Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Кыргызстан канткенде өнүгөт?


Гезиттер Кыргызстандын ички жана тышкы турмушу тууралуу макалаларды тартуулады.

“Алиби” гезити жакындан бери коомчулуктун нааразылыгын пайда кылган спикер Ахматбек Келдибековдун 40 кишиден турган саякатынын айланасындагы “кеп-сөздү” жокко чыгарган “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбековдун “Малайзияга тайраңдап эс алганы барган эмеспиз” деген ат менен маегин жарыялады.

Депутат мырза спикер башында турган парламенттик делегация Малайзияга эле эмес, андан ары Индонезияга да барганын, акыркы кездери бул эки өлкө менен байланыш солгундап калгандыктан ошону жандандырып келишкенин белгиледи.

Кабарчынын: - Барып келүү сапары 10 миллион сомдун башын жутуптур, а сиздер 10 миллион сомдук иш бүткөрүп келдик деп эсептейсизби?-деген суроосуна:

Депутат Мадылбеков: - Инвестиция тартуунун жолдорун караштырдык, кен иштетүү жана курулуш иштерине басым жасадык. Индонезияда соттолгон кыргыз кызы Жибек Сакееваны Кыргызстанга которуу жөнүндө парламент төрагасы Ахматбек Келдибеков атайын кат жазып кийирди эле, тилекке каршы Индоениязынын мыйзамы катуу экен, кесилген адамды которууга болбойт экен,-деп жооп берди.

Депутат ошондой эле коррупциялашкан өлкөлөрдүн ичинен Бакиев учурунда 164-орунга чыккан Кыргызстанга салыштырмалуу Малайзияда коррупция деген жоктугун да кошумчалады.

“Алиби” гезитине андан ары журналист Папан Дүйшөнбаевдин “Прокуратура, тергөө органдарын да тазалоо керек” деген макаласы жарык көрдү.

Кыргызстанда прокуратура жана тергөө органдары тарабынан сотко жөнөтүлгөн иштердин 70 проценти соттук кароодо айыптоо материалдарынын чийкилигинен коюлган күнөөлөрдүн далилденбей калуусу адатка айланганы көрүнүш экендигин, алтургай таптакыр күнөөсүз адамдарды Убактылуу абактар менен кармоочу жайларга жылдап кармап жаткан фактылар барын, бирок мына ушул сотко чейинки иштердин “чалмакейин” чалгандыгы үчүн прокуратуранын жана тергөө органдарынын кызматкерлери эч кандай жоопкерчилик тартпастыгын белгиледи.

Папан Дүйшөнбаевдин жазганы боюнча Батыш өлкөлөрүндө прокурор же тергөөчү даярдаган иштер соттон үч жолу катары менен кайтарылса же соттук кароодо коюлган күнөөлөр жокко чыгарылса, алардын иши андан ары ээлеген кызматтарында иштей алабы-жокпу, ошонусун аныктай турган аттестациялык комиссияга жиберилерин, ал эми ушу кезде кайсыл ишин карабагын коорупцияга кекиртегинен малынган Кыргызстанга да дал ушундай укуктук эреже зарылдыгын, аны киргизмейин сот реформасы ишке ашпастыгын, анткени сот системасы баштан аяк коррупциялашып бүтсө, прокуратура жана тергөө органдарында иштегендер төрөлгөндөн бери эле арам оокатты жеп чоңойгондор экенин, жалаң акчанын жана тааныш-билиштиктин аркасы менен юрфакты китеп окубай бүтүргөндөрдүн “армиясынан” турарын, укук коргоо органдарына жалаң ушундайлардын балдар-кыздары толуп алганын, кыскартып айтканда Кыргызстанда прокуратура менен тергөө органдары коррупционер судьяларды даярдоочу питомниктерге айланганын, өмүр бою арам оокат менен чоңойгон, паракорчулукту көндүм иши катары көрүп калгандар эч качан таза, калыс иштебей тургандыгын дагы бир жолу кашкайта жазып чыкты.

