Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Гезиттер: шапка менен папка


Кыргыз гезиттери өлкөнүн ички-тышкы турмушундагы окуяларды жана шайлоого байкоо салган материалдарды басты.

Бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити президент Роза Отунбаева журналисттер менен бир жолку жолугушуусунда “бул парламент эми сотторду да өз-өз фракциясына бөлүп алып, баягы эле жеп-ичкендерди шайлап салбагай эле” деп көсөмдүк менен айтканын эске салып, “Мегакомдун” иши боюнча 7 млн. долларды жеп кетти деген 3 соттун сонун өтүп кеткенин, таза эмес соттордун өтүп кетиши, аларды тандаган тандоо кеңешинин да таза эместигинен кабар берерин, маселен президент өз буйругу менен алып салган Эркин Токтомамбетов менен Канат Турганбековдун кайрадан шайланып келиши эле тандоо кеңеши аттанары менен эле ажого каршы иштей баштаганын көрсөтөрүн, эми булар кайрадан президенттин элегинен өтүп, парламентке барарын, бирок коомчулук козголуп, акыркы сөзүн айтпаса, Кыргызстанда акыйкатты эми биротоло акчага сатып аларыбыз гана калганын жазып чыкты жана тандалган соттордун тизмесин жарыялады.

Журналист Айбек Шамшыкеевдин макаласы “Баасы жок кендердин арзанга бааланышы” деген ат менен тартууланса, Алмаз Темирбек уулунун макаласы “Кайсы жетишкендигибизди айтып сыймыктанабыз?” деген ат менен жарыкка чыкты. Макала өлкөнүн 20 жыл ичиндеги басып өткөн жолуна кыскача байкоо салган.

“Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев кадыр-баркынын баягыдай эмес экендигине карабастан ажолукка аттанганын белгилеп, айрым саясат талдоочулардын ойлоруна орун берди.

Маселен саясат талдоочу Кубанычбек Өмүралиев: - Текебаевдин жеңишке жетери күмөн,-деп,

Саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев: - Парламенттик башкарууну кийирип, өзү жазган Конституцияда эл шайлаган президенттин укуктарын кесип-бутап, мамлекет башчысынын деңгээлин өтө төмөн түшүргөн киши шайлоого аттанып, президент болчумун дегени Текебаевдин көз карашынын бир жерге токтобой калганын билгизет,-деп,

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев:- Текебаевди эл колдоор-колдобосу белгисиз, ал кадыр-баркын жоготуп алды,-деп жооп берди.

“Алиби” гезити мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын мурдагы башчысы Ташбоо Жумагуловдун “Мен "Бакиевди коргойм" деп айткан эмесмин” деген аталыштагы маегин жарыялады.

Анысында Бакиев тууралуу Ташбоо мырза деги эле андай деп айтпаганын, бир гезиттин кабарчысы андан “сизге кимдер жагат?” деп сураганда “мага кимдер кыргыз тилинин өсүп-өнүгүшү үчүн кам көрсө, ошол жагат, мен аларды автомат менен коргоого даярмын” деп жооп бергенин, журналист аны башкача кылып бурмалап салганын, анын элчилик кызматтан кетүүсүнө ушул сөз гана себеп болгонун кеп кылуу менен, мурдагы тил сынагында Темир Сариев менен Алмаз Атамбаев сыноодон эң мыкты өткөнүн, ал эми айрымдар жаттап келген текстти кайра жазуудан эле ондон ашуун ката кетиргенин кошумчалады.

Ушул эле “Алиби” гезити бүгүнкү санына Чолпон-Ата шаарында жашаган, али китеп окуганды биле элек, 5 жаштагы манасчы Үмөт Дөөлөт уулу менен маекти окурмандарга тартуу кылды.

Беш жаштагы манасчы Үмөттүн атасы өздөрү Нарындан болорун, баласы үч жашынан, оозунан упчу түшкөндөн тартып “Манас” айта баштаганын, 15 мүнөт тынбай айткандан кийин чарчап каларын, мындан эки ай мурун 400-500 сап айтса, азыр улам көбөйтүп баратканын, Түркиядан, Кытайдан чакыруу келип атканын, бирок азыр ал кичинекей болгондуктан барууга болбой тургандыгын кеп кылды.

Ушул эле санга мурдагы депутат Кубанычбек Исаковдун “Жетим-Тоо, Сандык, Терек-Сайдын кытайларга берилиши кыянаттык!” деген ат менен маеги басылды.

“Алиби” гезити Максим Бакиев латвиялык бизнесмен досу Валерий Белокондун колу менен “Манас” банкын кайрадан тартып алуу аракетин баштап, ар кандай провокациялык билдирүүлөрдү жасап жатканын, бул маселени ичтен былгытып, Максимге жан тарткандар да болушу ыктымалдыгын маалымдады.

“Кыргыз туусу” гезити журналист Нарынкүл Назаралиеванын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин аракеттерин баяндаган макаласы менен жаңы санын ачты.

Макалада өкмөттүн жарым жыл ичинде жасаган иштери жөнүндө кеп болот. Кабарчы Атамбаевдин “Уюшкан кылмыштуу топ башчыларынын дээрлик баары же темир тор артында отурат, же өлкөдөн тышкары жерлерде качып жүрөт, кылмыштуу топтор менен күрөш ушундай курч өтөрүнө мурда эч ким ишенген эмес” дегенин шилтеме кылып, өкмөт жогорулаткан маяна мындан ары кыскарбастыгын, алар өсүүнүн гана үстүндө болорун, 1-сентябрдан тарта мектеп менен ооруканалардагы кичи персоналдардын айлыктары көбөйөрүн, пенсионерлердин пенсиясын көтөрүү жагы каралып жатканын, ушул жылдын биринчи жарымында былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда бажы жыйымы 30 пайызга арбын жыйналганын, буга Казакстан менен Орусиянын жетекчилери да таң калып атышканын, келерки жылы мамлекеттик 3 ири программа ишке кирерин жазып чыкты.

Журналист Бермет Маткеримова макаласын “Мекендештерибиз тарткан азап, жон териден табылган миллиард” деп атап, эгемендикке жеткен 20 жылдын ичиндеги миграция маселесин талдоого алды.

Ушу тапта Орусиянын жарандыгын алгандардын саны 200 миңден ашып кеткенин, Кыргызстан Москвага ай сайын миңдей адам иш издеп жөнөрүн, тарткан азап-тозокторуна кайыл болгон эмгек мигранттары өткөн жылы Кыргызстанга 1 млрд. 200 миң АКШ долларын банк аркылуу которгонун, бул акча өлкөнүн ички дүң жыйымынын үчтөн бирине барабар экендигин жана башка жагдайларды баяндады.

Ушул эле “Кыргыз туусу” президент Роза Отунбаевага Казакстан Журналисттер союзунун “Басма сөзгө көрсөткөн колдоосу жана журналисттер менен мамиле түзө билүүсү үчүн” сыйлыгы тапшырылганын, Кадамжай районундагы туулуп-өскөн айылында Апсамат Масалиевдин эстелиги тургузулуп жаткандыгын маалымдады.
XS
SM
MD
LG