Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:58

"Жемкордукту ачык коргойбуз"


Гезиттер саясат, экономика, эл турмушу тууралуу ар кыл материалдарды жарыялашты.

“Биз буга чейин Советтер Союзунун курамында жүргөндө Бангладеш деген өлкөнү теңибизге албай, сын тагып карачу элек. Ошол көз караш азыр деле кала берген экен. А чынында жакынкы жылдарда өнүккөн өлкөлөр деген 11 өлкөнүн тизмесинде Казакстан менен Украина эмес, Дүйнөлүк соода уюмунун маалыматы боюнча кийим экспорттоо жагынан Бангладеш 4-орунда турат экен. Биз деле азыр Орусияга кийим экспорттоп атабыз, бул жакшы нерсе, бирок Бангладеш дүйнөлүк стандарттагы кийимдердин көлөмү боюнча АКШга 3-өлкө катары, Европага 1-өлкө катары кийим-кече экспорттоп турган өлкөгө айланыптыр”.

Мына ушул айтылган сөздөр Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын “Де-факто” гезитинин бүгүнкү 32 беттен турган санына курган көлөмдүү маегинен үзүндүлөнүп алынды. Роза Отунбаева өзү ачкан эл аралык коомдук фонд тууралуу кенен түшүндүрүп, азыр фонд билим берүү, маданият, экологиялык маселелерге багытталган долбоор менен иштеп жатканын айтуу менен калкынын саны Орусиядан 13 миллионго арбын, бирок биздикиндей мөңгүдөн түшкөн таза суусу, кен байлыгы, кудуретүү жаратылышы, асыл жери жок туруп эле кыйла жакшылыктарга жетишкен Бангладеш тууралуу кызыктуу далилдерди келтирүү менен баяндады.

“Де-фактонун” ушул санында убагында Акаевдин “дос секретары” аталган Мисир Ашыркуловдун маеги “Акаевдер айрым адамдарга акча берип, Кыргызстанга келгенге аракет кылып жатышат” деп аталып, досу Акаев менен студент кезинде бирге окуганын, ал бирөөлөргө акча берсе ошону сурагандан уялып, тартынып, Мисиркулов барып сурап келип бергенин, бирок ошол ыймандуу Аскарды бийлик бузганын, такка отурары менен өз чөнтөгүн гана ойлоп калганын, президент болгондон кийин качан барса эле: “тиги баламдын эч нерсеси жок, бул балам жылаңач жүрөт” деп наалып отурганына далай ирет күбө болгонун ачык айтып салды.

Ашыркулов Мисир андан ары жогорку кызматка Майрам Акаевага жаккан гана кишилер алынчусун, өзү мурда Адахан Мадумаровду саясатта бышып калды деп баалап жүрсө, кийин ал оюнан кайтканын, анткени адам деген бечаранын айткандары менен иши дайым эле төп келе бербегенин, Алмаз Атамбаевге орусиялык журналист Аркадий Дубнов “большой политик” деп баа бергенин, эл деген түндүк-түштүк болуп эч качан бөлүнбөстүгүн, бул саясаттагы эргулдардын гана карманган талы экенин, бүгүн Кыргызстанды кишендеп келаткан жалгыз желмогуз - коррупция болуп жаткандыгын баяндады.

“Айат” гезити Балбак Түлөбаевдин “Баш мыйзамды өзгөртпөсөк балээлер башталат” деген макаласын тартуулады. Анда парламенттеги партиялар туурасында сөз болот.

Коомдук ишмер Болот Исаев маегинде айыл чарбасын алдыга жылдыруу үчүн ассоциация түзүү керек деген маселе коюп, анын чоо-жайын кандай болушу керектигин түшүндүрүп берди.

Кыргыздын чыгаан кыздарынын бири, белгилүү финансист Шарипа Садыбакасованын 70 жашка чыккандыгына байланыштуу анын ишмердиги, үй-бүлөлүк турмушу тууралуу кызыктуу баянды да “Айат” басылмасынын ушул санынан окуй аласыздар.

“Учур” гезити жаңы санын “Кадыров мырза Салянованын отставкага кетүүсүн талап кылды” деген чакан маалымат менен ачты.

