Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Кыргызстандын биринчи байы Бабановбу?


Бүгүнкү гезиттер өткөндүн сабагы, өлкө турмушу, кыямат кайым, Айтматов, Эшимканов жана башкалар тууралуу жазышты.

“Шанхайдан башталган жол Бишкекте жаңы барагын ачты” деген баштема менен жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезити “Алакалардын жаңы барагы ачылат”, “Темир жолду курабыз. Өнүгүү фондун түзөбүз”, “Сары-Жаз дарыясына ГЭС курулушу керек” деген макалалардын топтомуна окурман көңүлүн бурду.

“Өткөндүн баарын унуталыбы? Же Медет Садыркуловдун өлүмү бийликтегилерге сабак болушу керек” деген макала басылып, макалада маркум Медет Садыркулов адегенде Акаевдин бийлигине кызмат кылып, андан кийин Бакиевдин үй-бүлөлүк кландык бийлигин болуп көрбөгөндөй чыңдап, Бакиевди Кудайды тааныбаган даражага көтөрүп, эл-жерди “Ак жолдун” таман алдына басып бергенге чейин жеткиргенин, адам өлтүрүү чымын өлтүргөн менен барбар болуп калганын, деги эле жакшылыкты да, жамандыкты да бат унуткан элдин эсине дагы бир жолу салып, ушу тапта кайрадан күчтүү президент болсо эле өлкөдө жыргал жашоо орноп кетет деген ойду калктын мээсине куйгусу келип жаткан саясатчылардын кулагына күмүш сырга катары Садыркуловдун трагедиясы аркылуу сабак болсун деген ойду айтып чыкты.

Оппозициядагы “Алиби” гезити өлкө президенти Алмазбек Атамбаевди сынга алган көлөмдүү макалаларын жарыя кылды. Саясатчы Азимбек Бекназаровдун гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков менен маеги “Бандит”, “ууру”, “мародер”, “базаркомдордун” парламенти” деген ат менен тартууланды. Бекназаров маегинде оппозициянын эмдиги жыйыны 10-декбрада болорун, кыймыл жаңы туулганын, эми аны торолтуу керектигин айтуу менен Бакиевдердин үй-мүлкү боюнча: “Мен Отунбаевага да, Атамбаевге да “арест салынган объектилер боюнча комиссия түзүп, инвентаризация жасаткыла” деп канча жолу кайрылдым. Бакиевдердин, Чудиновдун, Елисеев, Ширшов, Гурьевичтин объектилери жең ичинен “соодалашуу” жолу менен арестен чыгарылып кетиптир” деп айтып, Текебаев менен Бабанов негизинен “Манас” аэропортун, Мегакомду, “Кыргызнефтегазды” талашып олтуруп аны мамлекеттик деңгээлге дейре алып келгенин белгиледи.

“Фабула” гезити аркылуу журналист Баратбай Аракеев бир чындыкты көзгө сайып: “Бийлик Чыңгыз Айтматовго эстелик тургузбай жатат” деп нааразы болгондор бар. А эмне үчүн тургузуш керек? Көрүстөнүнө эстеликти туугандары тургузат. Эмне, Чыкебиздин артында калган миллиондогон доллар акчасынан бир аз коротуп койсо, бала-чакасынын оокаты өтпөй калабы? Бул жерде биз генийге сөз тийгизели деген кенедей оюбуз жок. Асмандын башын сүйлөгөн депутат кызы угуп калар бекен деп айтып жатабыз. Бийлик болсо жакшыдыр-жамандыр эстелик тургузуп, атын койчу жерлерге коюп жатат. Айтматов атындагы медаль белгилеп жатат. Эми бийлик өлүп кетиши керекпи?” деп жазды.

“Де-факто” гезити академик Абдылдажан Акматалиев менен маекти тартуу кылды. Абдылдажан ал маегинде Айтматовдун эстелигин дүйнө жүзүнө коюу керектигин, жакында Кытай өлкөсүнө барып, Айтматовдун кытай тилинде басылган 24 китебин көргөнүн, бүгүн улуу жазуучунун дагы бир эстелиги Айтматов атындагы Тил жан адабиүт институтуна коюларын, 10-декабрда “Аалам кезип, Айтматовдон салам айт” деген 40тан ашуун ыр-поэмалардан турган китебинин бет ачары өтөрүн айтып маек курду.

“Жаңы агым" гезити “Кимдин канча миллиону бар?” деген аталыш менен кыргыз байларын тизмелеп чыкты. Биринчи орунда 1 млрд. 5 млн. доллары бар Бабанов алдыда. Андан кийинки экинчи орунда 1млрд.200 млн. доллары бар айтылуу ишкер Аскар Салымбеков, үчүнчү орунда 800 млн. доллары бар президент Алмазбек Атамбаев.

Гезит 9-декабрь күнү Улуттук филармонияда Мелис Эшимканов атындагы 100 миң сомдук сыйлык бир журналистке ыйгарыларын, сыйлык ыйгаруу салтанаты Эшимкановду эскерүү менен коштолорун жар салды.

Гезит ошондой эле “Сендейди сейрек төрөйт кыргыз эне” деген аталышта атактуу акыныбыз Байдылда Сарногоевди эскерген макалага орун берди. Макаланы жазуучу, Байдылданын карындашы Ырысбүбү Бөлөкбаева жазган.

Байдыкенин дүйнөдөн өткөндө айтылуу Мидинге арнап:
“Талантың таңкы чолпон жылдыз эле,
Таптаган мүнүшкөрүң кыргыз эле.
Ала-Тоо акынга бай, алтынга бай,
Сендейди сейрек төрөйт кыргыз эне”, - деп жазган ырын маркум Байдылданын өзүнө да багыштаган.

“Улутчул дешер билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн.
Кыргыз деп келгем дүйнөгө,
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн”, - деп жазган улуу Байдылданын аты эч качан өлбстүгүн, калкынын карегинде эле эмес кадырында да калганын баян кылган.
XS
SM
MD
LG