Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Гезиттер: Бийликти соолуткан сотторбу?


Жарык көргөн гезиттердеги макалалардын негизги бөлүгү шайлоо тууралуу болууда.

“Добулбас” гезити жаңы санын кинорежиссер Арым Кубаттын “Алмаз Атамбаевдин элди бириктирүүгө жасаган аракети мени кайдыгер калтырган жок” деген,

Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин “Президенттин милдети-өлкөдө мыйзамдуулукту орнотуу” деген,

Журналист Семетей Талас уулунун “Бакиевдер кетти, бирок “бакиевщина” кала берди!” деген баштемалар менен ачып, белгилүү экономист Айылчы Сарыбевдин маегине орун берди.

- Талапкерлердин шайлоого жумшаган каражаттары өз чөнтөктөрүнөн кетип жатат дегинине ишенесизби?- деп суроого профессор Айылчы Сарыбаев:

- Жок, ишенүүгө болбойт. Жумшалып жаткан акчалардын негизги бөлүгү уурдалган, арам акчалар. Көбү мени досторум колдойт деп ишендиргиси келет, мен өзүм профессионал финансист катары бул сөздөрдүн жомок экенин жакшы билем,-деп жооп берди.

“Фабула” гезити майда маалыматтарга улай Азимжан Наматовдун “Чет элдик социологдор Кыргызстандагы президенттик шайлоодо ким жеңээрин билишеби?” деген макаласын басты.

Макаланын аягында автор кыргызстандыктардын согуштун тутанышынан 44 пайызы, мамлекеттеги туруксуздуктан 11 пайызы, революциянын кайталанышынан 8 пайызы жана республиканын бөлүнүп кетишинен 7 пайызы коркоруна, эл негизинен тынч гана өз туулган жеринде жашагысы келерине, ошондуктан алдыдагы президенттик шайлоодо алардын келечек тууралуу үмүт-тилегине шайкеш келген адамга добуштарын берерине токтолду.

Ушул эле “Фабула” гезитине “Арзанга качырсаң, жарманкеге кел?” деген аталыш менен республиканын кайсыл райондорунда, кайсы айылдарында кайсы күндөрү өтө турган жарманке күндөрүнүн жарыясы басылып чыкты.

Мындан кийинки макаласын гезит кабарчысы Айбек Шамшыкеев “Мадумаровдун каражат булактарынын дайын-дареги” деп атады.

Ошондой эле бул санга маркум Руслан Шаботоевдин жубайы Айдай Шаботоеванын маегинин уландысы жарык көрдү.

Кыргыз эл артисти, Бишкек мэриясынын эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру Бакыт Тилегеновдун маеги, жазуучу Мелис Карыбековдун “Кара бука” аттуу аңгемеси, Жакыпбек Төлөгөновдун “Президент ким болсо ал болсун - аялы таластык болсун” деген лакаптын төркүнү” аттуу макаласы да “Фабула” гезитинин бүгүнкү санында.

“Алиби” гезити “Камчыбек Ташиев гана мамлекет бүтүндүгүн сактай алат”, “Адахан Мелистин алдына ийилгенде”, “Катани Алмаз Атамбаев менен биригет”, “Камчыбек Ташиевдин салмагы” деген кабарларды таратты.

Депутат Алтынбек Сулаймановдун баскан жолун, балалыгын баяндаган апасы Таиз Сулайманованын маеги да ушул санда.

“Азаттыкка умтулган, теңдикти көксөгөн Уркуя Салиева” деп аталган теманын алдында Уркуянын 100 жылдыгына арналып Ноокатта өткөрүлгөн даңазадан фотобаян берилди.

“Де-факто” гезити бүгүнкү санын “Путин менен Атамбаев бейрасмий жолукту. Кремль эмнеге кызыкдар?” деген баштеманын алдында саясат иликтөөчүлөр Бакыт Бакетаевдин, Табылды Акеровдун, Аскар Куватов жана Токтогул Какчекеевдин ой-пикирлерине орун берди.

