Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Сентябрдын жалбырагы


Гезиттер мурдагыдай эле уккан-көргөндөрүн кабарлоо менен эгемендик күнүн, Ала-Тоо аянтында ачылган айкелдер жана алдыдагы шайлоо тууралуу жазып чыкты.


Параграф” гезити президент Роза Отунбаеванын мындан эки-үч күн мурда “Азаттыктын” кабарчысына берген маегин жарыялоо менен жаңы санын ачты.

Гезит “атамекенчилер” Күрпүлдөктө күпүлдөштү” деген алакандай кабарында партиянын атынан Чүйдү кыдырып жүргөн Өмүрбек Абдрахманов, вице-спикер Асия Сасыкбаева, Турат Мадылбеков Күрпүлдөк айыл эли менен жолугушууда премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин атына жакшы эле таш ыргытканын, “Ата Мекен” партиясынын бул мүчөлөрү Текебаевди сүрөгөнү келбей эле, Атамбаевди шыбаганы келгенсип сезилгенин, минте берсе, талапкерлер бирин-бири шайлоого чейин эле “жеп” бүтөрүн маалымдады.

Басылма андан ары Борбордук аянтка орнотулган айкелдер тууралуу айрым жарандардын пикирлерине орун берди.

“Асман press” гезити “Кел-келибиз келсин калайык!” деген тилек менен бүгүнкү санын ачып, Аскар Акаевдин элди куттуктоосун жарыялады.

Кабарчылар Азамат Жетимишевдин макаласы “Кристалл” Бабановго эмне үчүн керек?” деп аталса, Азиз Турсункуловдун макаласы “Москванын колдоосун сактап калыш үчүн Атамбаев Бабановдон кол үзүшү керекпи?” деп аталды.

Ушул эле санга “Мигранттарыбыздын укуктары тебеленбөөсү керек!” деген аталыш менен айтылуу саясатчы Адахан Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” сасый партиясынын билдирүүсү жарыяланды.

“Чыгыш электр” ачык акционердик коомунун башкы деректири Жыргалбек Турускулов маегинде быйыл жарык өчөпй тургандыгын, элибиз үшүбөй тургандыгын айтты.

Аталган гезит айрым жарандарга кайрылып: “1-сентябрь эсиңиздеби?” деп суроо салып, жооп алды.

Гезиттин кожойкеси Лариса Асанбекованын мурдагы президенттердин бири Аскар Акаев менен маегин да ушул сандан окуйсуздар.

“Жаңырык апта” гезитинин жаңы санынан өкмөт башчысы Алмаз Атамбаевдин, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы биринчи орунбасары Марат Иманкуловдун, депутат Чыныбай Турсунбековдун маектерин, Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун Чыңгыз Айтматовдун айкелин ачып жатканда сүйлөгөн сөзүн, вице-премьер-министр Ибрагим Жунусовдун кимди кызматка коё албай жатканын, Искендер Гаыйпкуловду “Республика” партиясы Ошко мэр кылууну каалап, буга карата депутат Алтынбек Сулайманов иштеп жатканын, Ташиев шайлоого эмес эле согушка даярданып жаткансыган каңшаар тараганын, анткени илгери Кокон хандыгынын өкүмдарлары басса-турса жигиттерин ээрчиткендей Ташиев спортсмен балдарды топтоп жүргөнүн, кечээ Айкөл Манастын эстелигин ачып жатканда кездеме илинип калып, сыйрылбай калганда аны шамал сыйрып бергенин окуйсуздар.

“Учур” гезити журналист Сабыр Муканбетовдун “Толгоо” деген макаласы менен жаңы санын ачты. Макалада 20 жыл ичиндеги баскан жолубуз кыскача талдоого алынган.

Гезит кабарчысы Сурат Жылкычиев Баткен обулсунун ички иштер башкармалыгынын орунбасар башчысы Улан Рысбеков менен маек курду.

