Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Аянттын артында


Гезиттер №1 жаңылык катары “мыйзамдуу ууру” аталган Камчы Көлбаевдин кармалышын кабарлап, андан ары өлкөнүн шайлоо алдындагы “турмушун” талдоого алды.

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары кылмыш дүйнөсүндө “мыйзамдуу ууру” таажысын кийип келген Камчы Көлбаев менен анын жан жөкөрү Алманбет Анапияевдин Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында араб полицейлери тарабынан мурдагүнү кечке жуук кармалганын кабарлады.

Бул тууралуу маалымат берген “Алиби” гезити эгер каалоо болсо кимди болбосун кармап келсе болорун, эгер бул бийлик Көлбаевди кармоо менен эле чектелип калса, курман болгон 90 жигиттин арбагы тынч уктатпасын, себеби бүгүн кылмыш лидерлерине караганда эл байлыгына, мамлекеттин казынасына колун жайма-жай салып коюп, калайык калкты каратып туруп жеп жаткан жеп-ичкичтер алда канча коркунучтуулугун, анткени кылмыш лидерлери байлардын байлыгын тартып алса, аткаминерлер карапайым калктын канын соруп жатканын, ошондуктан казынга кол салгандарды Кытайдагыдай кылып өлүм жазасына тартса, президент, депутат болом деп азыркыдай жулунган алдым-жуттум кыргыздар кан буугандай токтоп, чындап эл деп күйгөн азамат келер беле деп каңырык түтөттү.

“Алиби” гезити андан ары кылым курулушу аталган Камбар-Ата ГЭСи бүгүн бир киловатт да ток бербей токтоп калып, суусу талаага агып, суткасына 10 млн. сом жоготууга учурап жатканын маалымдады.

Гезит ошондой эле “Байды көптүргөн байлыгы”, “Мамлекеттик бюджетке мамлекеттик эмес мамиле” деген макалаларды басты.

“Жаңы агым” гезити “Бүгүн-эртеңден түштүктүн кыйындары чогулуп, Адахан Мадумаров, Марат Султанов жана “чоң муштум” Камчыбек Ташиевдин бирин жарышка ат салышууга тандайт” деген кабар таратты.

Акын Зайырбек Ажыматов Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун “Жалгыздык ыры” аттуу жаңы ыр жыйнагы тууралуу макаласында акындын бул жыйнагы поэзиянын чоң жеңиши катары бааланууга акылуу жана Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка толук арзый турган жыйнак экендигин кеп кылган. Эл баатыры Сооронбай Жусуевдин буга карата баалуу ой-пикирин мисалга тарткан.

Пенсионер Касым Исаев “Апрель окуялары адекваттуу баасын алдыбы?” деген макаласын жарыялап, апрель окуясы кантип уюштурулганын, ошол кездеги оппозиция генерал Мирослав Ниязовдон кандай кеңеш сураганын биринчи жолу окурмандарга шардана кылды жана макаласын аяктап баратып: “Ошентип кечээки бири-бирине кайнаса каны кошулбаган тараптар - “революционерлер” менен “реваншисттер” бийликке жетип, анан бийликти эт жасаган табактай устукандап, бөлүп алышкандан кийин, ошол элдик трагедияны уруп ойнобостон өз ара тил табышып алышкандай. Ушинтип азыркы бийлик Акаев-Бакиев бийлигине эгиздей окшошуп калды” деп жазды.

Гезит айрым жарандарга кайрылып: “Президенттик шайлоодон кийин Кыргызстан түндүк-түштүккө бөлүнүп кетиши ыктымал дешет. Буга кандай дейсиз?” деп суроо алды эле:

Коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев: - Мындай болушуна ишенбейм,-деп,

Вице-спикер Асылбек Жээнбеков: - Кыргызстандын мамлекет катары сакталышын каалабаган күчтөр ушундай ушактарды таркатууда. Эл эч качан экиге бөлүнбөйт,-деп,

Генерал Өмүрбек Субаналиев: - Элди экиге эбак эле бөлүп коюшкан. Биз муну токтотушубуз керек,-деп,

Депутат Анвар Артыков: - Биздин саясатчылар өзгөчө шайлоо учурунда түндүк-түштүккө бөлмөйдү курал катары пайдаланышат. Бирок мындан Кыргызстан тең экиге бөлүнүп кетпейт,-деп жооп берди.

