Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

Басма сөз: Кулагы жок баш кимге керек?


Гезиттер шайлоо жүрүшүнө байланышкан маалыматтарды, талапкерлердин айланасындагы миң түркүн кептерди, үгүт материалдарды жана башкаларды басты.

“Де-факто” гезити президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун “Биз Бакиев менен бир блок болуп баратабыз” деген сөзүнө шилтеме кылуу менен “2005-жылы ушундай болгон. А бүгүн Мадумаров ким менен?” деген баштема менен жаңы санын окурмандарга тартуулады.

Ички иштер министрлиги 1 млн. долларга жакын акчага тыңшоочу аппараттарды сатып алды деп Жогорку Кеңештин өткөн жыйынында сөз болгондугун кабарлаган гезит депутат Ширин Айтматованын буга карата айткандарын, мыйзам боюнча милициянын тыңшоого укугу жок деп нааразылыгын билдирген оюн басуу менен күч түзүмдөрүнүн ишин ийне-жибине чейин билген профессионалдардын пикирин укту.

Токтогул Какчекеев: - Азыр уюшкан кылмыштуу топтун 87 пайызын милиция ачып жатат. Бүгүн уюшкан кылмыштуу топко мүчө болгондордун ар биринин чөнтөгүндө 2-3төн телефон, дүйнөнүн бардык жери менен сүйлөшө ала турган аппараттары бар. Милиция ошолордун сүйлөшкөндөрүн укпаса, анан кантип бандиттерди колго түшүрөт? Алар кармап келген бандиттерди соттор жазалоонун ордуна акчаларын алып бошотуп жиберип атса, анан кантип мамлекет баш кесерлерге каршы күрөшөт? Министр Зарылбек Рысалиевдин аппараттарды сатып алганы эң эле туура болгон,-деп,

- Анда эмнеге депутаттар ызы-чуу түшүп жатышат?-деген суроого Токтогул Какчекеев:

- Медет Садыркуловго байланышкан кылмыш иштин бети ачылгандыгы көп депутаттардын көзүн ачып, коркутуп койду. Артында жаман иштери барлар мени да угат деп чочулоодо. Ички иштер министрлиги тыңшабашы керек деген курулай гана шылтоо. Алар жакшы иштеп жаткан Рысалиевди кызматтан алып түшүүнү көздөп жатышат,-деп жооп берди.

Шайлоочулардын психологиялык абалын жиликтеп, аны беш топко бөлгөн Жолдошбек Токоевдин макаласын бүгүн жарык көргөн “Айгай пресс” гезитинен окууга болот.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун “Президенттик шайлоо маалында башаламандыкка жол бербейбиз” деген аталыштагы маеги да ушул гезитте.

“Эскертип коеюн, элди түндүк-түштүккө, кокту-колотко, уруу-урууга бөлгөндөр дароо эле тузакка илинип, мыйзам чегинде дароо жоопко тартылат” деп айткан генерал Курсан Асанов, түштүктө абал тынч экенин, күч органдары толук кубатында иштеп жатканын айтты.

“Асман пресс” гезити да шайлоо жүрүшүн чагылдырган кабарларды басуу менен саясат иликтөөчү Табылды Акеровдун “Айрым талапкерлер криминалдарды колдонуп жатат” деген маегине окурман көңүлүн бурду.

Саясатчы Токтайым Үмөталиеванын гезит кабарчысы Азима Акунова менен маеги “Үй-бүлө күтүү өзүнчө чоң саясат” деп аталып, президентикке элдин турмушун оңдоо, балдардын келечегине жол ачсам деген тилек менен аттанганын, бирок БШКдан өтпөй калганын, маселен эне жана бала боюнча улуттук программа кабыл алып, фонд ачып, 7 жашка чейин ар бир балага жөлөк пул төлөнүшү керектигин, жаңы төрөлгөн наристенин биринчи көрүндүгү азыркы шартка ылайык 10 миң сомдон кем болбошу зарылдыгын, аялдарды бекер төрөткөн төрөтканаларга кошумча дагы 5 миң сомдон ваучер бердиртип, кескиленип төрөтүүнү азайтуу, генефондду жакшыртуу меселесин көтөрүп чыкмагын белгиледи. Үй-бүлөсү, балдары тууралуу кеп кылды.

