Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Гезиттер: Ким кимге кошулат?


Гезиттердин башкы темасы шайлоого аттанып бараткандар жөнүндө болууда, ошону менен бирге эле өлкөнүн социалдык-экономикалык жагдайы боюнча да маалыматтар бар.

“Жаңы агым” гезити “спикер Ахматбек Келдибеков Алмазбек Атамбаевди колдомок болуптур” деп,

“Көл жээгиндеги эс алуучу жайдын ээлери президент Роза Отунбаевага кайрылуу кат жолдомокчу болууда, көрсө президенттин жанындагы таасирдүү фигура пансионаттардын кожоюндарынан айына “салык” саап турат экен” деп,

“Ошто Жаныш Бакиев президенттикке талапкерлердин бирине миллиондогон доллар берип, 30-октябрда чуу салууга буйрук кылыптыр деген кеп тарады. Кызык, Бакиевдердин кызыкчылыгы үчүн кызыл кыргын салууну көздөгөн берен ким болду экен? Кеңешбек Дүйшөбаев жетектеген кызмат телефон тыңшап эле олтура береби?” деп,

“Мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов бул жолу Камчыбек Ташиевдин командасына кошулат деген сөз бар” деп,

“Эл өкүлү Марат Султанов Орусияда. Ал жактан Кремлдин кыйындарына жолугуп сүйлөшөт. Ал ошондой эле тунгуч президент Аскар Акаевдин кабыл алуусунда болуп, алдыдагы шайлоо тууралуу маслеттешет. Жолугушууну бир тууган иниси Омар уюштуруп жатканын унутпагыла” деп кабар таратты.

Алдыдагы шайлоо кандай өтөрүнө дүрбү салган саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев:

- Негизинен президенттик шайлоодо Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин жааты жана Алмаз Атамбаевдин командасынын ортосунда айыгышкан кармаш жүрөт. Реваншисттик күчтөр жеңишке жетиш үчүн бардык аракетин жасайт, керек болсо ызы-чуу салганга чейин барат. Парламенттеги 5 фракциянын төртөө КСДПга биригет. Саясий элитанын дээрлик 40 пайызы Атамбаевге ыкташы ыктымал. Башаламандыкты токтотуунун жападан жалгыз жолу - шайлоону таза өткөрүү. Бирок сөзсүз эки тур,-болот деп айтты.

Ушул эле санда “Жолдошевага жооп” деген рубриканын алдында “Ысык-Көлдөгү жер Жолдошеванын жеке кызыкчылыгына кызмат кылабы?” деген ат менен Ысык-Көл коомдук фондунун мүчөлөрү Бейшебек Акунов, Турсунбек Чыңгышев, Султан Урманаевдин каты жарык көрдү.

Журналист Баратбай Аракеев “Фабула” гезитинин бул жолку макаласында кыргыз парламентинин төркүн-төсүн талдоого алып, президенттик башкарууну элге желмогуздай жек көрсөтүп кеткен эки президент Акаев менен Бакиев болгонун, ошондуктан бийликте жүргөн саясатчылар элге парламенттик башкаруу дегенди алып келгенин, парламент элдик башкаруунун мисалы болуп көрүнгөнү менен иш жүзүндө элдик бийликти деле толугу менен чагылдыра албай жатканын, анткени парламентке келген беш партия биригип, жалпы шайлоочулардын добушунун араң 40 пайызга жакынын гана алганын мисалдап, андан ары бийликтеги партияларга мүнөздөмө берди.

Автор ошону менен бирге эле өлкөнүн биринчи адамы болгусу келипби, спикер Келдибеков өз ишин жөндөй албай жатып, президент Отунбаевага сын тагып, антип эле тим болбуп калбай асылып келатканы ага жигиттик абийир алып келбей эле тескерисинче абийирин төгүп жатканын, Роза Отунбаеванын кадыр-баркы, билими, чет өлкөдөгү кадыры барган сайын бакиевчилердин ичин өрттөп, аны кандай да болбосун жаманатты кылууга жан үрөтүп турганын сынга алды.

