Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Балдакчан өлкө


Бүгүн жарык көргөн гезиттер өлкөнүн ички-тышкы турмушундагы ызы-чууларды маалымдап, Аксы окуясынын 10 жылдыгын эске салды. Маданият ишмерлери, ырчылар тууралуу маектерди басты.

Айрым маалыматтар боюнча, акыркы 6 жыл ичинде кыргыз мигранттары Кыргызстанга 4,5 млрд. АКШ долларын которуптур. Бул каражаттарды мекендештерибиз бөтөн эл, бөтөн жерде каруусун казык, башын токмок кылып жүрүп таап жаткандыгы тууралуу “Алиби” гезитинин жаңы санындагы журналист Темирбек Алымбековдун “Кыргыз миграциясынын тескейи” деген макаласында кенен кеп болду.

Акмат Бакиевдин качып кеткендигине байланыштуу ызы-чуу аягына чыгалек. “Алиби” гезити бүгүнкү санына Башпрокурордун мурдагы 1-орунбасары Рыскул Бактыбаевдин “кылыктары” четинен чукула баштаганын кабарлап, алгачкы чабуулду “Кыргызнефтигаз” ишканасынын мурдагы жетекчиси Касым Исманов баштаганын, Исмановдун айтуусунда: “Акматтын айланасында криминалдардан башка абдан тажрыйбалуу юристтер, шылуун жигиттер жүрүшкөн. Алар терең ойлонулган, укуктук жактан илинчеги жок иштер менен бирөөлөрдүн мүлкүн тартып беришчү. Айрым баш ийбегендерге мага окшотуп жасалма кылмыш ишин козгоп, акчаларын алышчу” деген сөзүн шилтеме кылуу менен, ошол “бөрк ал десе баш алган желдеттердин” көч башында баш прокурордун экс-1-орунбасары Рыскул Бактыбаев турганын баса белгилеген маалыматты таратты.

Гезит андан ары дал ушул Акмат Бакиевди калкалап келген деген “Башпрокурордун 1-орунбасары Рыскул Бактыбаевди президент Алмазбек Атамбаев өз буйругу менен кызматтан кетирген, болбосо дагы кандай жүрүштөрдү жасайт эле ким билет?” деп кошумчалады.

Коррупцияга каршы күрөш коррупционерлерге жакпаса, элге жагып эле жатат” деген ат менен Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева маек куруп, саламаттык сактоо тармагындагы маселелерге токтолду.

Саясатчы Темирбек Асанбековдун маеги “Ыркыраша берсек инвестор түгүл ит келбейт” деп аталды. Ынтымагы жок үй-бүлөгө ыйман токтобой тургандыгын айткан саясатчы саясый туруктуулук орнобосо, бийлик өкүлдөрү мыйзам бузбай таза шайлоо аркылуу чындык менен келбесе, чет өлкөдөн инвестор тартмак турсун чет өлкөгө кетип жаткан кыргыздарды да токтото албастыгыбызды айтты.

Белгилүү журналист жана юрист Жыргалбек Турдукожоевдин макаласы “Алсыздыктын жана жалгыздыктын 100 күнү” деген ат менен жарык көрүп, президент Алмазбек Атамбаевдин 100 күнүн айтылуу Дон-Кихоттун Жел Тегирмен менен жалгыз салыгылашып жаткан аянычтуу тагдырына салыштыруу менен сынга алды.

“Жаңы агым” гезити “өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов финансы полициясын жоюп, экономикалык кылмыштарды иликтөө боюнча жаңы орган түзүү чечимин кабыл алды” деп,

“Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен баш прокурордун 1-орунбасарлыгынан ыргыган Рыскул Бактыбаевдин былыгы чууруп чыга баштады” деп,

“Шадиев, Жунушалиев, Жумалиев суракта, дагы ким?” деп кабар таратты.