Эмгек сиңирген артист Шайыр Касымалиеванын “Кудай менен сүйлөшө алам” деген аталыштагы маеги да аталган гезиттин ушул санында.

“Учур” гезити журналист Сурат Жылкычиевдин “Кылым жашаган Орловка айылындагы заводго ким кол сунат?” деген макаласын сунуш кылды. Макалада союз убагында даңазасы далайга белгилүү болгон Кыргыз химиялык металлургиялык заводунун азыркы абалы тууралуу сөз болот.

Сагынбек Акматбаевдин “Аталышың “Народный”, анабашың ким?” деген макаласы жарыяланып, “Народный” соода түйүндөрүндөгү кардарларды нааразы кыла турган жагдайларга токтолду. Жакында эле Бишкектеги “Народный” деп аталган дүкөндөрдүн чыныгы абалын иликтеп, “Комсомольская правда-Азия” гезити мындагы азык-түлүктөрдүн салмагы көрсөтүлгөндөн кыйла жеңил болуп чыкканын, айрымдарынын мөөнөттөрү өтүп кеткенин жазганын, кечээ жакында өкмөт башчысынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Бабанов ушундай “Народныйдын” бирине айттырбай кирип барганда дүкөндүн администратору текшерүү келген экен деп подвалга жашынып калууга аракет кылганын, Бабанов анын артынан барып, текшерүү эместигин айтып үстүнө жетелеп чыкканын маалымдады.

“Менин жашоом заманага байланган” деген ат менен өткөн өмүрдүн жакшы кездерин эскерген, ата-теги, чыгармачылыгы, өмүрлүк жары, курбулары тууралуу айтып берген Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын белгилүү журналист Кубан Мамбеталиев менен маеги жарык көрдү.

“Айат” гезити Дмитрий Радужныйдын кыргыздын атактуу бильярдчысы Каныбек Сагынбаев жөнүндөгү макаласын окурмандарга тартуулады.

Жогорку Кеңештин дептутаты Бакытбек Жетигеновдун маеги “Казинонун жабылышына көбү кызыкдар, а “бандиттин баары спорт мектептен чыгат” деген көралбастык” деген ат менен маегин жарыяланды. Депутат Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга президент кол койсо, казинолор 1-январдан тартып жабыларын, спорт мектебинин айланасындагы айрым сөздөрдүн чын-төгүнүн, Жогорку Кеңештеги спорт боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекованын спортчуларга жакшы жардам берип жатканы менен кабардар кылды.

Арууке Асылжандын макаласы “Максимдин колтугуна кирген депутаттар жана соттордун адилетсиздиги” деп аталып, “Мегаком” компаниясы жөнүндө сөз кылды.

“Ар-намыс” фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Кожобек Рыспаевдин айрым жарандардын суроолоруна берген жооптору жарык көрдү.

- Ала-Бука районунун акимин 230 миң сом пара алып жаткан жеринен кармап, камап койсо, туугандары чыгып: “бошотпосоңор акимчиликти басабыз” дешти. Ушундайларды тыйганга мамлекет алсыз болууда. Мисалы, коррупцияга баткан дагы бир чоңду камакка алса, анан тууган-туушкандары жол тосуп көчөгө чыга берсе өлкө каякка барат?-деген суроого депутат Кожобек Рыспаев: - Биз дал ушундай жаман адатка көнүп алдык. Бир чоң кызматкерди кызматтан алып койсо туугандары чогулуп келип, кайра койдурат. Мындайларга атайын мыйзам кабыл алып, жоопко тартпаса болбойт. Демократия деп жатып өлкөнү анархияга айлантып жибердик. Ошондуктан мунун тегерегинде талкуу жүргүзүп, күчтүү мыйзамдарды кабыл алуу керек,-деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG