Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Гезиттер: Кер толгоо


Бүгүн жарык көргөн гезиттер Кыргызстандын ички-тышкы турмушундагы урунттуу деген окуяларды талдоого алышты.

Журналист Жылдыз Мусабекованын “Жинди” дүйнө деп аталган баш макаласы менен жарык көргөн “Айат” гезити түрмөлөрдөгү бунтту кыргыз мамлекеттүүлүгүнө каршы жасалып жаткан иш экенин, бүгүн коомчулук абактарды тартипке салыш үчүн аттанып чыккан генерал Шейшенбек Байзаковду колдобосо эркиндигибиз коркунчта калаарын дагы бир жолу эскертти.

Автор Жогорку Кеңеште “криминалдар отурат” дегендин чындыгы барын, ушу тапта бийликке мыйзамдуу жол менен келе албаган күчтөр бийликке жетүүнүн ушундай жолуна өткөнүн айтып, президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып: “Сиз, Алмазбек Шаршенович, оппозицияда жүргөн кезиңизде Курманбек Бакиевдин криминалдын алдына чөгөлөп чыкканын далай ирет сындагансыз, эгер “Байзаковду ордунан кетирүү менен проблеманы жабабыз” десеңер, катуу жаңылышасыңар. Анда эле кылмыш дүйнөсүнүн мыкчыгерлери төбөңөргө чыгып алып айтканын айткандай, дегенин дегендей жасатканга өтөт. Деги кылмыш дүйнөсү качан чээнге кирет дагы, качан өз мыйзамы менен жашоого өтөт? Эл сизге ишенип, сиздин ар бир кадамыңызды кылдат байкап, карап отурат” деп жазды.

Буга улай эле “Общактар” абакка түшкөндөрдү сабап, акча талап кылышабы? Же Жогорку Кеңеш абактагыларды неге актап жатат? Биз криминалга чөгөлөп, коркуп жашайбызбы?” деген теманын алдында Жаза өтөө башкармалыгынын кызматкерлеринин, айрым депутаттардын, укук коргоочулардын ойлоруна орун берди.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева: Жогор жактагылар мындай ызы-чуунун баары кайдан чыкты деп таң калып коюшат. Бул бир эле күндө пайда боло калган жок. Туугандары берип жиберген тамак-аштын 70 пайызынын 30 гана пайызы камактагыларга жетет экен,-десе,

Депутат Ирина Карамушкина: Менин жардамчымдын таанышы абакта отурат экен, анын маалыматы боюнча азыр “общактар” абактагылардан 10 миң сом талап кылып атышыптыр,-деп,

Депутат Алтынбек Сулайманов: Бул маселе боюнча өкмөттү чакырып, чара көрүү керек. Ооздорун тиккени үчүн жетекчисин чакырып "герой" берели. Чоң ЧП болуп атат. Абактагылардын туугандары да нааразы болушууда,-деп,

Генерал Абдыгул Чотбаев: Учурда өкмөт менен криминалдын ортосунда күрөш болууда. Өкмөттүн атынан Ш. Байзаков чыныгы күрөш жүргүзүүдө. Биз генералды колдойбуз. Эгер аны кетирсе, криминал мындан да күч алып, кийинки президент “мыйзамдагы ууру” болуп калышы мүмкүн,-деп,

Акыйкатчы Турсунбек Акун: Абактагылар “эмне үчүн Байзаков бир жактуу маалымат таратып атат? Эмнеге бизди каралайт? Эмне үчүн Алимбаев ашыкча баңгизатын кабыл алуудан өлдү" деп айтууда. "Ушуну журналисттерге жеткирип койгула. ММКларды киргизишпейт. Биз деле адамбыз да" дешүүдө. Буга кимди күнөөлөйм? Байзаковду же абактын жетекчисин күнөөлөй албайм. Бюджеттен 8 млн. сом гана бөлүнөт экен. Байзаков барган жеринде иш кылат экен. Бир да начальник мындай иш кылган эмес. Байзаковду Жогорку Кеңеш да, абактагылар да кетире албайт. Аны өкмөт гана чечет,-деп айтты.

“Айаттын” бүгүнкү санына ошондой эле белгилүү журналист Жаркын Темирбаеванын “Кыргыздын канын төккөн байлардын тилине кирип, малча союлган кыргыздын сөөгүн аттап өтүп, көзүн таңып алган укук коргоочуларды улуттун аккан канына, кусуруна койдум” деген аталыштагы маеги да жарык көрдү.

