Өлкөнүн түштүк аймагына жасаган иш сапарын Беткендин Кадамжайынан баштаган өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев жер титирөөдөн жапа чеккен жерлерди кыдырып чыкканын жазып чыккан “Кыргыз туусу” гезитинин кабарчылары макаланын атын “Цемент арзандатылган баада сатылат”, “Төрөт үйү ремонттон өткөрүлөт”, “Курулуш бир жарым жылда бүткөрүлөт” деп атап, премьер-министрди ссуда алалбай жүргөн жарандардын көйгөйү да кызыктырганын, мындай тагдырга туш болгондор өлкө боюнча 11 миңге жетерин, бул маселе жыл аягына чейин чечилерин айтканын кабарлашты.
Айгүл Атабекова макаласында канча жылдан бери жалаң гана ызы-чуу менен даттануулардын борборуна айланып кеткен каттоо, же паспорт маселесин кайрадан козгоду.
Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы, илимдин доктору Алтай Бөрүбаевдин чыныгы илимпоздорду аныктоо үчүн антиплагиат программасын киргизгени жатканын баяндаган журналист Бермет Маткеримованын макаласы, быйыл мугалимдик кесипти тандаган абитуриенттер арбын болгонун айтып чыккан билим берүү жана илим минстри Канат Садыковдун маеги да ушул санда.
Гезитке тарыхчы, таланттуу жазуучу Арслан Койчиевдин окурмандардын кызыгуусун туудурган “Мисмилдирик” романынан үзүндү басыла баштады.
Жарыкка чыккан “Жаңы агым” гезити Алайдагы аш саясатын чымчылаган кабарында “Оштун мэри “Ош окуясы боюнча өзбектер үч китеп чыгарды. Кимиңер жооп кылдыңар? Мына мен жооп бердим, мен жаздым” таризинде Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибековду зекигени, кыскасы папандык Мырзакматов Алайдан чыккан баатырга эстелик тургузуп, Алай декларациясын кабыл алып, кыргызстандыктарды ынтымакка, биримдикке чакырганы Марат Султанов, Ахматбек Келдибеков сыяктуу эрендердин ичин туз куйгандай ачыштырса керек. Баса спикер Келдибеков сүйлөп жатып “Алымбек датканы кимдер кандай мыкаачылык менен өлтүргөнүн биз билебиз, унута элекпиз” дегенде Мираждин Зулпуев баштаган лейлектик аксакалдар маанайы түшүп, боз үйгө кирбей узап кетишкенин көргөндөр айтышты” деп,
“Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамдирекциясынын башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин эл “билбеген” өнөрү күч органдарына жеткенин эшиттик. Башкасын айтпаганда да анын бир жыл ичинде эле баасы 100 миң доллардан ашкан ок өтпөс машина сатып алып, жакындарына мамдирекциянын эсебинен килейген особняк курдурганы кызыктырууда” деп,
“Өткөндө 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов түн жамына Таласка барып губернатор Койсун айымды ээрден шыпырып түшүүгө аракет жасап, кой деп коёр кожо табылбай жатканда муну Өмүрбек Текебаев менен Болот Шер билип калып токтотту, ошентип Курманалиеваны кудай сактады” деп кабар таратты.
“Жаңы агымга” журналист Алым Токтомушев “Улутчулдук” деген макаласында патриоттуулук менен улутчулдуктун айырмасы менен жакындыгын талдоого алды.
“Жаңы агымдын” жаңы санынан Соң-Көлдө өткөн Куйручуктун тоюн өз көзү менен көрүп келген журналист Кудрет Тайчабаровдун “Той да бүттү...” деген макаласын, тажик-кыргыз чек арасынын көйгөйүн сөз кылган Назгүл Калмамбетованын “Тажиктер сурабай эле беш километр бери кирди” деген аталыштагы Чоң-Алайдан Бишкекке келген Абдилла Насиров менен маегин окуйсуздар.
