Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Шамал кайдан согот?


Орусиянын “Регнум” деп аталган маалымат агенттиги “Шанхай кызматташтык уюмун өнүктүрүү маселелеринде шашылыш аракеттерди көрүүнүн зарылдыгы жок” деген аналитикалык макала жарыялады.

Шанхай кызматташтык уюму өзү уюшулгандан баштап эле кеңешүүчү уюм катары түзүлгөн. Ал көбүнчө коопсуздук маселелери менен аракеттенүүгө негизделген. Кытайлык эксперттердин айтуусу боюнча бул уюм акыркы кездери коопсуздук эле маселелери боюнча эмес, аймактык экономикалык жана соода маселелери боюнча да жакшы кызматташса боло тургандыгын далилдеген. Айрым эксперттер аны ушул багытта дагы тереңдетүү жагын сунуш кылышууда.

Шанхай кызматташтык уюмундагы эки чоң мамлекеттер бул – Кытай менен Орусия. Калган төрт өлкө мурдагы Советтер Союзунун ичиндеги Борбор Азиянын өлкөлөрү. Орусиянын стратегиялык максаты дал ушул төрт республикадагы таасиринен кандай болгон күндө да ажырабоо болуп саналат. Ошондуктан орус тарап желесин өзү жалгыз көздөп келаткан төрт өлкөгө башка бир өлкөнүн көз кырын салышын эч качан каалабайт. Дал ушул жагдайды ойлогон Орусия акыркы жылдары КМШ өлкөлөрү менен соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого өтүп, Евразия союзу дегенди түптөөгө күчүн жумшап жатат.

Орустардын көз карашы боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун базасында соода-экономикалык союз түзүүнүн эч кандай олуттуу себептери жок. Тескерисинче Кытайдын абалы Орусияныкы менен дал келбейт. Бирок Кытай Борбор Азиядагы энергетикалык ресурстарды көңүл сыртынан чыгарып койгусу албайт. Ошон үчүн Шанхай кызматташтык уюмунан Кытайдын күткөн башкы маселеси Борбор Азия менен өз ара пайдалуу соода кызматташтыгын дагы тереңдетүү экендиги айтылат аталган макалада.

Кыргызстандын энергетикасын ким инвестициялайт? “Фергана.ру” маалымат агенттиги Орусия Кыргызстандын дарыяларына ГЭСтерди курууга илгертеден бери эле кызыгып келгенин, орус энергетиктерине президент Владимир Путин ушул багытты карап чыгуу боюнча тапшырма бергенин, бирок “биз курабыз” деп коюп эле, орус тарап кайра шашылбай каларын, эч кандай чечкиндүү кадамдар жасалбай жаткандыгын кабарлады.

Кыргызстан сууга жана кенге бай өлкө. Бүтүндөй Борбор Азияны багып аткан Сыр-Дарыянын башатынын бири дал ушул Кыргызстандан башталат. Жаңы ГЭСтерди куруу экономикасы чабал өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошор эле деп жазат агенттик.

“Республика” деп аталган маалымат агенттиги “Араб жазы Борбор Азияга келбейт” деген макала басты. Ал макалада мурдагы советтик республикалардын президенттери өз өлкөлөрүндө “Араб жазынын” кайталанышынан чочулашып, косметикалык реформаларды жасоо менен алек болушууда. Бул реформалар сыртынан демократиялык өзгөрүүлөргө окшогондой болуп көрүнгөнү менен чын-чынына келгенде башкаруучулар өз бийлигин гана сактап калууну ойлошот деп кабарланат анда.

Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыш менен Борбор Азияны жалпылаштырып турган нерсе – кедейчилик, жеке бийлөөчүлүк, коррупция, бийликтин маалымат каражаттарына болгон үстөмдүгү, оппозициялык күчтөр менен партияларга чектөөлөрдүн киргизилгендиги жана жаштар арасындагы жумушсуздук.

“Республика” гезити андан ары аймактагы эң эле алсыз “звено” деп саналган өлкө Тажикстан экенин, бул өлкөдө авторитаризм менен жакырчылык камыр-жумур болуп аралашып калганын, демек мындай көрүнүш социалдык жактан оңой жарылууга алып келерин, Кыргызстанда демократиялык багыттагы маанилүү реформалар жасалып жатса да ар кандай толкундоолор чыгып кетиши мүмкүндүгүн, анткени бул өлкөнүн экономикалык абалы начар экенин, ал эми өткөн жылдын декабрында өткөн мунайчылардын шаары болгон Жаңы-Өзөндөгү толкундоонун өчпөй калган чогу Казакстанда тутанып, ал “араб жазынын” башталышы болуп калышы мүмкүндүгүн жазып чыкты.

“Орусия менен Кытайдын кызыкчылыгы окшош, эгер Борбор Азия өлкөлөрүн башкарган жетекчилердин кызыкчылыгы булардыкы менен дал келбей кала турган болсо, анда аларды алмаштырууга эки өлкөнүн ою бирден чыгары турган иш” деп жазат аталган басылма.
XS
SM
MD
LG