбиянын башаты болорун, жаштар тынчтыкты каалашарын баяндады.

“Кыргыз туусу” гезити жаңы санына курултайга байланыштуу макалалардын топтомун жарыялады. Академик Бектемир Мурзуибраимов “Курултай башкаруунун ыңгайлуу жолубу?” деп суроо коюп, кайра буга өзү: “Бүткүл элдик курултайды Баш мыйзамга бийликтин эң жогорку чечүүчү жана көзөмөлдөөчү бутагы катарында эмес, бийликке таасир берүүчү өкүлү катары киргизүү керек” деп жооп берсе, санжыра изилдөөчү Абдижалил Пахридинов, курултайга жамынган саясатчыларга “эстери барда этегиңерди жапкыла” деп эскертүү менен илгерки бир болгон окуянын тарыхын баяндап берген.

“Мегаком” жөнүндөгү макалалардын топтому “Аферисттердин оюну” деп аталса, журналист Жээнбай Түрктун макаласы “Шартка жараша шариятпы же вандализмби?” деген ат менен сунушталды.

Автор Жети-Өгүздүн Кызыл-Суусунун Ак-Дөбө мүрзөсүндөгү маркумдардын эстелигиндеги сүрөттөрү аткыланып, балталанып, темирлери ийилип, баалуу таштары талкаланганын, алардын ушундай абалы сүрөткө тартылып, райондук ички иштер бөлүмүнө берилген менен андан эч жыйынтык чыкпаганын, бул окуянын артында кимдер турганын биле албай жергиликтүү калк бушайман болуп атканын маалымдаган.

“Алиби” гезити июнь каргашасынын бир жылдыгына карата сүйлөгөн бийлик өкүлдөрүнүн ичинен өкмөт башчысы Алмаз Атамбаевдин орун басары Ибрагим Жунусовдой э чким жалындуу сүйлөбөгөнүн мисалга тартып, айрым жеринен үзүндү келтирди.

- Биз күнөөнү кыргыз-өзбек жаңжалын уюштургандардан гана издебестен, пейлибизден да издешибиз зарыл. Базардагы нандарыбыз айна жыттанып калбады беле? Жаңы төрөлгөн наристелердин мойнуна мурда упчу таксак, азыр алтын чынжыр тага баштабадык беле? Наристелердин бешиктерине мурда бүркүттүн тырмактарын же карышкырдын тиштерин илсек, азыр бриллиант, алтын мончокторду иле баштабадык беле? Ошолор кенедей балдарга керек беле? Андыктан мындан ары аталар, апалар азабыңар токтоп, кадырыңар жан болсун! Аза азаны, кайгы кайгыны чакыраарын унутпайлы. Мындан ар кимде ким эки элди бири-бирине кайраштыргысы келсе, ошол өздөрүнө гана буюрсун! дегенде ыраазы болгон эл дүркүрөтө кол чаап жибергенин жазып чыкты.

"Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы шайлана турган президентти Ошко көчүрмөй болду, буга сиздин пикириңиз?" деген суроо менен “Алиби” гезити саясат таануучу Табылды Акеровго кайрылганда ал:

- Бийлик органдарын түштүккө жылдыруу бул өтө татаал, аткарылгыс чечим десек болот. Буга абдан чоң акча каражат керек. Анан дагы эң жаман жагы, регионалдык жик салып, түндүк-түштүк тирешин күчөтөт. Муну менен “Ата Журт” партиясы регионалисттик партия экендигин дагы бир жолу көрсөттү. Бул партия түштүктөн көбүрөөк добуш алуу үчүн ушундай методдорду колдонууга өттү. Шайлоодо ушуну курал кылып, “азыркы өкмөт муну аткара албай жатат, эгер бизди шайласаңар айтканыбызды ишке ашырабыз” деп чыгышы мүмкүн. Бул деген саясий чечим,-деп айтты.

Ал эми президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Азимбек Бекназаров бул боюнча:

- Албетте бийликтин бир бутагы Ошто болушу керек. Түштүк аймакка президенттин эмес, парламенттин көчкөнү туура болот. Анткени депутаттар элге андан-санда барышып, берген убадаларын унутуп коюп жатышат,-деп айтты.

Аталган гезит Көл кылаасында туристтерди тейлеп, жакшынакай эле киреше таап жаткан пансионаттар эмнегедир электр кубаты үчүн карыздарын төлөөгө келгенде качаарын, мындан ары карыздарын төлөбөсө электр энергиясынан ажыратыларын “Чыгыш электро” тармагы билдиргенин, анткен менен Ысык-Көл жайкы эс алуучуларды кабыл алууга ушу кезде 80 пайыз даяр экендигин маалымдады.
XS
SM
MD
LG