Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Басма сөз: Нарк


“Кыргыз туусу” гезити Кыргыз эл баатыры, эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин 90 жашка толгондугуна байланыштуу макалаларды басуу менен бүгүнкү санын ачты.

“Жаңы агым” гезити Алмазбек Атамбаевдин шайлоо алдындагы программасынан баяндама басуу менен бүгүнкү санын ачып, Кыргыз эл баатыры, эл акыны Сүйүнбай Эралиев 15-октябрда 90 жашка толорун, улуттун сыймыгы, мактанычы экенин белгилеп, куттук айтты.

“Жаңы агым” гезити “Кыйындыктан коркпо, кайрылар жер Ошто”, “Кары-жашы катарда, Кайрат айылы ашарда”, “Кандай эт жеп атасың, бурадар?”, “Чуукуйрук талапкерлер, чалагайым БШК”, “Молдошев “молдо” болчу, колуңду тарт!”, “Баасы жашыруун “роликтер”, “сатылган” ырчылар жана капчыктар тууралуу”, “Жакырлар менен улгайгандарды шайлоодо гана эстешеби?” деген жана башка темадагы макалаларды жарыялады.

Акын Акбар Рыскуловдун “Түрк ааламына түгөл таанымал Түгөлбай Казаков” аттуу макаласынын соңку бөлүгүн да ушул гезиттен окуйсуздар.

Гезит “Хижаб, намазкана керекпи, же?” деген суроо менен кайрылды.

Эл жазуучусу Асан Жакшылыков: - Кыргыздын улуттук кийимдерин мектепке киргизүү керек. Эгер буга макул болбосо атайын формага өтүү зарыл. Арабизмге жем болбойлу десек, анда алардын ар кандай жолдор менен мажбурлаган талаптарын аткарбашыбыз керек,-деп,

Кыргыз эл артисти Каныкей Эралиева: - Хижаб кийген туура эмес,-деп,

Теле журналист Нурдин Мотуев: - Хижаб кийигиси келген адамга эмне үчүн тыюу салышыбыз керек? Биз деген демократиялуу өлкөбүз. Адамдардын укугу эч убакта бузулбашы керек,-деп,

Кинорежиссер Жаныш Кулмамбетов: - Биздин идеологиябыз ислам эмес. Хижаб кийип жүрүүгө каршымын. Мекемелерде намазакана ачып, сыйынгандарга да каршымын,-деп,

Кино актриса Айтурган Темирова: - Мен деле мусулманмын. Кудайга ишенем. Бирок биз ислам өлкөсү эмеспиз. Хижаб кийип жүргөн кыздар эле ыймандуу болуп кетеби? Дал ошол хижаб кийип жүргөн кыздардын чогулуп тамеки тартып аткандарын көргөм. Хижаб деген ыймандын эмес, араб өлкөлөрүндөгү ысык климаттан калканч кылуу айласы үчүн жасалган кийим. Коомдук жайларда намазкана ачуу да туура эмес. Биздин коңшу Өзбекстан менен Тажикстанда намазкана ачылганын уккан эмесмин,-деп жооп берди.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Президенттик шайлоо: кимдердин ортосунда жүрөт?” деген баштема менен ачып, Кыргызстанга “кызыл камчы” бийлик келип, үй-бүлөсү менен талап-тоногон бакиевдик кландын баш көтөргөндөрдү мойсоп жок кылып турган диктатурасы орногонун элдин эсине дагы бир жолу салуу менен “азыр да күрөш түндүк-түштүк ортосунда эмес, өлкөдө мурдагы эки качкын президенттердин убагындагыдай диктатуранын кайрадан кайрылып келишин көздөгөндөр менен аны болтурбоону көздөгөн, чындап эле балдарынын, мамлекеттин келечегин ойлогон сергек күчтөрдүн ортосунда жүрүп жатканын түшүнүү керек” деп жазды.

