“Алиби” гезити “Эл бузарларды эл ичинен айдап чыгыш керек” деген ат менен 65 жаштагы пенсионер Салкын Жумашеванын алакандай каты менен бүгүнкү санын ачты. Кат ээси жепутат Курманбек Осмонов менен Адахан Мадумаровго катуу нааразы экендигин билдирген.
Гезиттин дагы бир чакан кабары “Камчыбек Ташиев ушакчы болуп кеткенби?” деп аталып, анда ал райондук деңгээлдеги саясатчынын деңгээлинен өөдө көтөрүлө албай калгандыгы айтылган.
Депутат Исмаил Исаков “Атамбаевдин айланасында жалаң кошоматчылар жүрөт” деген ат менен маек курду. Исаков мырза маегинде ал Пирматов үчүн эмес, мыйзамдуулук үчүн добуш бергенин, анткени Башкы прокуратура мыйзамсыз иш козгогонун, муну түшүнбөгөндөр Атамбаев менен Исаковду кайраштыргысы келип аткандар экенин кеп кылды.
Журналист Тынчтык Алтымышевдин макаласы “Өкмөттүн өңү кимге окшош?” деген суроого жооп издеп, Бабановдун аракеттерин сынга алды.
"Фабула" гезити алакандай кабарларынын биринде жакынкы жумада парламент өкмөттүн жүз күндүк отчетун угарын, эгер купулуна толбосо Бабанов кызматынан кол жууп, жаңы коалиция куралып, оппозиция талап кылып аткан кесипкөй өкмөт түзүлүп, премьер-министрлик орунга Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов келип калышы мүмкүн экендигин Ак үйдөгү билермандар өзүлөрү кеп кылып жатышат деп маалымдады.
Ушул эле санга саясат талдоочу Марат Казакпаев бир катар суроолорго жооп берип жатып, Союз убагында өкмөт башчысы болгон Г. Явлинский деген деле 500 күн деген план алып, эч нерсени өзгөртө албаганын, өкмөт көптөгөн малекеттик агенттиктерди кыскарткан менен ал секторлорго жалаң тажрыйбасыз адамдар орношуп, бул жаатта эч кандай өзгөрүү болбогонун, калктын бир катмары ушуга нааразы экенин, ошону менен бирге оппозицияда деле кыйраткан адамдар жок экенин, баягы эле Бакиев менен иштешкен Келдибеков, Мадумаров, Ташиев баштагандар жүргөнүн, парламент болсо Пирматов өңдүү күнөөлүүлөрдү актап, элди дагы бир жолу иренжитип алганын, Атамбаев аракет кылып жатканын, бир кемчилиги өкмөт башчы Бабановго абдан ишеним артып алганын, Бабановдун ким экенин убагында Айдар Акаев, Максим Бакиевдер менен жакшы мамиледе болуп бийликке келгенин эл беш колдой билерин, бүгүнкү күндө деле Бабанов бийликте ишкерлик үчүн отурабы деп ойлоорун, бийликке жаңы муундун өкүлдөрү келиши керектигин айтты.
Журналист Бөкөнбай Боркеевдин айтылуу булбул Асанкалый Керимбаев тууралуу “Периштем” деген макаласы да ушул “Фабуланын” жаңы санында.
“Жаңы агым” гезити 10-апрелде Жалал-Абаддагы митингден кийин же бейшемби күнү оппозиция Таластын борборунда эл чогултууга аракет кылганын, бирок жергиликтүү калк "бизге митингиңердин кереги жок" деп митингчилерди кууп чыкканын, атүгүл таратып жаткан 500 сомуна да карабаганын, таластыктар бир нерсе баштабайт, баштаса эч кимге моюн бербей турган эл экенин белгилеп: “эгер таластыктардын мунусу башка аймактагыларга сигнал болсо, эми Көл менен Нарын да оппозицияны томсортуп койбос бекен?” деп жазып чыкты.
Айтылуу публицист Алым Токтомушевдин “Дөңгөлөк” аттуу макаласы Атамбаевдин Орусияга жасаган сапарына журналисттик “саякат” жасаган.
Мелис Совет уулунун “Арзан май болбосо атамдын башына жер айдаймбы?” деп аталды. Макалада жаз ортолоп калса да дыйкандарга жеңилдетилген кредиттер толук таратылбай, таратылса да жыл башында айтылган 200 миң сом берилбегенин, лизингге бериле турган техникалардын баасы асман чапчыгандыктан айылдыктар аны эгерим ала алышпастыгын кейиш менен кеп кылды.
“Жаңы агымдын” жаңы санында “Депутатың эмне кылды, демарал?” деген рубриканын алдындагы макала “Сарамжал Исаев, 2 млн. сомдук мыйзам жазган Келдибеков” деп аталды.
Макалада бир эле Жогорку Кеңеште иштеп аткан эки депутаттын мамлекеттин акчасын кимиси кандай пайдаланганын сандардын салмагы менен салыштырып чыкты. Анын натыйжасы, депутат Талантбек Исаевдин жалпы чыгымы 696 миң сом болсо, Ахматбек Келдибековдуку 17 млн. 235 миң сомду түзгөн.