Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Эгемендиктин эсеси


Бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити өлкө ичиндеги кылмыштуу иштер тууралуу макалаларды жазса, “Чоң казат” гезити эгемендиктин баркы канча экендигин баяндады.

Бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити “”Мегакомдун” кылмыш иши” деген рубриканын алдында “Рыкунова - Качиева - Силич жана башкалар” деген баштема менен журналист Вадим Ночевкиндин макаласын жарыялады

Гезит Рыкунова-Качиеванын депутаттык комиссияга билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанда “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунунан тышка акча чыгарып кетпеген, уурдабаган, пара албаган чиновник калбаганын, маселен “Пенвелл” компаниясынан Бишкектин 1-Май райондук сотунун судьясынан тартып Жогорку Соттун судьяларына чейин жалпы суммасы 1,5 миллион доллар көлөмүндө пара жеп келишкенин, Рыкунова комиссияга ошондой эле ири өлчөмдөгү пара жегичтердин катарына революциядан кийин Жогорку Соттун милдетин аткарып калган Кубанычбек Момбековдун, Бишкек шаардык сотунун төрагасы Марс Жакуповдун, экономикалык иштер боюнча Бишкектин райондор аралык сотунун төрайымы Калиса Качкыналиеванын, Башкы прокуратуранын башкармалыгынын мурдагы башчысы Владимир Краснокуцкийдин аттарын шардана кылганын жазып чыкты.

Рыкунова-Качиеванын айтымында, мурдагы эки башкы прокурор - Ибраев менен Байболов дагы, тергөөчүлөр дагы акча алган. Рыкунова алынган паранын көлөмү 140 миң, 200 миң, 300 миң долларга чейин жеткенин айтканда угуп олтургандардын төбө чачтары тик турду деп жазган “Дело №" жумалыгы андан ары Качиеванын так ушул айткандары боюнча Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштерди иликтөө башкармалыгы териштирүүгө киришкенин, Рыкунова сотто кемчет жакалуулардын дагы кайсынысын жайлап түшөрү жана соттун качан болору азырынча белгисиздигин маалымдады.

Аталган гезит “Алсыз бийликти кылмышкерлер алмаштырууда” деген ат менен Кыргызбай Култаевдин ишин баяндаган макала басты. Ички иштер министрлигинин билдиргени боюнча, өткөн жумада колго түшүрүлгөн Кыргызбай Култаев уюшкан кылмыш дүйнөсүнүн абройлуу командирлеринин бири экенин, анын камакка алынышы күч органдарынын дагы бир жеңиши болгонун, 90-жылдардын ортосунда Култаев эки кишини өлтүргөн деген айып менен Бишкектеги үйүндө камакка алынып, өлүм жазасына кесилгенин, кийин бул мөөнөт 15 жылга алмаштырылып, Култаев жарым мөөнөтүн өтөп бүтөлекте түрмөдөн бошоп чыгып, бир нече жыл Түштүк Кореяда жүргөнүн кабарлады.

Гезит андан ары Култаевдин камалгандыгына нааразы болгон анын жактоочуларынын айткандарын, бул окуяга байланыштуу жергиликтүү бийликтин айрым адамдарынын катышы кандайлыгын, Култаевди жактагандар бул адам кылмыш дүйнөсүнүн авторитети эмес, айылдагы авторитет болгон, кадыр-барктуу адам болгон деп жаалап жатканын, Култаевди жактагандардын сөзү чын болсо бүгүн жер-жерлерде элди бийлик өкүлдөрү башкарбай эле Култаевге окшогон Робин Гуддар башкарып калганын, бул деген бийлик эмес эле “быржыбайды там басты” же анык анархия экендигин далилдээрин эске салды. Ал эми күч орган кызматкерлеринин айтуусу боюнча, Култаев эч кандай жалпы элдин колдоосуна ээ эмес, аны коргоп чыккандар анын тууган-туушкандары менен жан-жөкөрлөрү, Култаевдин камалышы менен уюшкан кылмыштуу топтордун жер-жерлерде бөтөнзордук кылуусуна чекит коюлду деп эсептей берсе болот.

Гезит андан ары Бакай-Ата райондук кеңешинин төрагасы болуп иштеген Бабыров аттуу адамдын иши Талас облсотуна өткөрүлгөнүн, бул аткаминер пара алгандыгы менен камакка алынганын, райондун “спикеринин” чөнтөгүнөн алынган блокнотунан Таластагы уюшкан кылмыштуу топко мүчө болгондордун, аны ичинен Таласка көзөмөлдүк кылып келген Култаевдин телефондору чыкканын, райкеңештин төрагасы көп жылдар бою кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышта болуп келгенин кошумчалады.