Гезит кабарчысы Мелис Совет уулу “Мамлекеттик резиденциянын дарбазасын сүзгөн салыкчынын табышмактуу өлүмүн” иликтөөгө алган макаласын жарыялады.

Ушул эле санга нарындык ардагер Акматалы Абышевдин “Мен эмне үчүн Мадумаровду колдойм?” деген макаласы жана журналист Дилбар Алимованын “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров менен алым-сабак маеги тартууланды.

“Кыргыз туусу” гезити шайлоочулардын добуштарын туура саноо боюнча жаңы чаралар ишке киргизилгенин, маселен бир эле шайлоочунун кайталап добуш берүү мүмкүндүгү жокко чыгарыларын, ошону менен бирге эле добуш берүү учурунда бюллетендерди сүрөткө тартып алууга тыюу салынганын маалымдаган гезит бүгүнкү санын “Добуш берем десең, катталганыңды тактагын!” деген башмакала менен ачты.

Анда “Кыргыздын жашоосу качан оңолот” деген суроого шайлоодо ыктыярдуу түрдө шайлоо участогуна барып, мыйзамдуу добуш бергенди үйрөгөндө гана жашоо оң жолго түшөрүн, бирок эзели алдын-ала кам көргөндүн ордуна “өрт чыгып” кеткенге чейин отура берген кыргызбайлардын көпчүлүгү бул жолу да кыргызчылыкка алдырчу кейптенип калганын, анткени шайлоо комиссияларынан алынган маалыматтарга караганда 10 миңдеген жарандар азыркыга чейин шайлоо участокторундагы тизмелеринен өз аты-жөнүн тактай электигин жазып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезитиндеги журналист Төлөнбай Абдыразаковдун “Түштүктө түмөн иштер бар” аттуу макаласында Уркуя Салиеванын Ноокатта өткөн даңазасы туурасында кеп болду.

Журналист Бакыт Орунбековдун сапар баяны “Оомат Батыштан Чыгышка ооп жатат” деп атылып, Грецияда өткөн “Цивилизациялар диалогу” коомдук фонду өткөргөн жыйындын жөн-жайын баяндады.

Балдар акыны Байтемир Асаналиевдин чыгармачылыгы жөнүндө акын Ысмайыл Кадыров, Кыргыз эл артисти, айтылуу төкмө Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгы тууралуу акын Бактыгүл Чотурова кеп кылды.

Бишкектеги Ленин заводунун башкы деректиринин биринчи орун басары Самидин Белековдун “Коррупциядан качан кутулабыз?” аттуу кайрылуу каты президент Роза Отунбаевага, Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашаевага багышталып, каттын ээси 2000-жылы Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы “Сейил” пансионаты аукционго коюлганда, мыйзамдуу түрдө утуп алып, акчасын төлөгөнүн, ошондо 10 пайызы Ленин заводуна, 90 пайызы өзүнө таандык болгонун, анан аз мезгил өткөн соң Айдар Акаевдин аты менен келген адамдар тартып алганын, кийин Акаевдар кеткенден кийин соттун чечими менен кайрадан өзүнө алган пансионатты 2005-жылкы революциядан кийин Максим Бакиевдин Ширшов дегени келип тартып алганын, ошондон ушу күнгө чейин Жогорку Сотто иштеп жаткандардын көбү кадимки Данияр Үсөновдун адамдары экенин далилдеп, чындык өзү тарапта болсо да Жогорку Соттун судьясы Жаманкулова сыяктуулар акыйкаттыктын арыгын аттай албай кылчактап жатканы ага табышмак бойдон калып жаткандыгын кейиш менен кеп кылды.

Мамлекеттик кадр кызматынын деректири Чолпонкул Арабаевдин “Заманбап полиграф - терс көрүнүштөргө бөгөт” деп аталган макаласы да ушул гезитте.
XS
SM
MD
LG