Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Орун алмашуудан сумма өзгөрөбү?


Бүгүн жарык көгөн кыргыз тилдүү гезиттер өлкөнүн ички турмушунун ар кыл жактарын талдоого алган макалаларды басты.

Бүгүн “Жаңы Кыргызстан маданиятынын” кезектеги саны жарыкка чыкты. Бишкек шаар башчысы Иса Өмүркуловдун ишмердиги жөнүндө шаар тургундарынын ой-пикирлери менен жаңы санын ачкан басылма Европа Өнүктүрүү банкынын инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси Жоомарт Оторбаевдин “Башканы тим койдук, монголдордон үлгү алсак болот эле” деген маегин тартуулады.

Жоомарт Оторбаев Монголияны мисалга тартып, бул өлкө да кыргыздарга окшоп 20 жылдан бери демократиялык мамлекетти куруп жатканын, азыр алтынчы президент алмашып, баары мыйзам түрүндө шайланып, мөөнөтү бүтөрү менен кетип атканын, аларда да парламенттик система иштеп атканын айтты.

Монголдордун тили менен дини башка болгону менен калганы жагы бүт кыргызга окшоштугун, бирок акыркы кездери экономикалык жактан бат өнүгүп баратканын, келаткан 10 жыл ичинде ички дүң продукциясы киши башына эсептегенде 20 миң долларга чейин өсүшү анык экендигин эксперттер эсептеп чыкканын, азыр ал өлкөгө инвестиция агып келип, коррупция токтогонун, анткени чет элдик инвесторлор саясий кырдаалы туруктуу, демократиялык принциптери жакшы иштеген, коррупциядан алыс турган өлкөлөргө гана келишээерин, кадр маселеси да ойдогудай чечилгенин, мисалы Лондондо иштеген билимдүү кыргыз жигити же кызы Кыргызстанга келбестигин, себеби ал жерде бир айда иштеп тапканын Кыргызстанда бир жылда да иштеп таба албастыгын түшүнөрүн, ал эми Нью-Йоркто иштеген монголдун улан-кызы Улан Батордон ошондой эле акча төлөп бере ала турган ишти оңой табарын, элдик биримдикке, ынтымакка келген монгол эли тездик менен дүркүрөп өнүгүп баратса, 20 жылдан бери саясаттан арылбай, бөлүнүп-жарылуудан башы чыкпаган Кыргызстан азыркы учурда деңгээли боюнча африкалык кедей мамлекеттердин биринин катарында турарын айтып жанды кейитти.

“Жаңы агым” гезити “бекер чай бермей старт алды, аны адегенде президенттик жарышка түшкөн Марат Султанов жаңы ачылган сайтын шылтоо кылып, журналисттерге чай берүүдөн баштады” деп,

“Президенттик шайлоонун так мөөнөтү кийинки айда билинет” деп кабар таратты.

Кыргызстандын бир катар мамлекеттик мекемелерин Ошко көчүрүүгө карата парламенттин чечимине көз карашын билдирген экономика доктору Айылчы Сарыбаев:

- Мамлекеттик башкаруу структурасын ар кайсы региондорго таратып жиберүү башаламандыкты ого бетер курчутат. Алыскы аймактарга тарап кеткен министрлер эки күндүн биринде борборго каттай беришет, бул демилгени көтөргөн депутаттар өздөрү да министрлерди парламентке кайра-кайра чакыра беришет. Жыйынтыгында мамлекет мамлекет болбой эле жаш балдардын “кемпир-чал” оюнуна айланат. Бүгүн андан да маанилүү маселелер толтура, маселен өкмөт структурасын кайра карап чыгуу, алардын артык баштарын кыскартуу маселеси турат,-деп,

Генерал Мирослав Ниязов: - Бүгүнкү күндө түштүктө жагдай кооптуу, бирок күч түзүмдөрүн Ошко көчүргөндөн эле абал оңолуп кетпейт. Эң башкысы чек араны тактап, социалдык-экономикалык абалды оңдош керек,-деп жооп берди.

