Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Гезиттер: Президентстан


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин көңүл борбору президенттик жарышка аттангандар, шайлоо жана башка маселелердин айланасында болду.

Жаңы эле жарык көргөн “Чоң казат” гезити “Кызматы өскөн сайын арааны ачылгандар” деген макалага окурман көңүлүн бурду. Макалада товардык рынокто элдин сатып алуучулук жөндөмү абдан төмөн түшүп кеткенин, аны менен кошо ишкерлердин да супсуну сууп баратканын, мисалы коңшу Казакстанда унаанын баасы өсүп кеткени биздин авторынокто жанданууну пайда кылганын, албетте мындан Кыргызстан утуп жатканын, бирок ушундан улам казак-кыргыз чегинен авторынокко чейинки аралык чочоңдогон "шапкечендер" менен "бапкечендерге" толуп кеткенин, ким эле болбосун, укугу бары-жогуна карабай, текшерүүчүгө айланып, эптеп эле тыйын өндүрүп калмай далбасасына жанталашып киргенин кеп кылды.

Чын-чынына келгенде, мындай текшерүүчүлөрдүн кенедей акысы да, укугу да жок. Бирок биздей “башы жок бака, көзү жок көгөнгө” айланган өлкөдө укугуңду уруп ойномок беле, күндү күн дебей, түндү түн дебей, кан жолдун боюнда айдоочуларга кайырмак ыргыткандардын саны кырса түгөнгүс. Көрсө баары “доляда” же кыргызча айтканда үлүштө отурат экен. Эгер ушундай “бардак” улана берсе өлкөгө туристтер менен челноктор баш бакпай калары, келип аткан мыйзамдуу акчанын жолу буулуп калары турган иш. Непадам, ушундай доосу күч “үлүшкө” өрт өчүргүчтөрдөн тартып, санэпидемстанциядагыларга чейин алакандары кычышып тургандардын баары отурчу болсо, анда эртең эле Кыргызстандын өзү отурган бутагы кыйрап түшөт, анткени ансыз да экономикасы араң отурган ач бутак мунун баарын көтөрө албайт.

“Чоң казат” гезити андан ары, "революциялардын бульдозери" атыккан айтылуу Азимбек Бекназаров жакында ыплас акчалар бизде кандай жолдор менен мыйзамдаштырыла турганын коомчулукка ачык айтканын, мындай жолдор мамлекетте айрыкча акыркы он жылда аябай күчөп кеткенин, бул мезгил аралыгында ошол кездеги кыр мурут лейтенанттардын алды полковник, арты майор болгонун, бирок алардын погонунда жылдызы көбөйгөнү менен акылы көбөйбөгөнүн, карапайым элдин, кыргыз улутунун шору эмнеде экенин көрсө да көрмөксөн болуп, баягы эле көнгөн адаттарына жараша иш кылып келатканын, кыргыз мындай азап-тозокторго арманын аттын башындай кылып чыдай берерин, чыдай берерин, анан кайнап отуруп, бир күнү күтүүсүз вулкандай болуп жер үстүнө атылып чыгарын, так ушундай болгонун өз өлкөсүнөн дыргаяктап качып чыккан мурдагы эки президенттерден улам жакшы билерибизди, бирок тилекке каршы өткөн иш өкүмү зордуктарга дагы эле сабак болбогонун айтуу менен акча жыйнагычтардын “үстүндө” отурган чоңдорго, анын үстүндө отурган бийликтегилерге эскертти. Аталган макала “Автотрафик” деген баштеманын алдында жарык көрдү.

Ушул эле гезит “СУАРдын темир жол сабактары” деген ат менен саясат иликтөөчү Абдрахим Хапизовдун макаласын жарыялады. Анда кытай-кыргыз темир жолу тууралуу сөз болуп, учурунда коңшулаш европалык мамлекеттерге баскынчылык жүрүш жасоо алдында бийликке келген Адольф Гитлер стратегиялык маанидегеи кенен жолдорду кура баштаганын мисалга тартып, Кытайдын Кыргызстанга карата геостратегиялык саясатынан дал ушундай көрүнүштү байкаганын жар салды. Мындан улам окумуштуу Абдрахим Хапизов, Кытай тараптан боло турган соода экспансиясын, кытайлык коммерциялык түзүмдөрдүн, фирмалардын көбөйүшүн, өлкө аймагында кытай жарандарынын арбып баратышын, кытай улутундагы жарандардын кыргыз кыздары менен никеге туруусунун күчөгөнүн, Кытайдын техникалык жана финансылык жардам көрсөтүүсү алысты мээлеген чылма ыргытуу болорун, кыргыз-кытай окуу жайларынын ачылышын, темир жолдун курулушун санап келип, автор келечекте мунун Кыргызстанга пайдасынан зыяны көбүрөөк тийерин далилдөөгө аракет кылган.

