Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

Так талаш


Гезиттердин баары шайлоо алдындагы абалга талдоо жүргүзгөн макала, интервьюларга басым жасады.

“Асман преss” гезити “Мекен ынтымагы” партиясы президенттикке кыргыздын ишкер, таза жигиттеринин бири Жамалбек Ырсалиевди аттандырганын кабарлады.

Аталган гезит депутат Нариман Түлеевдин “Келдибеков менен Ташиев Айдардан 1 млн. доллар сурашкан” деген ат менен маегин да тартуулады. 7-апрелден кийинки жагдайды эсине салган Нариман Түлеев өзү ошол кезде Москвада болгонун, анан Келдибеков менен Ташиев Москвага учуп келип, ага телефон чалганын, барса Камчы Ташиев, Ахмат Келдибеков, Айдар Акаев үчөө кичине кызуу абалда мончолоп олтурганын, эртеси “Украина” мейманканасына чакырышканын, барса, анда да баягы үчөө олтурганын, эки күн “Ата-Журт” партиясына кир деп үндөшкөнүн, Камчы Ташиев менен Ахмат Келдибеков экөө Акаевдерден 1 млн. сурап, керек болсо Акаевдерди Кыргызстанга апкелебиз дешкенин, ошол жерден Айдар Акаев алтын саатын чечип, Ташиевге белек кылганын, ушу бүгүн да Ташиев Айдар Акаев менен жолугуп, Москвада жүрөт деп угуп атканын, ушунун баарын бүгүн биринчи жолу ачыкка чыгарып атканын кеп кылды.


Бүгүн жарык көргөн “Айат” гезити алакандай кабарларында:

“Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректору болуп педагогика илимдеринин доктору, профессор Искендер Исамидинов дайындалды” деп,

“Бажыкана чоңу Кулматов, МАИчилердин чоңу Поляк, Жалал-Абаддын мурдагы мэри, жана башка дагы биз аттарын билген-билбеген Россиянын жарандары бизди башкарып келетат” деп,

“Ата-Журт” партиясынан төрт талапкер: Камчыбек Ташиев, Марат Султанов, Курманбек Осмонов, Нариман Түлеев президенттик шайлоого аттанды” деп,

“Маркум Муктар Өмүракунов түптөп кеткен “Замандаш” партиясы шайлоодо максаттары таза талапкерди колдоого алышы мүмкүн” деп кабар таратты.

“Айаттын” бул санында Арууке Асылжандын “Максимге сатылбаган чоңдор калган жокпу?” деген,

Бурул Мусабекованын “Элден качкан Өмүрбек Абдрахманов” деген макалалары да бар.

“Де-факто” гезити жаңы санын журналист Жолдошбек Зарлыкбековдун “Ээси жок Кыргызстан?” деген макаласы менен ачты. Автор макаласында азыр кыргыз жаштарынын көбү психикалык мандем менен жашап калганын,

өлкөдө криминалдык турмуш да жайында эместигин, “Водолаз” аты бар Максат Абакиров, карабалталык Алмаз Бокушев, “Лимонти” атыккан Алмаз Сулайманов, абактагы Азиз Батукаев жанданганын, таасир талашуу күч алганын, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Батукаевди түрмөдөн чыгартып, анын тобундагы адамды “мыйзамдуу ууру” атыктыруу аракетин көрүп жатканын,

Кыргызстанда каттоодон өтпөгөн сайттардын дээрлик басымдуу бөлүгүнүн Кыргызстанды жаманатты кылган ээнбаштыгы жетер жерине жеткенин, өзгөчө анын орус, англис тилдүү маалымат булактары “Кыргызстан - өлүп бараткан өлкө”, “Ээси жок Кыргызстан” сыяктуу ири тамгалардан турган макалаларды басмайды көндүм ишке айлантып алышканын,

Кыргыз жеринде өсүп-чоңойгон Александр Князев деген орус журналисти эл-жерди шыбап, Кыргызстанга көө жапмай адатын бүтпөй келатканын,

Ал эми биздин саясат талдоочулар мындай туз ургурларга каршы тиш кайрап, үн чыгарып койгонго жарабаганын,

Ошол эле учурда бир кыргызды экиге бөлгөндүгү үчүн үй түрмөгө кесилген Үсөн Сыдыков “түштүктүктөр, бири-биринер менен тытышпай бириккиле, болбосо ажолукту аркалыктарга алдырып жиберебиз", - деп “былгымасын” кайрадан баштаганын жазып чыкты.

