“Залкарлардын осуяттарына татыктуу бололу!” деген баштема менен бүгүнкү санын ачкан “Эркин тоо” гезити акын Жума Мамбетовдун “Манас менен Чыңгыз келди” деген ырын жарыялап, Бишкектин борбордук аянтында аскердик парад өзгөчө шаң менен өткөнүн жар салды.
“Эркин тоо” гезитинин бүгүнкү санына ошондой эле кыргыз президентинин жарлыгына ылайык мамлекеттик сыйлык менен сыйлангандардын тизмелери жарык көрдү. Жарлык “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку артыкчылык даражасына ээ болушкан эл жазуучусу Бексултан Жакиев, профессор Миталип Мамытов, жаштар министри Алиясбек Алымкулов менен башталат. Ар кыл даражадагы сыйлыктар менен баш-аягы 200дөн ашуун адам сыйланды.
“Кыргыз руху” гезити кайрадан жарыкка чыкты.
Журналист Азизбек Келдибековдун макаласы “Каркыранын башы качан ачылган?” деп аталып, автор кайран жердин казактарга кетишинин башы кантип, кайдан башталганын баяндап, Акаев менен Бакиев бийлигин эске салып: “Спикерлик пультту колуна кармаган Мадумаров өзү Бакиевдик бийликтин “роботуна” айланып, Каркыраны жана 4 пансионатты эл менен эсептешпей туруп казактарга кармата салды. Мадумаров Каркыраны казактарга бериш үчүн спикерликке коюлган, Каркыра берилгенден кийин анын бийликке ысык-суугу жок калды да кубалап чыкты. Алакандай кыргыздын жери тургай бир ууч кыргыз топурагын сыртка берүүгө акыбыз жок, аны ата-бабаларыбыздын арбагы кечирбейт!” деп жазды.
Журналист Бөкөнбай Боркеевдин Бакиевдерге арналган макаласы, окумуштуу Сатылган Жорупбековдун кыргыз тууралуу баяны да “Кыргыз рухунун” ушул санында.
“Жаңы агым” гезити “Жакында өтүүчү район жетекчилерин шайлоого карата даярдык катуу жүрүп жатат. Маселен Кочкор районунун акимдигине ат салышчулардын алдыңкылары жергиликтүү кеңештин депутаттарына миң долларга чейин пара беришүүдө. КСДПдан депутат Дамира Ниязалиева өзүнүн жакын адамын Кочкордун акимдигине отургузмай болду” деп,
“Атажуртчу” Садыр Жапаров кечээки парламент жыйынында президенттин аппарат башчысы Эмил Каптагаевдин быкыйын чукумакчы болду эле, Эмил мырза Садыр мырзанын көмүр бизнеси кантип башталганын, учурунда Данияр Үсөновду премьер-министрликке дайындатууда “бригаданын” атынан 300 миң доллар “шапке” сураганын, дагы ушул өңдүү кызыктарын коомчулукка шардана кылды. Арты таза болбогондон кийин жөн эле олтура бербейби” деп,
“Азыр түштүктө президенттикке эки талапкердин таскагы катуу чыгып атат. Экөөнүн тең акчасы саман экен. Аларды сүрөп аткандар Бакиевдердин кланы, финансы булагы ошол жактан агып келүүдө. Талапкерлер Бакиевдер финансылап атканын жашыруу үчүн өздөрүн Россия менен Казакстан колдоп атат деген жалган сөздөрдү атайылап таратууда” деп кабар таратты.
“Жаңы агым” гезитинен ошондой эле Алым Токтомушевдин “Чичиковдор” деген, Нурканбек Керимбаевдин “Ажы бизнеси башталдыбы?” деген, Кудрет Тайчабаровдун “Ырчылар кимге ырдашат?” деген макалаларын, ар кыл темадагы маектерди жана башкаларды окуй аласыздар.
“Алиби” гезити саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев менен маек курду.