“Фабула” гезити келе жаткан 7-август күнү “Ата Мекен” партиясынан президенттик жарышка Өмүрбек Текебаев аттанмай болду” деп,

“Ушул аптанын башында, Көл өрөөнүнүн аттуу-баштуу адамдары Бексултан Жакиев, Өкмөтбек Алмакүчүков, Турсунбек Чыңгышев, Султан Урманаев жана жаштардын өкүлдөрү чогулуп, депутат Жылдыз Жолдошеванын “Курманжан датка” фондун шылтоо кылып, элди Түндүк-Түштүк кылып бөлүп-жарып жаткансыганы акылга сыйбас иш экендигин белгиледи” деп кабарлады.

“Бизде кызмат менен кошо адамдар да сатылат” деген ат менен экономика доктору, профессор Айылчы Сарыбаевдин маеги жарык көрдү.

Айтылуу экономист азыркы экономикалык абал тууралуу баяндап, 20 жылдан бери этектен тартып тургузбай жаткан башкы көйгөй уурулуктун мамлекеттик деңгээлге дейре жеткенин, казынаны тоноо, салык төлөбөө, кызматты сатмай, сатып алмай деген коррупциялык илдет көндүм болуп калганын, ушулар токтомоюн бийликке кандай адам келсе да мамлекетти башкара албастыгын, учурда көмүскө экономика деген 60 пайыздан 80 пайызга чейин жеткенин, көмүскө экономика деген мамлекеттик бийликти пайдаланып, өзүнүн бизнесин жашырып-жабуу дегенди билдирерин, мына ушул кылмыштын үстүндө отургандар жоопкерчиликке тартылбай бийликтен бийликке конуп, сайрап отура берсе өнүгүп-өсөбүз деген ой-тилек жомок бойдон кала берерин айтты.

“Кыргыз туусу” гезити жаңы санын “Өкмөт башчысынын жолугушуусу жемиштүү болду” деген баштема менен ачып, Атамбаевдин Путинге барып жолугуп, күйүүчү майдын тагдырын сүйлөшкөнүн маалымдады.

“Кыргыз туусу” гезити андан ары “Жаңы имараттар көлгө көрк кошот”, “Бизнести өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлөт”, “Өндүрүмдүүлүгү эки эсе жогору” деген макалалардан тышкары журналист Жыпар Исабаеванын Ала-Бука районундагы Көк-Таш айыл округу, андагы өзбек-кыргыз чек ара маселеси тууралуу барып жазып келген баянын тартуулады.

Уланбек Эгизбаев аттуу автордун макаласы “Насыбай эң арзан, эң зыяндуу баңгизат” деген ат менен жарыяланып, айрым маалыматтар боюнча Кыргызстандагы эркектердин 8 пайыздан ашууну насыбай чегерин, мунун 75 пайызын элеттиктер түзөрүн, насыбай тарткандардын 75 пайызы баткендиктер болорун, Бишкек шаарында 2 жарым пайыз окуучу насыбай тартарын, насыбай тартуу тукумсуздукка алып келерин кеп кылган.

Ошол эле учурда Баткендин бир тургуну автордун бул оюна каршы болуп, насыбай тукумсуздукка алып келери чын болсо эмгиче баткендиктер эбак кырылып калмагын, тескерисинче баткендиктердин баарынын 7-8ден бала-чакасы барын, өзүнүн 11 балалуу 82деги атасы эмдигиче насыбай атып келетканын, бул насыбайга каршы тамкеи өндүргүчтөрдүн эле чыгарган антирекламасы болуп аткандыгын айттты.

Макаласын автор кандай болгон күндө да насыбайды өндүрүүнү жана сатууну мамлекет өзү көзөмөлгө алуусу керек деген ой менен жыйынтыктады.

“Кыргыз туусу” гезитиндеги дагы бир макала “Судьялар менен прокуратура кызматкерлери К.Бакиевдин бийлигинин кайрадан келишин күтүп жатышат окшойт...” деп аталып “Ысык-Көл инвест банкы” тууралуу сөз кылды

Турусбек Солтобаев аттуу автор макаласында Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылындагы жашоо-турмушту баяндаса, Анара Арзыбай кызы Тогуз-Торо районундагы Макмал алтын кен комбинатынын ишин кеп кылган.
XS
SM
MD
LG