“Манас” базасынын кереги барбы?” Мына ушундай суроо менен айрым саясат иликтөөчүлөргө бүгүн жарык көргөн “Дело №....” гезити кайрылды.
Марс Сариев: Ооганстанга таяныч база болуп турган “Манастан” ажырабаш үчүн АКШ ар кандай компромисске барууга даяр. Жакында эле жогорку чөйрөлөрдө транзиттик “Манас” борбору АКШ менен Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн ошол эле убакта Россиянын кызыкчылыгын эске алуу менен пайдаланылышы керек” деген ой айтылды. Менин оюмча Россия менен соодалашуу болот. Россия “Манас” аскер базасын АКШга басым жасап туруу максатында пайдалангысы келип жатат. Кыргызстан азыр АКШ менен Россия жаккан оттун ортосунда турат. Кыргызстандын үстүндө ансыз да эки кол чатыр бар. Бири-Россиянын колундагы - ЖККУ, экинчиси- Кытайдын колундагы ШКУ. Америкалыктар үчүн мына ушул эки тосмодон өтүү зарыл болуп турган чагы. Баткенге машыгуучу борбор түзүү тууралуу аракет ишке ашпай калды. Эми америкалыктардан жаңы долбоорлорду күтүүгө туура келет.
Токтогул Какчекеев: Бүгүн биздин Конституциябыз Американыкына окшош, өкмөттүн күч органдары, парламент дагы американыкына окшошкусу келүүдө. Демек кептин баары акчада калды. Америка биздин элитага ондогон долбоорлорду сунуш кылып жатат. Керек болсо тышкы карызыңардан кутултабыз деп чыгышы да мүмкүн. Базаны сактап калуу максатында миллиарддаган долларды кечип коюш Америка үчүн түккө турбаган нерсе.
-Кокус Америкалыктар Ооганстандан чындап эле кете турган болсо Борбор Азияга талибдер кол салабы?- деген экинчи суроо менен гезит ушул эле эксперттерге кайрылды.
Токтогул Какчекеев: Мен аны мындай сценарий аркылуу элестетем. Америкалыктар кетип жатып, бийликке келген талибдер менен келишим түзөт дагы бүтүндөй курал-жарагын ага өткөзүп берет. Кыскасы “Чоң Борбор Азия” аттуу планды андан ары ишке ашыруу милдетин талибдер мойнуна алат. Талибдер ашууларды ашып келет, ошол кезде бул жерде мамлекеттик төңкөрүш болот дагы, биз ислам респбуликасына айланабыз. Ислам өлкөсүнө айланууну каалаган өзүбүздүн ишмерлер керек болсо парламентте олтурушат. Дин деген начар иштеген мээлер үчүн апиймден да жаман таасир этет.
Марс Сариев: Ооганстандагы Карзайдын режими америкалыктардын мылтыгы менен гана кармалып турат, бул өлкөдөгү система батыш модели менен түзүлгөн, деги эле Ооганстанды бул модел менен башкарыш мүмкүн эмес.
Ооганстандын экономикасына өтө чоң каражат жумшай баштаган кытайлар талибдер менен тыгыз байланыш түзө баштады, эгер америкалыктар кеткен күндө да Кытай ушул позициясын сактап кала турган болсо анда баары тынч болот. Бийликке келген талибдер өз өлкөсүнүн ички проблемалары менен алпуруша баштайт. Кытай деген керек болсо шайтан менен да келишим түзө ала турган өлкө болуп саналат. Андан ары талибдер менен Иран жалпы тил табыша алса мында да аталган аймактарда тынчтык болот.
Ал эми өз атын атагысы келбей, Марат деген ат менен суроого жооп берген аскер эксперти: Талибдердин Борбор Азияга чабуулга өтө турган эч качан планы жок жана болгон да эмес. Анте турган эч кандай аскерий, финансылык, адамдык да ресурсу жок. Идеологиялык себептери да жок. Ансыз деле сырттагылар үчүн Борбор Азия ислам мамлекеттери болуп саналат. Бүгүн мечиттердин саны боюнча алтургай айрым ислам өлкөлөрүнөн да ашып түштүк. Мындан тышкары Куран менен шарият ар кандай согуш болушуна тыюу салат. Кылыч деген ким бирөөнүн башын алыш үчүн эмес, Ата Мекенди, үй-бүлөнү коргош үчүн кындан суурулат, - деп жооп берди.
Ушул эле эксперттер “Дело №....” жумалыгынын бүгүнкү санындагы “Кыргызстанды Ирандан тескери буруш үчүн Америка Кошмо Штаттары эмне кылышы керек?” деген суроолорго да жооп берди.
Гезит ошону менен бирге эле Оксана Малеваная маркум Медет Садыркуловдан никесиз тууп алган 4 жаштагы баласы менен өткөн март айынын 29унда Украинага барып конгонун, бир кездеги “Слово Кыргызстана” гезитинин башкы редактору болуп жүргөн атасы Александр Малеваный кызы менен кошо жүргөнүн, бирок Украина бийлиги Оксана Малеванаяга баш калканч берүүдөн баш тартканын, анан ал Грузияга учуп барганын, аны ал жерден Грузиянын Омбудсмени тосуп алганын маалымдады.