Эс алуудан кайтып келип, бүгүндөн тартып жарыкка чыга баштаган “Дело № ...” жумалыгы да жарык көрдү.

Аталган гезит алгачкы санын Ахмат Бакиевдин 7 жылга түрмөгө кесилишине байланыштуу жазылган макала менен ачып, өз облусунда "көмүскө губернатор" деп аталган Ахмат Бакиев менен Жалал-Абад жана Каракөл шаарларынын мурдагы мэри Касым Исманов экөөнүн ортосундагы чырдуу маселенин түйүнүн чечмелеген.

Бакиевдин соттолуп жаткан иниси агасы маркум Жусуп Бакиев талапкерлигин койгон аймакка талапкерлигин койгондугу жана кандидатураңды алып сал дегенин укпай койгону үчүн Касым Исмановдун жеке мүлкүн кандай зордук менен тартып алганы, андан тышкары Исмановдон 140 миң доллар накталай жана “Тойото Лендкрузер” жип машинасы үчүн 58 миң доллар өндүргөнү, Бишкектен Ахмат Бакиевдин кайдагы бир “революционеркасына” деп 19 миң долларга квартира саттырып алганы жана ушунун баарын жасатып алып Касым Исмановду 8 жылга кестирип жибергени туурасында кеп болот.

Макаланын аягында мындай өкүм зордук үчүн 10 жылга кесиле турган Ахмат Бакиевге сот 6 жыл гана бергенине адвокат Икрамидин Айткулов макул эместигин, эми Ахмат Бакиевдин мындан аркы тагдырын Жалал-Абаддын облустук соту чечерин жазып чыкты.

“Дело №...” гезити бул санына президенттик аламан жарышка түшкөн 83 адамдын тизмесин жарыялады.

“Апрель” кыймылынын лидери Бакыт Бакетаевдин маеги да мына ушул президенттик шайлоого арналды. Бангладеш республикасында да президенттик жарышка убагында 70 талапкер чыкканын, бирок биз андан да ашып түшкөнүбүздү эске салган Бакетаев, биздикиндей кичинекей өлкөгө парламенттик башкаруу гана ылайык болорун, 5 жылдай ары-бери чайпалып туруп, анан ылдам секирик жасап, өсүп-өнүп кетерибизди, азыр башаламандыктай көрүнүп жаткан нерсе акырындап тартипке түшөрүн, бүгүн парламенттеги бир фракция акчанын агымын башка бир жакка бургусу келсе, эртең эле экинчи фракция аны бетин ачып, кыйкырып чыга каларын, мунун алгачкыларын өз көзүбүз менен көрүп да жатканыбызды, буга “Мегакомго” байланыштуу чыр-чатак жакшы мисал болорун, кокус мурдагыдай президенттик башкаруу болгондо мындай чыр элге жетпей, жең ичинен мандем болмогун, ал эми парламенттеги мушташ жана ушуга окшогон чатак иштердин баары адегенде чыга турган “кайнак суунун буусу” экенин, алгач ушинтип буусу чыгып, анан барып мотор от алып, анан иш жүрүп кетерин, жакшы келечек алдыда экенин белгиледи.

Бакетаев ошондой эле саясатчыларды өз эсебинен жайыл досторконго жыйнап, Кыргызстандын тагдыры үчүн бир гана талапкерди колдоого чакырарын, анткени кенедей өлкөгө 83 эмес, бир гана президент керектигин кеп кылды.

Гезитте ошондой эле генерал Ниязовдун соту тууралуу макала, дагы бир генерал Өмүрбек Субаналиевдин маеги, 10 миллион сомду уурдаган инкассаторлордун баяны басылды.
XS
SM
MD
LG