“Дело № гезити” булардан тышкары “Кыргызпочтасынын” тонолгон филиалынын деректири “Акча тоногон кароолчуларды бизге райондук милициянын башчысы алып келген” деген аталыштагы макалага окурман көңүлүн буруу менен почтонун акчасын чак түштө уурдай качкандар кайра өздөрү келип колго түшкөнүн, бирок уурдалган 10 миллион сомдун 1 миллион 288 миң сому гана кайитарылып берилгенин, ошентип почто бөлүмүнүн жетекчисинин билдирүүсүнөн кийин, “инкассаторлордун” иши күтүүсүз жаңы жагдайларга туш болгонун, чынында эле бул ишке Аламүдүн ички иштер бөлүмүнүн башчысынын катышы бар-жогун эми тергөө аныктарын маалымдады.

“Чоң казат” гезити Кыргызстандагы көз карандысыздык үчүн болгон күрөштүн маани-маңызын, чыныгы көз карандысыздык качан пайда болгонун жана анын азабы-менен тозогун, жеңишин кенен талдоого алган макала жарыялады. Макаланын автору тарых илимдеринин доктору Ташманбет Кененсариев.

Гезит ошону менен бирге эле “Эгемендиктин туусун ким сайды?” деген аталыш менен легендарлуу парламенттин депутаты болгон коомдук ишмер Бегиш Ааматовду маектешүүгө тарткан.

Бегиш Ааматов эгемендиктин алгачкы күндөрүн, 31-август кандайча кабыл алынып калганын эске салып, ушул көз карандысыздыкты мамлекеттин Конституциясына жазуу үчүн 50 кишиден турган комиссия иштегенин, бирок 1992-жылкы Конституция үй-бүлөлүк Конституция болуп жазылып калгандыгын, анан карама-каршылыктан кийин башмыйзам кайра каралмай болуп, натыйжасында айтылуу 93-жылкы Башмыйзам жазылганын, ага чейинкисинде президенттин укуктары аябай көп болсо, 93-жылкы Бащмыйзамда президенттин укуктары чектелип, алтургай президенттин Конституцияны өзгөртүүгө акысы жок деп жазылганын, Башмыйзам деген ал кезде бүгүнкүдөй алеки саатта эмес, бир жарым жылдын ичинде жазылганын эстетти.

Бегиш Ааматов андан ары Акаевди деле, Бакиевди деле эл шайлабаганын, Акаев бийликке Кремлдин колдоосу менен келсе, Бакиевди азыркы “революционерлер” эки колтугунан колтуктап, өздөрү апкелип олтургузганын, эки президент тең хан тактыга олтурары менен ажыдаарга айланганын, казынага өздөрү эле эмес, бүтүндөй үй-бүлөсү, бала-чакасы, туугун-уруктары беш колун колтугуна чейин матырганын, Кыргызстандын түбүнө, кыргыз элинин түбүнө билимсиздигибиз, көр тирликке көмүлгөнүбүз, анча-мынча акчага сатылмайыбыз жетерин, жетип да келатканын, мына ушундай жоруктардан арылсак гана ойдогудай мамлекет кура аларыбызды кеп кылды.

“Чоң казат” гезити ошону менен бирге эле Бажы союзу тууралуу пикирин билдирди. Гезиттин жазганы боюнча Россия Кыргызстанды Бажы союзуна киргизүүнү жандандырары менен Кыргызстанда аталган союз ишке кире элек жатып эле терс ойлорду жарата баштаганын, анткени Бажы союзуна кирген мамлекеттерде чекене баалар аябагандай асмандап кеткенин, маселен Казакстанды жанармай кризиси коколоп жатса, кыргыз-казак чек арасындагы соода иштери көмүскөлөгөнгө өткөнүн кабарлады.

Аталган басылма “Эгемендикке 20 жыл. Кандай болгон?” деген ат менен эгемендиктин туусу орногон 91-жылдан 2011-жылга чейинки болуп өткөн урунттуу окуялардын хроникасын жарыя кылды.

Гезитте “тарых барактары” деген рубриканын алдында “Генерал Скобелевдин Алайга жүрүшү” деген макала да бар.
XS
SM
MD
LG