“Алиби” гезити да “Бийликтин кайсы бутагы Ошко көчүшү керек же орун алмаштыргандан сумма өзгөрөбү?” деген макаланы окурмандардын элегине салды.

Автор Ош экинчи борбор аталгандан бери ал жакта президенттин резиденциясы барын, аны Акаев президент болуп турганда эле ачканын, 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Бишкектен качып чыккан Бакиев Кыргызстанды ошол резиденциядан башкаргысы келип, анысы ишке ашпаганын, айтор президент резиденциясын Ошко көчүрүү демилгеси кайсы гана өңүттөн алган күндө да, чала сабат чечим экенин баяндап келип, мисалы Ошко көчкөн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн эки катыны бар эркекти эске саларын, анткени министрликтин бир жагы көчкөнү менен Башкы офиси Бишкекте кала бергенин, министр эки күн Ошто болсо, бир күн Бишкекте болорун, анткени өкмөттүн жыйынына катышышы керектигин, деги эле бийликтин кайсы бутагын көчүрүүдөн мурда парламент өзү жөнүндө да ойлонушу керектигин, “балким өзү көчүп жүрбөсүн” деп кеп кылды.

“Фабула” гезити КСДП фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Ыргал Кадыралиеванын маегине орун берди.

Июнь окуясын иликтеген парламенттик комиссиянын үч башка отчетуна көз карашын билдирген депутат ар бир отчеттун өз артыкчылыгы да, кемчилиги да барын, эң оор мезгилде аял башы менен эркектер албаган мамлекеттин жүгүн мойнуна алып, күндүр-түндүр тынбай, жүгүрүп иштеген Роза Отунбаевага бийликте жүргөн генерал “Бул окуянын кайталанарын билип туруп, эмне үчүн болтурбай коюу чарасын көргөн жоксуз?” деп сураган түркөй суроосуна ичи аябай ачышканын, анткени бул коогалаңдын келип чыгышына шартты Убактылуу өкмөт эле эмес, соттор, прокурорлор, жергиликтүү аткаминерлер жана бийликтин кошоматчылары түзгөндүгүн белгиледи.

Ушул эле гезит Элдик демократиялык партиясынын лидери Артур Медетбековдун “Дүйшөбаев “эмне кылабыз?” деп отурбай, алдын алуу иштерин жүргүзүшү зарыл болчу” деген ат менен маек берди. Бул маекте да түштүктөгү карагашалуу окуяны генерал талдоого алган.

Бүгүн жарык көргөн “Кыргыз руху” гезити жаңы санын кечээ дүйнөдөн кайткан Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун сүрөтүн басуу менен ачты.

Журналист Азизбек Келдибековдун бул жолку “Беш бармагынын” каармандары Өмүрбек Бабанов, Искендербек Айдаралиев, Карганбек Самаков, Медер Алимжанов жана журналист Жеңишбек Эдигеев болду.

Адилет Өмүркуловдун макаласы “Көлбаевдин ордуна Батукаевби?” деп аталып, кылмыш дүйнөсүнүн карапайым окурманга таптакыр белгисиз жактарын ачып берүүгө аракет кылган. Кабарчы убагында Нарындын түрмөсүндө жаткан Батукаевди айрым күчтөр Бишкекке алып келүү үчүн кылмыш дүйнөсүнө катуу таасири бар агездеги Жаныш Бакиевге 5 жүз миң доллар берип көчүртүп келе албай койгонун, эми Көлбаев эл аралык наркобарондордун тизмесине киргизилгенден кийин Батукаев Бишкекке которулат экен деген имиштер тарап жатканын айтып келип, бул боюнча “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбековго кайрылганда ал, мындай маалыматтын кайдан чыгып атканын текшерүүгө алышарын, эгер маалымат чын экени аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөрүн, таасир эткенге аркет кылышарын билдирген жообун берди.

“Кыргыз рухундагы” дагы бир макала Кыргызстандагы микрофинансылоо жагдайынын жаңы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылып, экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов менен Борбор Азиядагы эркин баалар боюнча Институттун деректири Сейитбек Усмановдун ойлоруна окурман көңүлүн бурду.
XS
SM
MD
LG