Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Кыргыз качан лөлү эле?


Бүгүн жарык көргөн гезиттер Кыргызстандын кызыкчылыгы тууралуу макалаларга басым жасады.

“Де-факто” гезити президент Атамбаев бүгүн казак президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен Астанага учса, айдын аягында Орусияга, июнда Кытайга иш сапары менен барарын, ал эми ушул тапта Кытайда жүргөн экс-президент Роза Отунбаевага Кытай мамлекетинин Шанхай университети ардактуу профессор наамын ыйгарганын кабарлады.

Аталган гезит аркылуу окурмандардын суроолоруна жооп берип жатып ички иштер министри Зарылбек Рысалиев: “Парламентте отурган айрым депутаттар мурда бизде “черный” катары каттоодо турчу” деп айтты.

КТРКнын деректири Кубат Оторбаевдин Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен маеги жарык көрдү.

- Бардыгына жагалдана берсек, анда өлкөбүз эгемендүү болбой эле, бир мамлекеттин кулу болуп калбайбы, - деп айткан президент казак президенти менен жолугушууда эң биринчи кыргыз-казак чек арасынын көйгөйү тууралуу сүйлөшөрүн, Кыргызстанда Американын аскер базасы болбошу керектигин, кимдир бирөөлөргө жагабы, жакпайбы, буга карабастан Кыргызстан өз кызыкчылыгын коргой алган мамлекет болушу керектигин белгиледи.

Депутат Марат Султанов маек куруп, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, сот, банк тармагынын проблемалары тууралуу кеп кылды. Марат мырза дайыма демократиялык системаны колдоорун, вождизм дегенди жаман көрөрүн, маселен “Ата-Журт” партиясы дал ушул вождизмдик системаны карманып: “мен лидермин эле, мен лидермин” деп лидерликти талашып чуркап жүргөнүн, “Ата-Журттун” башчылары менен мамилеси жакшы болгон менен көз карашы келишпестигин билдирди.

“Айат” гезитине маек курган экономика доктору Айылчы Сарыбаев: ”Начардыгыбызды башкаларга шылтап, өлүмтүгүбүздү өкмөткө артып: “карыз бергиле, арзандаткыла?” деп, карыз берсе, “карызды кечкиле!” дечү болдук, деги кыргыз качан лөлүлүк психология менен жашачу эле, кыргыз деген анча-мынча кыйынчылыкты жер-сууну бузуп кыйкырып, өкүрбөй эле, сары алтындай сабыры, тоодой кайраты, бекем намысы менен, жасаган иши менен, башы менен, акылы менен чечкен калк болгонун эске салып, президент Атамбаев Орусияга барганда “Мен силерден карыз сураганы келген жокмун. Тескерисинче карызымды төлөп бергиле деп айтканы келдим” деп сүйлөгөнүнө абдан кубанганын, бул деген билген кишиге даана кыргызга мүнөздүү жакшы касиет экендигин, ошондуктан качан болсо эле алакан сунуп, карыз сураганды, өлүмтүгүбүздү өзгөлөргө арткан лөлү ооруну, жадагалса иши жок жаштарын акча таап кел деп башка өлкөлөргө жөнөтүп жиберип, анан кайра “аларга эмне иш бербейсиңер?” деп сүзгүлөмөйдү токтотуу керектигин айтты.

Профессор Айылчы Сарыбаев 90-жылга чейин эч кимден кем калбаган өндүрүшү, өнөр жайы, айыл чарбасы бар мамлекетти кайрадан калыбына келтирүү зарылдыгын, бул үчүн карыбы, жашпы бардык акылдуу, иш билги адамдарды мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бир жерге топтоп туруп иштеш керектигине көңүл бурду.

“Учур” гезити “Текебаев “апакай” деген макала менен жаңы санын ачты. Ушул эле санга коомдук ишмер Бегиш Аамтовдун “Текебаев баскан жолуна түкүрдү” деген аталыштагы маеги басылды. Бегиш Ааматов бир жума мурда Жантөрө Сатыбалдиевге кирип, “мурда Атамбаев эки жолу 93-жылкы Конституцияны колдойм деп айтып, кийин Текебаевди колдогонун айтып, 93кө келбесеңер жакында дагы бир жаңжал чыгып, дагы бир революция болот” деп айтканын, Жантөрө мырза үн катпаганын, муну ал мурда Бекназаровго да айтканын, бирок ал 93тү келтирбөө үчүн Конституциялык сотту жоюп жибергенин, үй-бүлөлүк башкарууну сындырдым деген кишинин жасаганы ушул болгонун, эми 93 деп Мадумаров кыйкырып жүргөнүн, ал бийликке келери менен 93тү унутарын, Бакиевге бөжөңдөп Каркыраны казактарга бергенин да унутуп калганын эске салды.

Бегиш Ааматов азыркы бийлик үй-бүлөлүк диктатураны жойгон менен партиялык диктатураны орнотконун, азыркы Текебаев мурдагы Текебаевге каршы чыгып атканын кеп кылды.

Бул санга белгилүү кыргыз акыны Алмаш Чойбекованын армандуу каты жарыяланды. Кат “Кагылайын кыргыз калкым, мени сактап калгыла?” деген ат менен жарык көрдү. Эки көзүнөн ажыраган, ата-эне, бир туугандары жок майып акын жалдап жашаган батирге төлөгөнгө акча таппай, бүгүн өлүм алдында жатканын жазып боорукер адамдарга колдорунан келген жардамдарын аябоону өтүнүп кайрылган.

Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Чолпонбек Абыкеев Кыргызстандын президентине, Жогорку Кеңеш менен Кыргыз өкмөтүнө кат менен кайрылды. Ал “Руханий интеллектуалдык маданияттан айрыла баштадык” деп аталды.

Ушул эле санда “Арабдардын ар бир дубасы кыргызды каргайбы?” деген ат менен “Учур” гезитинин тегерек үстөлүндө өткөн талкуу басылды. Ага Анарбек Усупбаев, Өзбек Чотонов, Өмүрбек Койгелдиев катышкан.
XS
SM
MD
LG