Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

Апрелчилердин арманы


25-марттагы кыргыз басма сөзүнө баяндама.

“Фабула” гезитине Баратбай Аракеев кайрадан талашка түшкөн өкмөт башчы жөнүндө макала жазып, президенттик-парламенттик башкаруу деген система киргенден кийин парламент өз милдетин аткарбай эле саясый оюндардын ордосуна айланганын, Текебаевдин саясаттагы салмагын, Сатыбалдиевдин ордуна кандайы келген күндө да адегенде катуу аракеттенген болуп, убадага курсакты аябай тойгузгандан кийин кылдыраган жолун уланткандан бөлөккө жарабасын, бүгүн ар бир фракция дегендери өз адамдарын кызматка апкелүү үчүн жандалбас кылып жүргөнүн, өкмөт башына Жээнбеков, Оторбаев, Кулов, Турсунбековдордун талапкерлигин айтып жатышканын, булардын бири дагы Сатыбалдиевден артык эместигин, далай ирет коррупциялык жолду баскан Куловго өкмөт башчылыгын сунуш кылса, ал уялбай-этпей эле “иштейм” деши мүмкүндүгүн, ошондуктан өкмөт башчылыгына “чылык-мылыктарды” алып таштап, иштеп бере турган жаштардан издеш керектигин жазып чыкты.

“Суу куйду” деген рубриканын алдында “Кыргыз өңү - Садыр Жапаровдун өңүндөйбү?” деген ат менен Жанкороз Эсенгелдиевдин макаласы жарык көрдү.

Мирлан Алымбаев “Апрелчилердин арманын” уккан макаланы тартуулады. Апрель революциясынын катышуучуларынын бири Кадыралы Сайфудинов 7-апрелди эскерип, ошол кездеги Ак үйдү коргоо үчүн келген эки аскердик машинаны эл тартып алганда бирине олтуруп түз эле Ак үйдүн тосмосун сүзүп киргенин, мөндүрдөй жааган октон башын рулдун астына катканын, жанында олтурган жигиттин чекесине ок тийгенин, аңгыча Темир Сариев келип элди тынчтыкка чакырып, Турсунбек Акун келип сүйлөп жатып туура эмес сүйлөп алган соң балдар башка-көзгө койгулап, ары сүйрөп кетишкенин эске салуу менен, андан бери 4 жыл өткөнүн, “баатырбыз” деп коом түзүп алгандардын коомуна барса бизге жарадар болгондор гана мүчө боло алышат деп жолотпой койгонун, кыскасы бүгүн революцияга катышпагандар деле 7-апрелдин баатыры болуп, чындап катышкандар унчукпай сыртта калганын, “баатырмын” деп кыйкыргандар баатыр эместигин, “баатыр деген баатырмын” деп кыйкырбай тургандыгын айтып арман кылды.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын Стамбул шаарында болгон Түрк Кеңешинин жумушчу тобунун биринчи жыйынында эл аралык “Көчмөндөр оюндарын” 8-14-сентябрда Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынганын, оюндар Ысык-Көлдө өтөрүн кабарлаган маалымат менен жарыкка чыкты.

Кыргызстандын эл мугалими Исак Бекбоевдин “Билим берүүдөгү көйгөйлөр же эмне үчүн ишенбестик жаралды” деген өтө жүйөөлүү макаласы жарык көрдү. Атактуу педагог канча жылдан бери чыныгы дөөлөттөр жалган, жасалма баалуулуктардын баскынчылыгында калганынын беш далилин алдыга тартты. Маселен сырттан таңууланган, аты да жаман “Куррикулум” деген мыйзамсыз документке жамынып алып, “Кутаалам” деген басма азыркыга чейин балдар бакчалары менен башталгыч мектептер үчүн билим министрлиги менен тиешелүү органдардын уруксаты жок эле, каалаган учурда, каалагандай нускада, эч кандай эсеп-чоту жок, сапаты, деңгээли начар окуу куралдарын улам-улам басып чыгарып келатканына тоскоолдук кыла албай келатканыбызга кейиди.

“Алиби” гезити депутат Жылдызкан Жолдошеванын “Коалицияга кирүүгө даяр эмесмин” деген интервьюсун тартуулады. Маегинде ал коалиция туура эмес учурда тараганын, чынында Жантөрөнү да Текебаев сунуштаганын, эми анын айынан Сатыбалдиев отчет бербей кетип жатканын, Текебаев Бабановду да кайдагы бир атты шылтоолой салып, жакшынакай иштеп жаткан жеринен кетиргенин, бул сөзүн ал Текебаев менен каршылаш болгон үчүн айтып жатпаганын айтты.

Депутат Жылдыз Жолдошева өкмөт башына келе турган адам чарбакер, кыргыздын менталитетин жакшы түшүнгөн, сезимтал адам болушу керектигин, бүгүн аты аталып жаткан Жоомарт Оторбаев андай ишти жөндөй албастыгын, эгер мамлекеттин бүтүндүгүн эске алганда өзү мүчөсү болгон “Ата Журт” фракциясы коалицияга кирсе болорун, башкалары кандай ойдо экенин билбестигин, бирок өзү коалицияга киргенге даяр эместигин билдирди.

“Алибиден алтоо” деген баштеманын алдындагы макала-мүнөздөмө саясатчылардын ишине баа берди: Өмүрбек Текебаев мезгил менен жарышкан саясатчы, дээринде бар демократ Равшан Жээнбеков, чыныгы генерал Исамил Исаков экенин, Ахматбек Келдибеков тууралуу “Эр жигиттин башына күн түшсө өтүгү менен суу кечерин”, кыргыздын Кыз Сайкалы Жылдызкан Жолдошева болорун, Мырзакматов деген "маладес" экендигин белгиледи.
XS
SM
MD
LG