Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Жеңилбес коррупция


Бүгүн жарык көргөн гезиттер кайрадан коррупция тууралуу жазып чыгышты.

“Фабула” гезити “Коррупцияга каршы күрөш карандай кампания эмеспи?” деген макала менен жаңы санын ачты. Журналист Баратбай Аракеев 20 жылдан бери күрөшүп жыгалбай келаткан коррупцияга жини кайнап: “Бийликтин колунда баары бар, укугу да, куралы да, адам күчү да бар, анын үстүнө коррупционерлердин ким экендигинин баары белгилүү, анан өздөрү кармап четинен соттой бербейби, ыя? Эгер өкмөттүн өзүнүн колунан келбесе, бүтүндөй укукту, күчтү карапайым элге берсин, ошондо коррупционерлердин атасын Алтайдан, энесин Эне-Сайдан көрсөтөт эле!” деп бир түтөп алды.

Аталган басылма бул коррупционер деген “өлбөс Кащейди” кантип жеңебиз?” деп суроо салды эле, коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков: Биздин президент да Орусиянын президенти сыяктуу коррупцияга каршы согуш жарыялады. Бирок согуш баштала элек. Орусияда бийлик биринчи, экинчи, үчүнчү катардагы коррупционерлерди эл алдына ачыкка чыгарды. Бизде болсо бир аз бир нерсе кылып койгонсуп атат. Бирок бул деген согуш эмес да. Эрк болбосо, темирдей тартип болбосо, куру сөздөн эч нерсе чыкпайт.

Депутат Туратбек Мадылбеков: Мамлекетти тоногон чоң коррупционер чиновниктер ачыкка чыкпай жатат. Алардын баарын эл жакшы билет. Ошолордун кармалбай келатканына эл нааразы.

Мурдагы депутат Бегалы Наргозуев: Биздин өлкөнүн өнүкпөй жатышынын башкы себеби эле коррупция экенин бийликтегилер да, эл да эң сонун билет. Кайсы бийлик болбосун коррупцияга каршы күрөшөбүз деп келет. Бирок жыйынтыгы жок. Анткени өздөрү аралашып калат. Азыркы коррупцияга карыш күрөш да ошондой көз боёмочулук. Жыйынтыгы чыга турган иш дароо эле Грузиядагыдай, Сингапурдагыдай башталса, уурдалган акча казынага түшүп, эл да күрөштү сезе баштамак. Биз коррупциянын жаңы фактылары тууралуу гезиттерден гана окуп билебиз. Ал эми анын бети ачылгандары жок, - деп жооп берди.

Тарых илимдеринин доктору Айнура Арзыматова “Курултайдын Кыргызстанга зарылдыгы барбы?” деген макаласында “чыныгы патриот” болуп көрүнгүсү келгендердин арасында саясый шоуларды уюштуруучулар кирип алганын, качан бийликке элдин үнү жетпей калган кезде ушинтип “патриоттуулукту” бетке кармаган саясый оюн-зооктор күч аларын, президент да, премьер-министр да айына бир-эки саат карапайым калкты кабыл алып, алардын айткандарын угуп, бир-эки саат интернет-сайттар аркылуу элдин пикирлери менен таанышып турса өздөрү ишенген чиновниктер берген маалыматтардын канчасы төгүн, канчасы чын экендигине көздөрү жетмегин, эгер мындай аркеттер болбосо, элдин башын айланткан курултайлар өтө берерин, эл нааразылыгы күчөй берерин, акыры мурдагы эки төңкөрүш өңдүү элдин биримдигине доо кетерин айтты.

“Алиби” гезити жаңы санын “Элмурзанын былыгы, “Учурдун” кылыгы” деген баштема менен бүгүнкү санын ачып, гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун ушундай аталыштагы көлөмдүү макаласын жарыялады. Депутат Равшан Жээнбеков менен юрист Элмурза Сатыбалдиевдин буга чейин басма сөз беттериндеги кайым айтышы, анын арты кайда алып баратканын жазган Бабырбек мырза: “Эмне эле “Учур” гезити оозунан ак көбүгүн агызып Бакиевдердин куйругу болуп, алардын заказдарын аткарып жүргөн адамдарды жан-алы калбай коргоп жатат? “ деп суроо койду. “Учур” гезити мындан ары сөзгө келбесе Жээнбековдордун кадыр-баркына шек келтирип, оозуна келгенди оттогонун уланта берсе бул гезит менен Сакен Бөрүбаев аттуу авторду сотко берерин эскертти. “Учур” коргоп келаткан Элмурза Сатыбалдиев боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Мыйзамсыз кылмыш ишин козгоо”, “Күнөөсүз адамды кылмыш жоопкерчилигне тартуу”, “Мыйзамсыз кармоо”, “Опузалап пара талап кылуу” деген беренелер бар экенин гезиттин эсине салды.

“Манас ордо” коомунун төрагасы Анарбек Усупбаевдин “Теңирчиликке кайтуу. Теңирчилик динин тутуп, Теңирге туура келген иш кылуу - тарыхый мыйзам ченемдүүлүк” деген аталыштагы маеги жарык көрдү.

Анарбек мырза кыргыз эли байыртан эле Теңирчиликтин жазылбаган мыйзамдары менен жашап келгенин, ал мыйзамдар кадимки эле каада-салтыбызда, үрп-адатыбызда, ырым-жырымдарыбызда болгонун, улуусун урматтап, кичүүсүн сыйлап, кыйынчылык башка түшсө “көп менен көргөн той” деп сабырдуулукту туу тутуп, бардыгын акыл-эс менен жасаганын далилге тартып, Теңирчиликтин мыйзамы менен жашабай калгандан тартып кыргыз көр дүйнөгө азгырылып, мамлекети уурдап-тоноочулукка жол берилгенин белгиледи.

Кыргыздар Көкө Теңирге сыйынган, Теңир жараткан тоого, ташка, сууга сыйынган эл болгонун, кыргыз деген өзү үй куруп алып, топурактан же таштан кудай жасап алып кайра ага сыйынбаганын, эгер адамды чындап эле Улуу Күч жаратса, анда ошол Улуу Күчкө гана сыйынуу керектигин, ортодогу ортомчулардын кереги жоктугун кошумчалады.
XS
SM
MD
LG