“Жаңы агымдын” бул саны баскан дагы бир маек “БШК 23 мандатты бизге ыйгарбаса, нааразылык акциясы токтобойт” деп аталды. Анын автору “Улуттар биримдиги” саясый партиясынын төрагасы Таалайбек Сабиров маегинде өз партиясынын эки депутаттык мандаты башка партияларга “устукан” катары тартылып кеткенин, бийликтин мындай чечимине шайлоочулардын кыжыры кайнап жатканын, Борбордук бийликтин мындай эки жүздүү саясаты абалды кескин курчутуп, элдин биримдигине доо кетирерин, бул талаптын аткарылышы үчүн мөөнөтсүз каршылык акцияларын уланта беришерин Ак үйгө кулак кагыш кылганын жазып чыкты.

Ушул эле санга мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы Шейшенбек Байзаковдун “Эгер акча алды деген далилдери болсо иликтешсин, камашсын” деген ат менен, түзөтүү мекемелериндеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөө прокуратурасынын прокурору Адис Өмүралиевдин “Менин каршы болгондугума карабай Ленин райондук соту Акмат Бакиевди жатак абакка которгон” деген ат менен маек беришти.

Бүгүн окурмандарга тарууланган “Фабула” гезити “Аксы трагедиясына 10 жыл” деген рубриканын алдында “Өлгөндөр өлдү, аттыргандар, жыргайт да, ыя?” деген темадагы макаласында ошол Аксы окуясындагы күнөөкөрлөрдү дагы бир жолу элдин эсине салып, алардын тизмелерин шардана кылды.

Тизменин башында Аскар Акаев, Курманбек Бакиев баштаган ошол кездеги президент менен өкмөт башчынынын жан-жөкөрлөрү бар. Акыйкатчы Турсунбек Акундун маеги “Зоотбек Кудайбергенов Акаеванын тапшырмасы менен элге каршы чыккан” деген ат менен тартууланды. Анда Жалал-Абад облусунун ал кездеги прокурору Зоотбек Кудайбергенов Майрам Акаеванын тапшырмасы менен Азимбек Бекназаровду каматканын, ошол эле Зоотбек Кудайбергенов бүгүн Жогорку Кеңеште иштеп аткандыгын айтса,

Үзөнгү-Кууштун сатылышына байланыштуу ачкачылык жарыялагандардын катарында отуруп, ачкачылыктын 28-күнүндө жан кыйган Шералы Назаркуловдун жесири Назгүл Абдыкеримова “Шералы каза болгондо Акаеви да, Бакиеви да Бишкектен жер бербей койгон” деген ат менен арманын айтты.

Журналист Баратбай Аракеевдин макаласы “Азыркы кыргыздын айыкпас “оорулары” деп аталды. Автор негизинен аялзатынын коомдогу орду туууралуу кеп кылды.

Эртабылды Аттокуровдун макаласы “Мамлекеттин биримдиги-бийлик менен оппозициянын колунда” деген ат менен жарыяланып, анда партиялык тизме менен шайлоо кимге пайдалуу экендигин талдоого алды. Оппозиция бийликке камчы болуп турушу керектигин, бирок анын койгон талаптары дагы, сындаган сыны дагы реалдуу болушу зарылдыгын белгиледи

Депутат Токон Мамытовдун маеги “ЖМК, Сот, Прокуратура өзүлөрүнө тиешелүү ишти жакшылап “отоп” чыгышкан” деп атады “Фабуланын” бүгүнкү саындагы маегинде.

Депутат негизинен күнөөнү жаза аткаруу мамлекеттик кызматына, анын жетекчиси генерал Шейшенбек Байзаковго койду. Бир катар суроолуу жүйөөлөрдү мисалга тартты. Ал ошондой эле Акмат Бакиевдин ишин кароону Жалал-Абаддан Бишкекке алдыртышканын эске салуу менен, бир кызыгы ошо облуста коюлган 5 берене боюнча деле акмат Бакиев 15 жылдан кем эмес эркинен ажыратылмагын, бирок булар аны Бишкекке алдырып алып, 1-СИЗОго камап коюп, ар бир олтурган күнүн үч күнгө тете деп эсептеттирип, анан 7 жылга кесип, андан ары колонияга, андан ары ооруканага которуп жүрүп олтуруп качыртып жибергенин жаны күйүп кеп кылды.
XS
SM
MD
LG