Ушул эле “Алиби” гезити 15-июлда, Бишкектеги Башкы прокуратуранын алдынан белгисиз адамдар 7-апрель окуясы боюнча соттолуп жаткан Улуттук Коопсуздук Комитетинин “Альфа” атайын тобунун кызматкерлеринин, кылмыштуу топтун аталыгы Камчы Көлбаевдин, мурунку милийса министри Молдомуса Коңгантиевдин жана башкалардын кызыкчылыгын коргоп келаткан адвокат Икрамидин Айткуловдун машинесин өрттөп кетишкенин кабарлап, кандуу апрель окуясына байланыштуу сот ишинин эмне үчүн создугуп жаткандыгын талдоого алган макаланы окурмандардын ой элегине салды.

“Фабула” гезити “Бостери окуясы бузукулардын куралына айландыбы?” деген макаланы басып, азыркы күндө ак-карасын айырмалабай туруп чууга айлантылган маалыматтар өлкөдөгү туруктуулукка дайыма кедергисин тийгизип келатканын, Бостеридеги окуя да ушундай болгонун, Ысык-Көл өрөөнү акыркы кездери уюшкан кылмыштуу топтун уюгуна айланып баратканын, жайкы мезгилде эс алуучулардан эң көп суммадагы каражат ушул жерден түшөрүн, ошондуктан уюшкан кылмыштуу топ өз “шыбагаларын” бөлүп калуу үчүн ар кандай карөзгөй иштерди жасап келатканы биринчи жолу болуп жатпагандыгын жүйөгө тартты.

Ошол Бостеридеги чууга байланыштуу митингге катышкан адамдардын 70 проценти өздөрүнүн айылдаштарынын абалын билүү максатында чогулган карапайым адамдар болсо, 30 проценти кызуу абалдагы “провокаторлор” болгонуна, алардын катарын Камчы Көлбаевдин бир тууган иниси уюштуруп алып келген жаштар түзгөндүгүнө, ушу кезде жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлерине ыраазылыктарын айтып жатышканына токтолуп, Көл аймагындагы уюшкан кылмыштуу топтордун буга чейинки кылган кылыктарынын бетин ачып берген.

“Кыргыз туусу” гезити ырасмий маалыматтардан тышкары журналист Дайырбек Меймановдун “Каттоо коррупциянын очогу болуп калды” деген ат менен макаласын тартуулады.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев кабарчынын суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстан сыяктуу кенедей өлкө үчүн 20 жыл чоң мөөнөт экендигин, мындай өлкөлөрдүн өнүгүп кетүүсүнө 10 эле жыл кетмектигин, мунун мисалын Малайзия менен Сингапур өлкөлөрү эң сонун далилдеп тургандыгын, азыр 35-45 жаштагы, чет өлкөлөрдөн же биздеги чет өлкөлүк жогорку окуу жайларынан билим алган, кандайдыр бир тажрыйба топтогон жаш, мыкты адамдар жетиштүү болуп калгандыгын, бүгүн бийликке дал ушулар келиши керектигин, булар бийликке келмейин, Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев убагында алар менен чогуу иштеп, алардын жеке үй-бүлөлүк бийликтерин чыңдоого салымын кошкондор кайрадан бийликке умтулуп жатканын, кокус кайра эле ушулар бийликке келсе, Кыргызстан коррупцияланган өлкө бойдон, өнүкпөгөн өлкө бойдон, ушул таз кейпинде кала берерин айтты.

Окумуштуу Дөөлөтбек Сапаралиевдин тарыхый баяны “Кыргыз элчилеринин Бейжинге барышы” деген ат менен окурмандарга тартууланды.

Журналист Бермет Маткеримованын сапар баяны “Жашасак нансыз жашайбыз, “Манассыз” жашай албайбыз” деген баштема менен жарык көрүп, Кытайлык кыргыз туугандарга барганы кызыктуу баяндалган.

Адабият жагдайына арналган бетте жазуучу Калканбай Ашымбаев, акын Алик Акималиев жана жаңыдан жарык көргөн китептер жөнүндө сөз болот.
XS
SM
MD
LG