Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Супер эмес тамаша


Гезиттердин басымдуу бөлүгү Зарылбек Рысалиевден иштен кеткени тууралуу ар кандай маалыматтарды жарыялашууда.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Казак-кыргыз бир тууган, сүт жаңжалын ким тууган?” деген баш тема менен ачып, Казакстандын Кыргызстанга жасап келаткан бөтөнзордугун талдоого алды.

Журналист Жекшенбай Курмановдун алыскы Ат-Башыдан жазган каты кен казуу үчүн лицензия дегенге жамынып, анысынын мөөнөтү эбак өтүп кетсе да кыргыздын суусу тунук, жайыты кенен керемет жерлерин бомба түшкөндөй талкалап, кен издеп, жайыттарды туш-келди казып, кудум бейиттерди элестеткен дөбө-дөбө кумга, ташка толтуруп, жайлоолорду көрүстөнгө айлантып, өзү билип, өтүгүн төргө илип келаткан кен казгызчтардын кылыгын баяндады.

“Алиби” гезитинин баш темасы “Кыргызча “розыгрыш” деп аталып, “Супер-инфо” гезитинин айрым кызматкерлеринин КТРКнын алып баруучусу Назира Айтбекованы алдап алып чыгып: “...машинага отургузуп, жолду ката уят сөздөр менен сөгүнүп, эч ким жок ээн жерге алпарып, өтүгүн, көйнөгүн чечтирип, этегин өйдө көтөртүп, ич кийимчен видеого, сүрөткө тартышып, күйөөңдүн сени сатып алганга акчасы барбы, ушул видеону интернетке койобуз, кийин балаң көрсүн, апасынын кандай бузулган аял болгонун, акыркы сөзүңдү айтып кал” дешкенин, ызылдап, жардам сурап жалбарып ыйлап турганын, бир кезде башына баштык кийгизип, “эми көзүңдү ач!” деп, бир маалда “бул деген “Тамаша-тор” деп камерага тартып жаткандардын ары жагынан “Супер-инфонун” журналисттери чыгып келгенин, мына ушул элде жок ээнбаштыктын курмандыгы болгон Назира Айтбекова “Алибинин” кабарчысына айтып берген.

Ушул эле гезитике маек курган экс-депутат Бегалы Наргозуев: “Зарылбек Рысалиев бир эле учурда 3 фронт менен согушуп, ошонун жеми болду” деди маегинде. Наргозуев Рысалиевди иштен кетирүүдө Текебаевдин ролу чоң болгонун айтты. Журналист Адилет Айтикеевдин макаласы Рысалиевдин иштен кандайча кеткендигин кенен талдоого алды.

“Фабула” гезитинин кабарчысы Баратбай Аракеевдин макаласы да “Зарылбек Рысалиев элиники!” деген ат менен тартууланып, автор анын кызматтан кетишине айгак болгон себептерди бирден санап чыкты. Зарылбек кыргыздын накта эр жигити экенин, тартынбастыгын, сатылбастыгын, өмүрү бирөөгө тизе бүкпөгөнүн, ошону менен бирге эле боорукердигин, айкөлдүгүн айтуу менен азыр аны колдогондор арбын экендигин жазды.

Макаласын аяктап баратып, гезит чыкканы жатканда жаңы маалымат алынганын, президент Атамбаев Зарылбек Рысалиевге төрт кызмат сунуштаганын, ошол төрт орундун бири Улуттук коопсуздук комитетинин башына барган Бейшенбай Жунусовдун мурунку орду – Күч түзүмдөрү боюнча кеңешчилигин сунуштаптыр деп кабарлады.

Буга чейин такай төртүнчү күнү жарык көрүп келаткан “Де-Факто” гезити бүгүндөн баштап, жума күнү жарыкка чыгып турмай болду. “Де-фактонун” жаңы санында “Оппозициялык депутаттар цифралардан адашып, карапайым элдин башын кантип айлантты?” деген макала жарык көрдү. Макалада жалпысынан Садыр Жапаров жана анын колдоочулары максаттарына жеткенин, инвесторлор чындап эле биздин өлкө менен иш кылуудан коркуп калганын, анткени казына какшып турганын, аны кредит жана гранттын эсебинен толтуруш мүмкүн эместиги айтылган. Аяктап баратып: “Кыргызстандын депутаттары жана чиновниктери айткан сөздөрүнө, жасаган аракеттерине жооп бере турган учур келгенин, ар бир саясатчы өз өлкөсүнүн экономикасына зыяны тие турган курулай кыйкырыктарга башы менен жооп бере турган болсо, ойлонбой сүйлөгөн саясатчылардын саны азаймак” деп жазды.

“Де-факто” гезити ошондой эле “Республика” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов СИЗОдогу Абдулла Юсуповду камера алдында сүйлөп бергенге көндүргөн соң, аны жуунтуп-тарантып, үстүнө костюм-шым кийгизип даярдаганы билинди деп,

“Ата-Журт” партиясынын лөктөрүнүн бири Ахматбек Келдибеков Бабановдун партиясына жан тартып аткан имиш, муну ал жөндөн-жөн жасабайт эле бир билгени бар окшойт деп,

Канчалык чын экенин ким билсин, айрым бир узун кулактардын айтымында, Казакстандын Кыргызстандын сүт азыктарын албай койгонунун артында Бабанов тургандыгын айтып жатышат деп кабар таратты.

Гезит “Спикер кайра шайланабы?” деген суроого жооп алды. Мирлан Дүйшөнбаевдин макаласы “Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин” ишмердүүлүгүнө арналды. Айрым адистердин ой-пикирлерине орун берилди.

Мисалы, белгилүү экономика доктору Айылчы Сарыбаев: –Темир Сриевдин ишине мен эмес, президент менен өкмөт башчысы баа бергени оң. Бирок бул министрлик монополияга каршы иш алып барганы менен бул жакта эч кандай жылыштар болгон жок. Монополисттердин күнү тууду, мурда кандай кылып келсе, анысын ошондой эле улантып жатат. Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу үчүн кылган иштери көрүнбөйт. Экономикадагы атаандаштык системасын да жолго сала алышкан жок,–деп айтты.
XS
SM
MD
LG