Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Күттүргөн күз


Гезиттер парламент, өкмөт тууралуу макалаларга басым жасады.

“Фабула” гезити экс-президент Роза Отунбаевага Кыргыз мамлекетин өтө оор убакта башкарып, адам укуктарын жана демократияны сактоодогу чоң эмгеги үчүн Франциянын эң жогорку сыйлыгы болгон “Командор” даражасы берилип, “Ардактуу легиондун ордени” деген орден менен сыйланганын кабарлады. Мындай сыйлык жөн эле адамдарга бериле бербестиги да кошумчаланды.

Аталган гезит кыргыз деген кызык экенин, “бийлик коррупцияга каршы күрөшпөй жатат” дейт да, мамлекетти мойсоп жаткандарды камакка алса “бошоткула эле бошоткула, бул деген сүттөн таза” деп коргоп чыга каларын, мисалы, учурунда Нариман Түлеев Курманбек Бакиевди “ата” деп, нарындыктарга өзүнүн “сузактык” экенин айтып мактанып жүргөнүн, эми буга кошумча болуп Нарын шаардык кеңешинин депутаттары бүтүндөй нарындыктарды уят кылып, 11-июлдагы жыйынында Нариман Түлеевге Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу токтомун кабыл алганын, Нарындын депутаттары аны ардактуу атуул кылып салсак эле кылмыштан калкалап калабыз деп ойлогонун, Нариманды атүгүл Калмыкиянын “Ардактуу атуулу” кылса да кылмыш жоопкерчилигинен калкалап кала албастыгын нарындык депутаттар түшүнбөгөнүн жазып чыкты.

Ушул эле санда “Милийсалар “уядан көргөнүн ресторандан “алышты” деген макала бар. Журналист Баратбай Аракеев Ички иштер министрлигинин Академиясын окуп бүткөндөрдүн жыл сайын “жиндилик” кылган жоруктарын кенен кеп кылып, Академия деген аты эле айтып тургандай академиялык билим уясы деп эсептелген мындай окууга тааныш, билиш, коррупция жолу менен эмес, армиялык темирдей тартип менен, мээси иштээр-иштебеси, ден соолугу менен ыйман-пейили, тазалыгы катуу текшерилип туруп тандалып алынышы керек деген маселени кабыргасынан койгон.

Ушул эле санда “Токой сатылбасын, улутташтырылсын!” деген кайрылуу кат бар.

“Алиби” гезити жаңы санын журналист Темирбек Алымбековдун “Күздү күткөндөр” деген макаласы менен ачты. Автор анысында Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо өтө курч өтөрүн, саясий партиялар азыртадан эле азууларын айга жанып жатканын, Жогорку Кеңеш болсо жайкы каникулга тарап баратып, “күзүндө сени карап тур!” деп өкмөткө сөөмөй кезеп кеткенин, өкмөт болсо өлбөстүн камын көрүп, эсеп-чотун кагып келатканын баяндап, бирок өкмөт алмашып, кандай гана өкмөт бийликке келген кезде да бүгүнкү саясий-экономикалык кырдаал менен Кыргызстанды кыр ашырып жиберери кыйын экендигин, болгону баягы эле саясатчылардын баягы эле бийлик талашмай оюнуна даярдыктар башталганын, Жогорку Кеңеш кетирем десе эле кетире койо албасын, өкмөттүн тагдыры президент Алмазбек Атамбаевге барып такаларын, балким өкмөт эмес, тескерисинче “Ата Журту” баш, “Ата Мекени” төш болуп, парламент өзү тарап кетиши мүмкүндүгүн кулак кагыш кылды.

“Алиби” гезитинин түштүк аймагы боюнча кабарчысы Адылжан Жажановдун “Паспорт маселесин Ички иштер министрлиги чечкен оң” деген ат менен макаласы жарыяланды. Автор паспорт алуу маселесиндеги көйгөйдү алыскы Баткен дубанындагы убаракерчиликтердин мисалында сөз кылды. Жөнөкөй эле бир паспорт алуу үчүн кагаздарды Бишкекке жөнөтөрүн, негизги документ болгон паспортту Ички иштер министрлиги гана көзөмөлгө алуу керектигин, атуулдардын ички сыры катары эсептелген маалыматтар камтылган паспортко чет өлкөлүк Молдованын фирмасынын ээлик кылып турганы эч бир мыйзамга сыйбаган көрүнүш экендиги айтылды.

Ушул эле санга “Жалал-Абаддагы” “жапма челек” иштер деген макала бар. Автору адвокат Жолдошбек Ташыбеков калыстыктан тайган сот ишмердиги тууралуу сөз кылды.

Бек Мамашов аттуу автордун макаласы “Жалган протокол же Жамашевага баары боло береби?” деген аталыш менен жарык көрдү. Макалада Жогорку Соттун кызматынан алынган басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев жана Жогорку Соттун төрагасынын милдетин аткаруучу башкы судья Феруза Жамашева тууралуу сөз болот.

Чүйдун Сокулугундагы он балалуу Исмаил Токобаевдин президентке, башкы прокурорго, ИИМ министри Зарылбек Рысалиевге кайрылуу каты “Наристе кызымдын намысын кордогондорду коргогондор” деген ат менен жарыяланды.
Болотбек Таштаналиевдин макаласы “Бийлик банкроту: Жогорку Кеңеш таркатылабы, же өкмөт отставкага кетеби?” деген ат менен окурмандарга тартууланды.
XS
SM
MD
LG