Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Паспортуң кайда, Кыргызстан?


“Фабула” гезити президент А. Атамбаевдин “Азаттык” үналгысына курган маегин жарыялады.

“Жаңы агым” гезити бүгүнкү санын Кыргыз Республикасынын баатыры Бексултан Жакиевдин “Эстеликти жулунгандар гана коюп атат” деген маеги менен ачты. Эл жазуучусу Бишкектин "Эркиндик" гүлбагындагы эстеликтердин ичинен жалгыз гана Жоомарт Бөкөнбаевге коюлган эстелик мыйзам менен коюлганын, калганынын баары мыйзамды көзгө илбестен коюлганын, маселен маркум Исановдун эстелигин Акаев бийлигин узартуу далбасасы менен түштүк элине жагыныш үчүн койдуртканын, Темиркул Үмөталиевдин эстелигин Кубанычбек Жумалиев бийликте турганда туугандык, жердештик менен койдуртканын, кийин Исках Раззаковдун эстелиги коюлчу жерге Жумабек Ибраимовдун эстелигин коюшканын белгилеп: “а чынында Раззаков ким да, Ибраимов ким? Ошондо мага бирөөнүн мүрзөсүнүн үстүнө башка бирөөнүн эстелигин койгондой таасир калтырган” деп айтты Түгөлбай Сыдыкбековго байланыштуу суроолорго жооп берип жатып...

Улуу жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги эми Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун убадасы боюнча борбордун Чүй менен Эркиндик көчөлөрү кесилишкен жерине коюлмай болду.

“Алиби” гезити бул санын “Курулуш кычаган маалда бир кап цементтин баасы 600 сомго чыкты, министр Сариев кайда карап жүрөт?” деген баштема менен ачты.

Баары бүтүп, жадагалса өзүң жашап турган өлкөңдүн бирден бир документи болгон паспортту жөндөп жасай албай, коррупциянын акырына айланткан чуунун Акаев мезгилинен бери басылбай келатканы Канышай Мамыркулованын макаласында сөз болду.

Кыргыз паспортун бүгүн иттин уулу Байгара да алып жүргөнүн, маселен карапайым жарандар какшап жете албай жүргөн кыргыз паспорту менен Ооганстандын алты атуулу Казакстандын Астана шаарынан кармалганын кабарлаган маалымат тараганын, жадагалса орусиялыктар жете албаган Шенген визасын койдуртуп алышканын, эми мына ушул кыргыз паспортторун алып жүргөндөрдү Казакстандын коопсуздук кызматы кармап алып, фактыны көзгө сайып көргөзүп жатса да Кыргызстандын мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү кашайып: “Кыргыз паспортуна жасалма ээ болуу мүмкүн эмес” деп баш чайкап турганын баяндады.

Журналист дүйнө жүзүндө 180 мамлекеттин ичинен 120сы өз паспортун өздөрү жасаарын, буга чейин дүйнөдө жасабагандын баарын жасап, кылбагандын баарын кылган, алтургай эки президентти кууп чыгып, эки революция жасаган Кыргызстан өз документин өзү жасай албай отурганын, мындай өлкөлөрдүн катарына азырынча Африканын артта калган өлкөлөрү гана кирерин, эгер өз паспортубузду өзүбүз жасаганда жанагинтип каяктагы бирөөлөрдүн чөнтөгүнөн чыкмак эместигин, жалган, жасалма документтерди жасоого бөгөт коюлмагын жазып чыкты.

“Алибинин” бул санына депутат Дастан Жумабековдун “Мамлекеттин келечеги да, өкмөттүн абалы да өтө оор” деген маеги да тартууланды.

“Жаңы агым” гезитиндеги журналист Нурканбек Керимбаевдин макаласы “Колунан кокон келбеген өкмөт, Салянованын отчету” деп аталат.

Ушул эле санга “Кыргыз руху “Манаспы” же машаяк Жайсаңбы?” деген ат менен журналист Мелис Совет уулунун “Манаска” байланыштуу өткөрүлгөн республикалык илимий-конференциядан даярдаган макаласы тартууланды.

“Фабула” гезити аркылуу маек берген депутат Карганбек Самаков бүгүн Чолпон Ата шаарында айрым жапон депутаттарынын колдоосу менен эл аралык марофон болорун, ал кандай өтөрүн, биринчи жолу өтүп жаткан бул окуянын маанисине кенен токтолду.

Паспорт жасоодогу коррупция Эртабылды Аттокуровдун макаласында жиликтенди.

Журналист Мирлан Алымбаевдин “Куру кыялдын жетегиндеги курултайлар” деген макаласы жана курултай боюнча ой-пикирлер тартууланды.

Журналист Азимжан Ибраимов: - Курултай деген улуу түшүнүк. Ошондуктан курултай деген болууга тийиш,-десе,

Журналист Баратбай Аракеев: - Курултай деген популизм жыттанган сөздү укканда кускум келет,-деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG