Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Жылмышчаак мыйзам


“Дело №...” гезити негизги макаласын Акмат Бакиевдин качып кетишинин себептерине арнады.

“Кереге” гезити билим берүү министри Канат Садыков ыксыз көбөйүп кеткен жогорку окуу жайлары кыскарып, анын ордун техникалык кесиптик орто окуу жайлары ээлейт деген демилге менен чыкканын,

оппозиция лидерлери Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев Караколдогу митингди жакшы уюштура албай койгону үчүн Садыр Жапаровду күнөөлөп, ал Кара-Балтада араң 15 адамды чогулткан Оомат Казакбаевди "эмне айтпайсыңар, ага караганда мен 70 киши чогултпадымбы" деп өз ара мамилелери бузулуп жатканын кабарлады.

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытовдун “Реалдуу турмушта артка кетип баратабыз деген аталыштагы маеги да ушул “Кереге” гезитинде жарык көрдү.

“Дело №...” гезити “Акмат Бакиев: “Качуунун жолу, же экс-президенттин колго түшүрүлгөн бир тууганы соттун колунан кантип бошонуп чыкты же ким ага жардам берди” деген аталыштагы иликтөө макаласын жарыялады.

Автор макаласында Акмат Бакиевдин кылмыш ишин башынан аягына чейин барактап чыккан. Ага кандай күнөөлөр коюлганын, кимдердин зыркыратып, менчигин тартып алганын, кимдер канча акча бергенин санап келип, айрым бир жагдайларга токтолгон.

Акмат Бакиев качып кеткенден кийин атайын прокурор Адис Өмүралиев түрмөдөгүлөр менен Ахмат Бакиевди зонадан чыгарбаш үчүн аракет кылдым деп билдиргенин, бирок анын жардамчысы А. Сыдыков деген сотто башкача айтканын, ал эми Ленин райондук сотунун судьясы Т. Байсеитов “Бакиев Акмат Салиевич кылмыш жазасын мындан ары колония-посолениеде өтөсүн” деген токтом токуй салганын, Бакиев ошол токтомго байланыштуу колония-посолениеге койо берилгенин, Бакиев качып кеткенден кийин “Кантип качты? Ким качырды?” деп чуу түшүп жатканда Бакиевди колонияга чыгаруу токтомун токуган судья Байсеитов "мен бул чечимди ички ишенимиме байланыштуу кабыл алгам” деп жооп бергенин, көрсө Байсеитов деген сот качкын президенттин уулу Марат Бакиевдин чогуу окуган курсташы экендигин шардана кылды.

“Дело №...” андан ары “Фемиданын көзү кантип таңылганын” окурмандарга санап берди.

Маселен 2012-жылдын 4-январында Акмат Бакиев Ленин райондук сотунун токтому менен Бишкектин четиндеги №35 колония-поселениеге которулган.

24-январда колонияга “тез жардам” чакыртылып, врачтардын көшөрүп койгон талабы менен Бишкек шаарындагы 6-поликлиниканын пульмонология бөлүмүнө жаткырылат.

6-февралда Акмат Бакиевди жакшылап дарылоо үчүн “Кафмедцентр Плюс” деген аты бар менчик ооруканага которушат.

28-февралда К. Апаитова, Ш. Жакыпбаев жана К. Турганбеков деген Жогорку Соттун коллегиясы Акмат Бакиевдин кылмыш иши боюнча надзордук арызын карайт. Ал эми жабырлануучунун адвокаты Икрамидин Айткулов бул арыз менен Жогорку Сотко октябрь айында эле кайрылган. Эмнегедир арызды Жогорку Сот созуп отуруп 5 айдан кийин гана карап, Акмат Бакиевге чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырган.

5-мартта Бишкек шаардык сотунун соттору А. Арзиев, А. Токсобаева, жана Ж. Жакыпбердиев болгон соттук коллегиясы болуп, атайын прокурор А. Өмүралиевдин Акмат Бакиевдин колония-поселениеге чыгарылышына каршы жазган арызын эмнегедир дагы кечигип, арыз жазгандан эки ай өткөндөн кийин карап, соттолуучу Акмат Бакиевге карата жеңилдетилген Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, аны кайра карап чыгуу чечимин чыгарат.

6-мартта буга байланыштуу атайын прокуратура Жаза өтөө кызматына соттолгон Ахмат Бакиевди ал жаткан ооруканада тез аранын ичинде күндүр-түндүр кайтарыкка алуу үчүн көрсөтмөсүн жөнөтөт. Тилекке каршы “кылычыңды ташка чап” дегендей бул көрсөтмө Акмат Бакиев качып кеткенден 3 күндөн кийин келген.

Журналист андан аркы сөзүндө мына ушул окуя тууралуу ойлонгон сайын Акмат Бакиевди качыргандар чындап эле элди накта келесоо деп ойлогону чын экендигин моюнга албай коюуга болбостугун, эми эң эле кызыгы Акмат Бакиевдин адвокаты Бакиевдин колония-посолениеге кторулганы мыйзамдуу болгон деп ушул тапта Жогорку Сотко арыз менен кайрылып жүргөнүн, ал эми Бакиевдин качып кеткенине эки айдын жүзү болсо да Башкы прокуратура эч кимге кылмыш ишин козгобогондугун жазып чыкты.

Ал ортодо Араб Эмираттарынан 3 жарым млн. сомго же 87 миң долларга сатылып келген Акмат Бакиевдин “Лексус” машинесинин тегерегинде жаңы жагдайлар пайда болгондугун, бирок күч органдары менен бийликтегилер Акмат Бакиевге байланышкан иштердин баарын эл көзүнөн тазалап салганга бардык аракетин жумшап жаткансып сезилерин, кыскасы Кыргызстанда Акмат Бакиевдин качып кетишине кызыкдар эң чоң күч бар экенин кеп кылды.
XS
SM
MD
LG