Журналист Мырзакат Тыналиев андан ары качкын эки президент жана алар менен өлкөнү кошо талап-тоношкон үй-бүлө мүчөлөрү да бул шайлоодо реваншисттик күчтөрдү колдоорун, Акаевдин үй-бүлөсү менен Бакиевдин үй-бүлөсү үчүн ыйык эч нерсе жоктугун, бул эки үй-бүлө Кыргызстанда бардыгы жаман болуп, башаламан болуп турушун чындап кааларын, азыркы күчтүү президенттик бийликти орнотом деген бир талапкердин жолугушуу учурунда “мурдагы эки президентти тең өлкөгө алып келем” дегени тигилердин арам мүдөөлөрүнө дал келип турганынын анык далили экендигин, демек финансы булактары да дал ошолордон агып келип жатканын баяндады.

Академик Абдыганы Эркебаевдин “Сүйүнбай Эралиевдин акындык эрдиги” деген макаласы кыргыз адабиятынын азыркы классиги, Кыргыз эл баатыры Сүйүнбай Эралиевдин 90 жылдык мааракесине жазылган макала болду. Ушуга улай эле коомдук ишмер Жаныбек Турсуновдун Эралиевге арнаган ыры, илимпоз Кубанычбек Тургуновдун макаласы бар.

“Алиби” гезити “Өлкөнүн прогрессивдүү саясый күчтөрү Алмазбек Атамбаевди колдошууда” деген баштема менен жаңы санын жарыкка алып чыкты.

Гезит “Алдыдагы шайлоодо экинчи тур болушу мүмкүнбү? Эгер болсо, ага кайсы талапкерлер өтөт?” деген суроого айрым атуулдардын жообун тартуулады.

Бийлик талаштын аягы акыры барып ислам халифатын орнотобуз дегендерин чырагына май тамызып, бир элди экиге бөлүп отуруп, жарандык согушка алып барып, карапайым калктын каны төгүлүп, эл тентип-тербип, туш тарапка качып, ошол каргашадан улам Жерге-Талын таштап Кыргызстанга келип, Сокулуктан жер алып жашап калган кыргыз жигити Гүламидин Маматкуловдун макаласы окурмандардын ой элегине салынды. Маматкулов алдыдагы шайлоону тынчтыкта өткөрүүнүн өзү топон сууну алдын алуу менен барабардыгын, мамлкетибиз бир денедей бүтүн, Бишкек баш, 7 дубан бир дененин 7 мүчөсү экендигин, ошондуктан Кыргызстандын туруктуулугун сактоодон кымбат эч нерсе жоктугун эскертти.

“Фабула” гезити маркум Руслан Шаботоевдин жубайы Айдай Шаботоеванын “Кокус мен бир нерсе болсом, Бакиевдерден көргүлө, алар мени жок кылып коюшу мүмкүн” деген аталыш менен маегин басты.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин “Бышкан ашты жечү көп, бүткөн ишке сынчы көп” деген ат менен маеги жарык көрдү.

“Кыргыз руху” гезити саясый сатирик Азизбек Келдибековдун “Отеллосун” окурмандарга тартуулады.

Атаандаштык партияны, ал айланып келип эле мамлекетти жана саясатты күчтүү кылары депутат Равшан Жээнбековдун маегинде айтылды.

“Кыргыз руху” гезити ошону менен бирге эле “Саясатта оюн жүргүзө билүү – утуштун булагы” деген аталыш менен саясат иликтөөчү Табылды Акеровдун президенттикке талапкерлер тууралуу ой-пикирлерине орун берди.

Айтылуу ишкер Табылды Эгембердиев өзүнүн жазмакерлик таланты кантип ойгонгонун, азыр ишкерлигин да кылып, мыкты нерселерди жазып жатканын гезит кабарчысы Айзада Көчкөнбаевага баяндап берди.
XS
SM
MD
LG