«Алиби» гезити Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңеши Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин сунушу менен Ассамблеянын Чыңгыз Айтматов атындагы 30 миң доллар өлчөмүндөгү сыйлыгын бекитүү тууралуу токтом кабыл алганын, эми мындан ары бул сыйлык улуу жазуучунун туулган күнүнө карата, эмдиги жылдан тартып бир ирет КМШ аймагындагы татыктуу деген чыгармачыл адамга ыйгарларын, 30 миң доллар жыл сайын Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан бөлүнүп турарын кабарлады.
Аталган гезит баш макаласын башкы редактор Бабырбек Жээнбековдун «Мародерчулук же Кыргызстанга ушундай президент керекпи?» деген баш макаласы менен ачты. Макалада мурдагы министр Зарылбек Рысалиевдин иштен кеткени, «Ата Мекендин» ага байланыштуу аракети, Атамбаевдин 6-ноябрдагы журналисттерге сүйлөгөн сөзү жана башкалар тууралуу баяндалды.
Ушул эле санда «Ата Мекендин» тарыхы – адалсынуунун, мародерлуктун тарыхы» деген аталыш менен Бишкек шаарындагы № 1 СИЗОдо кармалып жаткан айрым жарандардын 2010-жылдын 7-9-апрелинде болгон талап-тоноолор жөнүндө көрсөтмөлөрүн иликтөө боюнча түзүлгөн Жогорку Кеңештин убактылуу комиссиясынын корутундусу да басылып чыкты.
Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековдун маеги «Азабыңарды парламент эмес, дагы да болсо Атамбаев берет…» деп аталды.
«Фабула» гезити Эралы Эсенбаев аттуу автордун кыргыз милициясына байланыштуу макаласын жарыялап, анда негизги сөз өкмөттүн Коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Жакыповдун жеке ишмердигине багытталды.
Макала «Эски бийликтин эркеси, Жаныштын жакын досу», «Рысалиевди, Турганбаевди алды, кезекте дагы алтоо», «Жакыпов Парманкуловду кайсы кызматка алып келет?», «Таза милиционер» ушундай үйдү кайсы каражатка салды?» деген кошумча темалардан турат. Аталган макалада башынан аягына чейин генерал Жеңиш Жакыповдун ишмердүүлүгү катуу сынга алынган. Анда Жакыпов Рысалиев, Турганбаевди кетиргенден кийин өз командасына Бакыт Парманкуловду апкелгени жатканын, бул жигит кыргыз коомчулугуна «Пармаш» деген эркелеткен ат менен белгилүүлүгүн, 7-апрелдеги окуядан кийин Максим менен Жаныштын телефондогу сүйлөшүүсүндө Максим: «Пармашты ИИМге министр кылабыз, анткени ал жигит каны менен биздики» деп айтканы бар экенин далилге тартып, чынында эле Парманкулов Бакиевдерге каны-жаны менен кызмат кылганын дагы бир жолу элдин эсине салды.
«Фабула» гезити муну менен бирге эле «Артта калып арман кылгандар менен шайланып шапар тепкендер кимдер?» деген баштеманын алдында шайлоо болуп өткөн аймактарда кайсы партия кандай добуш алганы боюнча эсеп-кысабын эки бет менен толтура басып чыкты.
«Кыргыз туусу» гезити бул санын «Шайлоо кандай өттү?» деген баштема менен ачып, облустук кабарчылардын жөнөткөн материалдарына орун берди.
Журналист Кемел Белеков өз баянында ушул жылдын 22-23-ноябрында Санкт-Петербург шаарындагы Таврика сарайында «Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү: маданият интеграциясы жана диалогу» деген ат менен эл аралык конференция болуп өткөнүн жазып келген.
Автор Айтматовдун чыгармалары жеке кыргыз үчүн гана эмес, дүйнөлүк руханий байлык экенин, СССР урап, мурдагы ар бир республика өз алдынча экономикалык гана эмес, маданий көз карандысыздыкка умтулуп, идеология айдыңы ээнсирей түшкөн эгемендиктин бир канча жылынан кийин КМШ мамлекеттеринин парламентарийлеринин, илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрүнүн, коомдук ишмерлердин Айтматовдун атынын айланасында чогулуп отурганы бекеринен эместигин, адамдар ары урунуп, бери урунуп, идеалдарды издеп, акыры аны табалбай чаалыккан соң, кайрадан Айтматовго кайтып келип жатканын кеп кылды.
Ушул эле «Кыргыз туусу» бул санында жазуучулар Жылкычы Жапиев менен Эсентур Кылычевдин «Балаңызга жомок китеп окуп бердиңизби?» деген макаласын тартуу кылды. Авторлор азыркы учурдагы балдар адабиятынын орду жөнүндө сөз кылып, «Раритет» аттуу басманын жакшы ишин белгилеп, ал бир нече жылдан бери карай балдар үчүн көркөм китептерди чыгарып келатканын, адегенде «Манас» баш болгон «Манас кыргыз элинин улуу каны», «Манастын бала чагы», «Эр төштүк», «Кожожаш», «Олжобай менен Кишимжан» сыяктуу эпостордун балдар үчүн варианттарын кичинекей бөбөктөргө арнап, сүрөттөрү менен орус тилинде чыгарса, ага удаа эле «Апенди жөнүндөгү жомоктор», «Айбанаттар жөнүндөгү жомоктор» жана башка китептерди тартуулаганын жазып чыгышты.
Жазуучулар аталган макаласында кыргыздар тойлордо ушундай китептерди белекке бергенди салтка айлантса жакшы болор эле деген ойлорун да кошумчалашты.