Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:19

Ак-каранын кармашы


Ак менен каранын күрөшүн “Асман пресс” гезити аркылуу журналист Эркалы Өскөналы сөз кылды.

“Асман пресс” гезити журналист Эркалы Өскөналынын “Ак менен Кара жарышат” аттуу баш макаласы менен бүгүнкү санын ачты. Автор коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүн талдоого алды.

Түлеев, Сабировдор камалып, түрмөгө түшкөнүн, айрым жактоочу депутаттар: “Сүттөн ак! Бийлик атайылап эле куугунтуктап атат” деген депутат Исхак Пирматов дайынын билгизбей качып жоголгонун, “сүттөн ак болсо” качып кетпестигин кеп кылды.

Президент Атамбаевдин: “Мени митингдер менен коркута алышпайт. Мен Кудайдан башка эч кимден коркпойм. Мүмкүн туугандарымдан, досторумдан айрылармын, бирок коррупцияга кечирим болбойт!” деген сөзү бүгүн эл аралап жүргөнүн, бул сөз бүгүн карапайым калктын бүлбүлдөп бараткан чырагына май тамызганын, президент белин бекем бууп, коррупцияга каршы чоң казатка аттанганын, абалтан бери Ак менен Кара кармашка түшөрүн, бирок Караны каргыш басып, Акка Кудай болушуп, Акты Кудай колдорун билдирди.

Ушул эле гезит аркылуу акыйкатчы Бакыт Аманбаев: “Президент журналисттер менен болгон жыйында акыйкатчы Келдибеков менен Саруу элинин укугун коргоп жатат дегенди билдиргиси келгендир. Айтор, мен элди эч кандай дүрбөткөн жокмун. Тескерисинче элди ынтымакка чакырып келдим” деп айтты.

“Асаба” гезитиндеги саясатты сайраган майда маалыматтардан, макал, маектерден башка журналист Кайрат Кенжебай уулунун Жети-Өгүздөгү Балтабай айылынын тургуну, ишкер Дайырбек Эсеналиев менен маеги “Такыр жерди гүл бакчага айландырган Дайырбек” деген ат менен жарык көрдү.

Дайырбек азыркы кыргыздарды туурап, бактысын каяктагы бир чет өлкөлөрдөн издебей эле туулуп-өскөн айылынан издеп, таман акы, маңдай тери менен гүлдөп келатканын, кезинде төө куйрук, куурай басып жаткан 3-4 гектар жерди курчап, адегенде тал-теректердин көчөттөрүн тиккенин, күн-түн дебей терин төгүп иштеп, азыр ар кандай сорттогу 800 түп алма, 400 түптөн ашуун абрикос, 2 миң түпкө жакын карагат багып, алары мөмөсүн төгүп жатканын, жемиштердин бир жылдык кирешеси 400-500 миң сомго жетерин, мындан тышкары жыл сайын 2 гектар жерге картошка, буудай, арпа айдап мол түшүм аларын, райондогу жардам сурап кайрылган же жамандык-жакшылыкта кыйналган адамдарга коюн койдой, уй, жылкыдан өйдө жардам катары карыз берип турарын кеп кылды.

“Айат” гезити “Тарых булактарынан” деген рубриканын алдында “Беш Бээжинге сапар” деген аталыш менен “Манас” изилдөөчү Темирбек Токтогазиевдин макаласынын уландысын басты.

“Манастагы” кадимки Чоң Бээжин деген 1200 жылга чамалаш Кытай мамлекетинин борбор шаары болуп келгенин, аны түптөгөн падышасынын аты Абоке Жолой деген адам болгонун кытай тарыхчысы Дуң Шилин айтып бергенин белгиледи. Темирбек Токтогазиев “Манасты” изилдеген кыргыз окумуштуулары Совет доорунда достукка доо кетпесин деп эпостогу “кытай” деген сөздөрдү “калмак”, “калдай” деген сөздөргө алмаштырып, муну менен алар Манастын жашап өткөн дооруна оңбогондой чаташуу киргизгенин, бүгүн ушуларды кайра баштан ордуна коюу милдети турганын баяндады.

“ПолитКлиника” гезити Сабырбек Жумабеков Казакстандын “Достук” ордени менен сыйланганын, Дамира Ниязалиеваны КСДП эмне үчүн өгөйлөп жатканын, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасынан дагы бир чатак чыкканын кабарлап, президент Алмазбек Атамбаевдин журналисттер үчүн өткөргөн маалымат жыйынын “Кыргызстан кандай багыт менен өнүгөт?” деген жалпы теманын алдында кенен баяндап берди.

Президент Кыргызстанды аркы-терки чайпап жиберем деп элди көчөгө акча менен үндөп чыкчу күчтөр дагы эле бар экенин, бирок алар үчүн түрмөлөр менен СИЗОлордо да орун жетиштүү экенин, эми мындан ары жол тосуу, ызы-чуу амалдары өтпөй калганын белгиледи.

Жол маселесине кайрылып, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Кыргызстанга эч кандай пайда алып келбестигин, бул темир жол баарынан мурда Кытай менен Өзбекстанга керектигин, ал эми бүз үчүн өлкөнүн түштүгү менен түндүгүн байланыштыра турган жол зарылдыгын, ошондуктан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу милдетин мойнуна алалбастыгын билдирди.

Канча айдан бери катуу оорунун айынан жапа чегип, коомчулукка коңгуроо кагып келаткан белгилүү журналист Кенжебек Арыкбаевге кайрылып, Атамбаев:-Кенжебек, сен өзүңдү карма! Биз сага жардам беребиз. Мен тиешелүү адамдарга тапшырма бердим. Учурда алар сенин маселеңдин үстүндө иштеп жатат,-деп айткан эле ошол жыйында.

Гезит бүгүнкү санына боорунан жабыркап келаткан журналист Кенжебек Арыкбаев ушу тапта Москвада дарыланып жатканын маалымдады.

Ушул эле гезит Кумтөрдү улутташтырабыз деп Кыргызстанды неге жарга такап жатабыз?” деген макала тартуулады.

Макалада Кумтөр деп төшүн каккан айрым “азаматтарыбыз” бул ишкананы улутташтыруу, же келишимди денонсациялоо оңой-олтоң эле иш сыңары ойлонбой сүйлөшүп, коомчулуктун башын айлантып жатканын, эгер алар ойлогондой болсо өлкө үчүн өтө чоң кесепеттерге алып келерин, “Кумтөр” жылына бюджетти 6 млрд. сом менен толуктап турарын, ишканадагы жумушчулардын 96 процентин Кыргызстандын жарандары түзөрүн, кокус “Кумтөр” ишканасы токтосо ошол 6 млрд. сомдон ажырап, үй-бүлөсүн багып келаткан 300дөн ашуун адам ишсиз калып, ишкананын арты менен азык-түлүк ташып жан багып жаткан 7 миңден ашуун жарандарыбыз жумушу жок кайсалап каларын, чындап түшүнгөн адам үчүн “Кумтөрдү” улутташтырабыз деп жаткандар өз өлкөсүнө чыккынчылык кылып жаткандар экендигин жазды.

Ушул эле санга Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрайымы Нуржамал Байболованын “Балдарыбыздын саясатка аралашуусун каалабайбыз” деген аталыштагы интервьюсу жарык көрдү.
XS
SM
MD
LG