Ушул эле гезит “Бишкек шаарын Манас шаары деп өзгөртүүгө көз карашыңыз?” деген суроо менен чыгармачыл адамдардын айрымдарына суроо салды эле:

Ырчылар Сыймык Бейшекееев, Каныкей Эралиева, Алтынбек Сапаралиев, актер Табылды Актанов, кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров шаардын Манас деп аталышын колдой тургандыгын айтса,

Манасчы Рыспай Исаков: - Буга макул эмесмин. 1-ден, борбор калаа Манас деген атты алып жүргөнгө татыктуу эмес. Мен “Манас шаарында адам өлтүрүлдү, сойку кыздар денесин сатып турат, кимдир бирөөлөр уурулук кылды” деген сөздөрдү уккум келбейт. Манастын атын ар кай жерге койо бергенден абайласак,-деп,

Ырчы Жамиля Муратова: - Манастын атын коюу менен аны даңазалай албайбыз, тескерисинче кадырын кетирип, деңгээлин түшүрүп алабыз, ошон үчүн каршымын,-деп,

Ырчы Гүлсүн Мамашева: - Мен улам эле бир ат коюп, кайра аны алмаштыра бергенге каршымын,-деп жооп берди.

“Алиби” гезити жаңы санын Тынчтыкбек Алтымышевдин “Чыт курсактар, чуркагыла!” деген ат менен шайлоого аттангандарды сынга алган макаласы менен ачты.

Гезитке мурдагы “акжолчу” депутат Улугбек Ормонов маек куруп, ошол кездеги Бакиев төрагасы болгон бул партия кандай жол менен түзүлгөнүн, кимдер түзгөнүн, азыркы “Ата Журт” партиясын ошондо шайлоого “Ак жол” менен барасыңар деген сунуш болгонун, атын “Ата Журт” деп Садыр Жапаров койгонун, А. Келдибеков, К. Ташиев, С. Жапаров жана өзү “Ак жолго” кошулуп депутат болушканын, ошентип кечээ “Ак жолдун” батасын албайбыз дегендер бүгүн аны менен иштешип жатканын кеңири баяндап берди.

Академик Абдылдажан Акматалиевдин маеги “Айтматов “Манасты” кара сөз түрүндө жазайын деген, бирок...” деген ат менен жарыяланды.

“Жергеталга жардам керек” деген кайрылуу катка 230 адамдын колу коюлуп, Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздар оор абалда калганы, тезинен жардам берилбесе абалы кыйындап баратканы айтылат. Кат президентке, спикерге, премьер-министрге багышталган.

“Кыргыз туусу” гезити журналист Мамат Сабыровдун Курманжан датка тууралуу китеп жазган журналист Саадат Муратова менен маеги даткайымдын элибизге белгисиз жактарын, маселен анын сабаттуулугун, кат жазган учурлары болгонун, акын жандуу адам экенин далилдүү фактылар менен ачып берүүгө аракет кылган.

Дайырбек Меймановдун макаласы “Каттоо карапайым элди толгон токой түйшүккө салууда” деген ат менен басылып, паспорт маселесинин айланасындагы көйгөйдү дагы бир жолу жазып чыкты.

Журналист Мырзакат Тыналиев сотторду тандоо талаш-тартыш менен өтүп жатканын сөз кылды.

Ушул эле “Кыргыз туусу” гезитине Кыргыз республикасынын кесипчилик-техникалык билим берүү тутумунун эмгек ардагерлеринин кайрылуусу жарык көрдү. Кайрылууда кесипчилик-техникалык билим берүү тутумун Миграция министрлигинен бөлүп, мурдагыдай эле өз алдынча комитет же агенттик кылып чечип берүү жагын бийлик башындагылардан суралган.
XS
SM
MD
LG