“Де-факто” гезити муну менен бирге “Спикер Келдибеков аялы, сүрөтчүлөрү, доктуру баш болгон 40 кишини алып Малайзияда “эс алып” жүрөт” деген макала басып, анда спикер быйылкы саякат үчүн бюджеттен 8,3 млн. сом коштуруп алганын, ошону менен депутаттар быйыл 18 миллион сом түгөнгүчө саякаттаарын белгилеп, Келдибековду коштоп кеткен 40 кишинин тизмесин шардана кылды.

“Пресс.kg” гезити президенттикке аттангандардын саясый салмагын таразага салган макала тартуулады.

“Алдыдагы президенттик шайлоодо административдик ресурс колдонулушу мүмкүнбү?” деп айрым саясат талдоочулардан сурады эле, буга:

Бекбосун Бөрүбашев: - Каалайбы-каалабайбы, жер-жердеги бийлик органдары, партия мүчөлөрү өз кызматын сактап калуу үчүн аны пайдаланат, анткени алардын тагдыры ошол партиядан чыгып аткан талапкерге байланыштуу болот, - деп,

Токтогул Какчекеев: - Админстративдик ресурс колдонулат, бирок элдин аң-сезими түп-тамырынан өзгөрүлүп калды. Эл кандай инсан президент болсо өлкөнү алга сүйрөп кеталат, ошонусуна карап добушун берет. Мындай шайлоочулар көп болушу мүмкүн деп,

Мирзат Ажиев: - Жашыруун түрдө колдонулушу ыктымал. Ошондуктан административдик ресурсту колдонгон талапкерди жарыштан алып салуу керек. Мындан тышкары экинчи жолу талапкер болбогудай мыйзам иштеп чыгуу зарыл, - деп,

Айсулуу Алымбек кызы: - Мындайларга президент Роза Отунбаева жол бербейт деп ойлойм. Бирок Алмаз Атамбаев президенттикке барса, өз пайдасы үчүн, админстративдик ресурсту колдонушу мүмкүн, - деп жооп берди.

Аталган гезит “Жеп-ичкич соттор кайрадан бийликте” деген макаланы жана жеп-ичкич соттордун тизмесин жарыялады.

“Учур” гезити бүгүнкү санын гезит баяндамачысы Сабыр Муканбетовдун “Ала-качма, лапшагон” деген баяндамасы менен ачты. Журналист анысында шайлоого аттангандардын акыркы аракеттерин талдоого алды. “Бир ууч эл экенбиз, бөлүнбөйлү, кыргыздын бычакка сап баласын түндүк-түштүк дебей, “таш түш, таалайыңдан көр” деп таза шайлап алалы” дегенди дагы эле уга турган адам көрүнбөйт. Бийлик КСДПнын колунда турган менен анын жетекчилигинин чалды-куйду аракеттеринен улам айрыкча Нарын, Көл тарабында ал партиядан айныгандар арбын. Акыбал начар. Эми эмне кылабыз?” деп кейиштүү суроону койду.

“Учурдун” ушул жолку санында депутат Бактыбек Калмаматовдун “Келдибеков депутаттарды мушташууга үндөдү” деген,

Азимбек Бекназаровдун “Сыдыков менен бир топ адамдар камалса болмок” деген баштеманын алдындагы маектерин,

“Ош окуясындагы кылмышкерлер кармалды” деген макаланы жана башкаларды окууга болот.

“Айгай пресс” гезити да шайлоого аттангандарды бутага алуу менен “Адахан жана аппак жиптер”, “Ар-Намыс” интрига, жакалашмай, Бир делегаттын мурду канап...”, “Ата Мекенде” аңырайган жарака”деген макалаларына окурман көңүлүн бурду.

“Ата Мекенде” түндүк бунту” деген ачык кат орус тилинде жарык көрдү. Катка “Ата Мекен” партиясынын партиянын жетекчилигине нааразы болгон Ысык-Ата, Нарын, Кочкор, Каракол, Бишкек, Ат-Башы, Чүй аймагынан 33 киши колун койгон.

Кыргыз тилдүү “Параграф” гезити бул ирет эмнегедир макалаларынын көбүн орус тилинде жарыялады.
XS
SM
MD
LG