31-мартта Баткенде оппозициянын лидерлери баштаган чоң митинг болорун, ал жерде өкмөттүн отставкасы талап кылынарын, бирок өкмөттүн басма сөз кызматы: “Буга чейин Мадумаров эки ирет, Ташиев бир жолу Өмүрбек Бабанов менен жолугушуп, өкмөткө кине коюуга азыр эрте экенин, бирок айрым министрлердин ишине канааттанбай атышканын билдиришкенин, Бабанов алардын бул айткандарын эске аларын айтканын” мисалга келтирип, Ак үйгө кирип Бабанов менен сүйлөшүп чыгып, Ак үйдүн сыртына чыгып Ташиев менен Мадумаров жалпы өкмөттүн кетишин талап кылып кыйкырык салып жатышканын, муну кандайча түшүндүрсө жарашарын, анткени көшөгө артында башканы сүйлөп, эл астына чыкканда теңирден тескери сөздөрдү айтышарын белгилеп: “буга эми эл өзү тараза болсун, Ташиев менен Мадумаров элдин башын айлантып жатабы же Бабанов алдамчыбы?” деген суроону койду.

Ушунун эле жанына “Аида Салянова кетип, ордуна Курманбек Бакиевдин кайнагасы келеби?” деген ат менен дагы бир маалымат жарыяланды. “Учур” гезити коррупция менен күрөшүүдө башкы прокурор Аида Салянова чабалдыгын көрсөткөнүн, ишинин көзгө көрүнөрлүк натыйжасы болбогонун, эми анын ордуна орун басары Нурлан Жээналиевдин келери болжолдонуп жатканын, ал эми Н. Жээналиев качкын президент Курманбек Бакиевдин экинчи аялы боюнча кайнагасы экендигин гезиттер мурда эле жазып келишкенин кабарлады.

“Айгай пресс” гезити жаңы санын “Кыргызстан кул ээлөөчү доорго өтөбү же Эмгек кодексин өзгөртүүгө кимдер кызыкдар?” деген макала менен ачты.

Токо Мамбетовдун макаласы “Бейиштин төрү “сатылып” жатат” деп аталды.

Гезиттин парламентке арналган атайын бетиндеги макалалардын атын эле атай кетсек түшүнүктүү болор деген ойдобуз. Мисалы, бир макала “Базардан” келген парламент” деп аталса, экинчиси - "Парламент коррупцияны ачык коргоого алдыбы?” деп аталды. Бул макалада Пирматовдун кол тийбестигин алдырбоо боюнча 89 депутат тикесинин тик туруп колдоп чыгып, 18 гана депутат кол тийбестигин алып салууга макулдугун бергенин, юридикалык өңүттөн алганда депутаттык комиссиянын Пирматовду актоо чечими юридикалык күчкө ээ эместигин, кыскасы депутаттардын мындай чечими “коррупцияны ачык коргойбуз” деген белги болуп калганын белгиледи.

“Арена” гезити “Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “өзгөчө” калпы” деген жалпы теманын алдында табият кырсыгы алып келген кыйынчылыктар тууралуу баяндаса, депутат Өмүрбек Текебаевдин маеги “Равшан Жээнбеков кагаз жүзүндө бекемделген убадасына турбады” деп аталды.

Ушул эле гезитке “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, саясатчы Адахан Мадумаровдун “Минген унаасына, жеген тамагына кубанып, курсагын сылагандан башка булардын мактана турган жери барбы?” деген аталыштагы маеги “Майдан.Kg” маалымат булагынан алынып жарыяланды. Адахан мырза маегинде өткөн митинг митинг өткөрүүнүн зор маданиятын көрсөткөнүн, ага 30 миң адам бир учурда чогулуп, бүтөрү менен аянтты тазалап, тарап кеткенин, муну маданияттуулуктун туу чокусу деп атаарын, кийинки митингдер да ушундай маданияттуулугу менен айырмаланарын, бийликти аркан менен байлап коюшса да эч ким басып алууга кызыкдар эместигин, болгону оппозиция койгон талаптардын аткарылышы сураларын кеп кылуу менен бүгүнкү бийликтин буга чейин жасап келгендерин жана учурдагы жасап жаткан иштерин сынга алды.

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин арасында “Параграф” гезити да бар. Гезиттен “3-революция болобу?”, “Улуттук университет - улут сыймыгы”, “Дастакенин кезектеги дарсы”, “Матушкадан частушкалар” , “Кыргызстанда революцияны ким токтото алат?” деген макалаларды окуй аласыз.

“Асман пресс” гезити “Түлеевдин бизнесине “каралар” кызыгып атат”, “Кореяда кыргыз кыздарынын 95 пайызы кор болуп жүрөт” деген макалалар, маектер бар.
XS
SM
MD
LG