“Учур” гезити депутат Бактыбек Калмаматовдун “Мамлекеттин тагдыры бычактын мизинде турат” деген, “Исаковдун түбүнө тууганы Байдөлөтов жетеби?” деген, “Текебаев байып алды. А биз жөө жүрөбүз” деген макала жана маектер жарык көрдү.

Кыргыз өкмөтүнүн стратегиялык талдоо бөлүмүнүн башчысы Орозбек Молдалиевдин “Бийликти күч менен кармоо куру кыял” деп аталган маегинде Борбор Азия аймагындагы бири бирине чырмалышкан маселелер, Акаев, Назарбаев, сот бийлиги тууралуу кенен сөз болду. “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Талант Мамытовдун маеги “Текебаевдин иши - популизм менен упай топтоо” деп аталды.

Таланттуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин кызыктуу маеги “Казактардын кыздарынан жолдуумун” деген ат менен тартууланды.

Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова тууралуу баянын “Дүр атанын кызы жана чымындуулар” деген аталыш менен биринчи бетине чыгарган “Де-факто” гезити жаңы санында кыргыз кызын тепкилеген Гүнеш Йылмаз 6 жылга соттолгонун маалымдады.

Депутат Каныбек Иманалиев “Борбор Азиянын суу державасы болуп туруп коңшуларга неге жалдырайбыз?” деген ат менен маек курду. Ал акыркы кездери Орусия, Кытай, Пакистан, АКШ өңдүү кудуреттүү өлкөлөр Кыргызстандын гидроэнергетикалык ресурстарына бекеринен кызыкпаганын, себеби жакынкы эле мезгил ичинде Борбор Азиянын суу ресурстарына кайсы өлкө ээлик кылса, ошол өлкө аймактын геосаясатын колго алганы турганын кеп кылды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Түркияга барган иш сапары, үч державанын ортосундагы оюндар тууралуу саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун маегинде сөз болду. Аликбек мырза биз азыр тышкы саясаттын жаңы концепциясын аныкташыбыз зарылдыгын, буга чейинки президенттер тигил жакка барып бирди айтып, бул жакка келип башканы айтып саясат жүргүзүп келишкенин, эч кимди алдабай, мамлекеттин кызыкчылыгын башкы орунга койгондо гана мамлекет эл аралык кадыр-баркка ээ болорун, инвесторлор да ишеним менен келерин, бирок Атамбаевдин бул жолку иш сапарынан кыйкым издөөнүн кереги жоктугун, геосаясий алкакта таасир көрсөтүү жагынан ансыз деле Түркия Орусия менен теңтайлаша албастыгын, анын экономикалык потенциалы абадан чоңдугун, ири ядролук держава болуп саналарын эске салды.

“Мегакомдун” чатагы дале бүтпөй келатканы, анын акыйкатына сот гана жетери журналист Мирлан Дүйшөнбаевдин макаласында баяндалды.

Башкы прокурор Аида Салянованын үй-бүлөсү, жашоо-турмушу, ата-энеси, өмүрлүк жары, кайнене-кайнатасы тууралуу баян сүрөттөрү менен коштолуп жарык көрдү.

Кыргыздын жыгач устачылык өнөрүнө атайын макала арнаган “Де-факто” гезити азыркы күндө Бишкек шаарында мыйзамдуу каттоодон өтүп алып эмерек жасап жаткан чакан ишканалардын саны 100гө жетип барганын, ал эми 90го жакын эмерек саткан дүкөндөрдүн 50 проценти түрк ишкерлерине таандык экендигин кабарлады. Макалада эмерек жасап ишкерлик кылам деген адам алгач эмнеден башташы керектигин түшүндүргөн 7 кадамдан турган сабак тартууланды. “Эльмар” эмерек цехинин башчысы Азиз Карыкеевдин чакан маегинде бүгүн кыргыздар эмеректи жашап турган үйлөрүнө ылайыктап заказ менен жасата баштаганын, каалоочулар улам көбөйүп баратканын кеп салып берди.

Ушу күндө түрмөдөгүлөрдүн 7 миң адамы ачкачылык кармап, миңден ашууну оозун тигип алганы журналист Семетей Талас уулунун макаласында сөз болду.
XS
SM
MD
LG