Полковник Улан Рысбеков өткөн жылдын 6-апрелиндеги Талас окуясынын түздөн-түз күбөсү катары айрым бир элге белгисиз жагдайларды айтып берген. Милиция менен элдин кагылышуусун талдоого алган полковник ошондогу кыжырданган топ обулус губернаторун бензин чачып өрттөйбүз дегенге чейин барганын, кокус губернатор өрттөлүп кеткенде кыргыз эли жөнүндө дүйнөдө жаман ой калмагын, экинчиден шынаага шылтоо таппай турган Бакиевге кудай берип, актануу иретинде аскер күчтөрүн киргизмегин, кырдаал курчуп, даана кыргын ошондо башталмагын, мына ушундай болбой калганы үчүн Талас элине ырахмат айтуу менен деги эле кыргыз милициясын талап-тоноо же массалык тополоң болгондо гана эстебей, чындап сыйлап, кадырлап алмайын, баркына жетмейин кор боло берерибизди билдирди.

Бакыт Аскарбек уулунун президент болууну эңсеген талапкерлерге берген мүнөздөмөсү “Такталаш” деген ат менен “Пресс.Kg” гезитине жарык көрдү.

Акын жана окумуштуу Жедигер Саалаевдин макаласы “Айкөлдүн айкели кут алып келет” деп аталды.

Бегайым Шайыпова даярдаган беттеги ой-пкирлер “Акчага айланган мектеп” деген ат менен тартууланып, мектептеги акча чогултмайдын айланасындагы көйгөйлөргө арналды.

“Айат” гезити Кыргыз эл баатыры наамын алган атактуу драматург Бексултан Жакиевди, айтылуу нейрохирург Миталип Мамытовду, жаштардын башында турган Алиясбек Алымкуловду жогорку даражадагы сыйлыктары менен чын жүрөктөн куттуктады.

“Кышка даярсыңбы, кыргыз?” деген суроонун алдындагы макалага гезит кабарчысы Бурул Мусабекова жооп издеди.

Вице-премьер-министр Ибрагим Жунусовдун окурмандардын суроолоруна берген жообу да ушул санга басылып чыкты.

Белгилүү журналист жана окумуштуу Кубан Мамбеталиевдин “Айаттагы” макаласы “Макоолукту, жалкоолукту адатка айланткан кээ бир кыргыздарга эмне үчүн Манас бабабыз жардам бериш керек?” деп аталып, “мага 3 эле жыл берсеңер Кыргызстанды Швейцарияга айлантам деген Акаев 3 жылда үй-бүлөсүн чын эле Швейцарияга айлантканын, Бакиев бийликке келери менен мамлекеттин кызматтарын балдары менен инилерине бөлүп бере коём деп качып-безип кеткенин, бийликтин кыргызча мүнөзүн жана Калыгул олуянын айткандарын эске салды.

Башка басылмалардан айырмаланып, бүгүнкү билим күнүндө мектеп темасына “Де-факто” гезити кайрылып: “Балдарын 1-класска киргизе албай ата-энелер куурады” деген аталыш менен айрым жарандардын ойлоруна орун берди.

Маселен Рысбек Куленов аттуу жаран Бишкек шаарындагы №24 мектепке уулун киргизе албай койгонун, бир эле мектепте деректир дегендер 15-20 жылдап иштээрин, коррупция ушундан да келип чыгып атканын, №24 мектептин деректирин алмаштырып бергиле, негизи деректирлер 4-5 жылга гана шайлансын деп мэрияга кайрылганын айтса, Балдар укугун коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубаева мектеп жетекчилеринин айынан бүгүн өлкө боюнча 40 миң бала окууга тартылбай жүргөнүн, чындан эле кээ бир мектеп деректирлери башка адамдар аркылуу ата-энелерден 10 миң сомго чейин сураган фактылары барын айтса, Кыргызстандын Билим берүү академиясынын кызматкери Сейит Жаанбаев мектептер Билим министрлигине башы ийбей тургандыгын, дагы бир жагы ички миграция күчөгөндүктөн шаардын мектептерине балдар батпай атканын, балдарды тандап алуу да ушул себептен улам болуп атканын, чын эле “деректирлер пара алышат, мектепти менчигиндей көрүшөт” деп даттангандар көп экенин, буга байланыштуу Жогорку Кеңешке “мектеп деректирлерин 5 жылдан ашырбаган мөөнөткө шайлайлы. Антпесе отурукташып алып, коррупция күчөп атат” деп сунуш кылышканын айтты.

“Биринчи коңгуроо” деген теманын алдында айрым жарандардын окуучулук күндөрүн эскерүүлөрү басылып чыкты.
XS
SM
MD
LG