“Фабула” гезити аз күн мурда президент Роза Отунбаева менен премьер-министр Алмазбек Атамбаев жолугуп, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн экинчи этабын баштоо керектигин сүйлөшкөнүн, былтыркы шайлоодо криминал катуу киришип, кээ бир депутаттарга жардам бергендиги жөнүндө көп айтылганын, “демек криминалга таянып алып кутуруп жүргөн далайлардын беткабы сыйрылып, абийирлери төгүлсө, анан кылмыш жообуна тартылса, башкаларга эн сонун сабак болот эле” деп маалымдады.
Жогорку Кеңештин төрагасынын Түркияда же Дубайда жүргөнүн биле албай башы каткан “Фабула” гезити былтыркы парламенттик шайлоонун алдында Токмок шаарынын “Кочевник” деген ресторанында “Ата Журт” партиясы Көлдөн Көлбаев, Алайдан Анапияев баш болгон өлкөнүн “менмин” деген криммыкчыгерлерин чайга чакырып, алардын батасын алгандыгын, аталган партия дал ушул “кара дүйнөнүн” колдоосу, коргоосу менен Жогорку Кеңешке жойлоп кирген деген кеп-сөздөрдүн аягы бүтпөй келатканын, эми келме кезек келип, каралар парламенттеги ишенген кожолордун колдорунан эч нерсе келбей калганын көрүп “салам дуба” айттыра баштаганын, ошентип “биз бийликке жетсек кыйратабыз” дегендердин бүгүн тиштери титиреп, тизелери калчылдай баштаганын жазып чыкты.
“Алиби” гезити бүгүнкү санын “Бакиевдер жашыруун планын тымызын ишке ашырууда” деген маалымат менен ачты. Анда Максим менен Жаныш Бакиевдин алдыдагы шайлоодо кандай жүрүштөрдү пландап жаткандыгы айтылат.
Журналист Папан Дүйшөнбаев макаласын “Канатчан аял эми каякка барат?” деп атап: “... өкмөттүн Борбордук аянттагы эркиндиктин символу делинип, жакындан караганда бет түзүлүшү эстен кеткис Майрам Акаеваны эске салган, жөн отурбай этек алдына жумуртка басып отурган канаттуу аялдын эстелиги алынып, ордуна Айкөл Манастын атчан эстелигин орнотулушу эң эле туура. Манас биз үчүн эркиндиктин гана эмес, баатырлык, биримдик, мамлекеттүүлүк, калыстык, кечиримдүүлүк сыяктуу сапаттардын, түшүнүктөрдүн символу болуп саналат. Бул чоң жеңиш” деп жазды.
"Мегакомдун" бүтпөгөн талашын талдоого алган Темирбек Алымбековдун макаласы “Ар башка атты жамынган эки компаниянын түбү Максим Бакиев менен киндиктеш чыгып жатат” деген ат менен жарык көрдү.
Сузактын Кызыл-Туу айлынын тургуну Махабархан Базарованын өлкө жетекчилери Роза Отунбаевага, Ахматбек Келдибековго жана республиканын Башкы прокурору Аида Саляновага жолдогон “Кызымды уурдап, күңчүлүккө сатууга аракеттенгендер качан жазаланат?” деген кайрылуу каты дагы гезиттин ушул санында.
Катта 2009-жылдын 18-февралында мектепте окуган кызы сабакка бара жаткан жеринен класс жетекчиси Миргүл Жусуматова деген мугалимдин жардамы менен уурдалганы, анан Казакстанга же Кореяга күңчүлүккө сатылганы жаткан жеринен таап келгени, бирок күнөөлүүлөр мыйзамдуу жазаланбай, сот иши созулуп келатканы, айыпталып жаткан Нургүл Ысмайылованы Сузак райондук сотунун судьясы соттук отурмга 8 жолу чакыртып келтире албай койгону тууралуу баяндалган.