Тартипсиз мамлекетте, билимсиз мамлекетте ийгилик болбостугун, биз бүгүн дал ошол ийгиликке жеткирчү эмгектен качып кызыл кулактыкка, шылуундукка, шуркуялык менен адепсиздиктин жолуна азгырылганыбызды, Акаев менен Бакиев бийлиги, алардын көр дүйнө топтогон үй-бүлөлүк ач көздүгү мамлекетти курууга эмес курутууга, талкалоого алып келгенин айткан Токтогул Какчекеев, 20 жылдык азап-тозоктон кийин акыры кыргыз мамлекетине кыргыздардын өзүнөн бөлөк эч ким күйбөй турганын түшүнгөнүбүздү, акыл эми кирип келатканын, боордош эл дегендердин бири да чуркап келип жардам бербестигин, аларга кыргыздын эли эмес, кыргыздын кени, жери, суусу керектигин эми билгенибизди, ушунун өзү да ийгилик экендигин, кыргыздын жерин бөлөктөргө сатып канкакшаткан Акаев менен Бакиев кыргыздын душмандары экенин түшүнүп алганыбыз да ашыкча болмок эместигин баса белгиледи.
Какчекеев аягында: “Бизде жүзү каралар көбөйдү. Жөнөкөй эле мисал келтирели. Былтыр мародерлор машиналар менен келип, телевизор, муздаткыч жүктөп кетип атышты. А бүгүн ошол каракчылар уурдалган телевизорду көрүп олтурган балдарына уурулук жаман деп акыл айтып олтурат. 20 жылга соттолгон айбан 3 жылда түрмөдөн бошонуп чыгууда. Биз түрмөдөгү 200 адамды багып олтурабыз. Ошол 200 адам убагында далай адамдарды боздоткон. 3 жашар кызды зордуктаганы бар арасында. Акыйкатсыз соттор жоголмоюнча мыйзам иштебейт. Жараткан бизге бейиштен артык ыйык жерди берген. Ушул мекенибизди ыйык тутушубуз керек, Мекен үчүн күйүш керек!” деп айтты.
“Алиби” ошону менен бирге эле Бейшеналы Жамгырчиевдин “Эң жогорку бийлик “курултай” болсо, бүткүл элдин бийлиги кайда калат?” атуу макаласынын корутунду бөлүгүн тартуу кылды.
“Кыргыз туусу” гезити бул санын “Манас өткөндү эске салып, Айтматов келечекке үндөп турат” деген баштема менен ачып, эгемендик майрамы кандай өткөндүгүн толук чагылдырган материалдарга кенен орун берди.
Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси Жусупбек Шариповдун маегинин аты “Ажылык ыйык, аны бизнеске айлантпаш керек” деп аталды.
Финансы министринин орунбасары Мелис Аттокуров маек куруп жергиликтүү бюджет кантип өсүп жаткандыгын кеп кылса, “Азат Кыргызстанга 20 жыл” деген рубриканын алдында маек курган эл акыны Эрнис Турсунов акын-жазуучулардын 20 жыл ичинде жазгандарына алымсынбаганын, адбиятта совет доорунда жаралгандай чыгармалар жаралбаганын кеп кылып келип “Жазуучулар союзу керекпи?” деген суроо койду жана анын керек же керек эместигине өзү жооп берди.
Профессор Сулайман Рысбаевдин макаласы “Нагыз улутман, ырлары түгөл – Түгөлбай” деген ат менен сунушталып, анда айтылуу обончу Түгөлбай Казаковдун атуулдук нарк-насили, ал жараткан ырлардын керемети жөнүндө жылуу маанай менен сөз кылды.
Акын-сатирик Талантбек Моңолбаевдин “Жарыкты жашоо дебеген, жарганат, үкү болбогун” деген жалпы ат менен тамсилдери бир бет болуп окурмандарга тартууланды.
“Кылымдын Кыз Сайкалдары” деген теманын алдында жарык көргөн макалалардын топтому белгилүү акын жана журналист Бактыгүл Чотурованын калемине таандык. Автор кыргыздын мыкты кыздары Керимбүбү Шопокова, Ольга Мануйлова, Саадат Ногоева, Нуркамал Жетикашкаева жөнүндө тарыхый маалыматтарды кайрдан барактап чыккан.
Турусбек Солтобаевдин баяны Аравандагы Чек-Абад айылынын жашоо-турмушун баяндады.