Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Жол ача болсо, иттин башы маң болот


Kyrgyzstan -- Newspapers, 10Mar2010
Kyrgyzstan -- Newspapers, 10Mar2010

28-мартта жарык көргөн кыргыз гезиттерине баяндама.

Бүгүн жарык көргөн “Де-факто” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин кечээ күнү ЭлТР телеканалына берген интервьюсунун олуттуу жерлерин окурмандарга тартуу кылды.

Ушул эле гезитке депутат Өмүрбек Текебаев “Зарылбек Рысалиев Болот Шердин үйүнө барганы чын” деген ат менен интервью берди. Кабарчынын: -Жакында Равшан Жээнбеков коалициянын кулашын сиздин жана президенттин атайын сценарийи деп айтып чыкты? Буга кандай дейсиз?-деген суроосуна: -Равшан Жээнбеков жакында “Азаттыктан” “Жазында өкмөткө нааразы болгон эл бийликти кулатмак, ошону билип Текебаев менен Атамбаев сүйлөшүп, начар иштеген өкмөттү таратып жиберди” деп билдирди. Бүгүнкү системанын артыкчылыгы ошол, эл нааразы болгон бийликти ушундай кан төгүүсүз тынчтык жолу менен алмаштыруу жолуна өттүк. Анан эл нааразы болсун, бийликти күч менен алып, Равшан Жээнбековду бийликке алып келсин деп күтөлүбү. Мына ушинтип Равшандын арманынан кийин азыркы системанын иштеп жаткандыгын билсек болот,-деп жооп берди. Өмүрбек Текебаев андан ары Зарылбек Рысалиевдин Болот Шердин үйүнө барганы чын экенин, Болот сыртынан каардуу көрүнгөнү менен аябай айкөл, жумшак адам болорун, балким Зарылбек жердештигин салып кечирим сураса сурап баргандыгын, эгер ошентип барса Болот Шер баарын кечирип коюшу толук мүмкүндүгүн, Рысалиевге Кудай өмүр берсе “срок давности” деген мыйзам кабыл алынгандыгына байланыштуу канча жыл өтсө да кылган кылмышы үчүн жооп берерин билдирди.

Окурмандардын бүйүрүн кызытып келаткан жазуучу Нуралы Капаровдун Салижан Жигитов менен Эрнис Турсуновдун образдарын кашкайта ачып берген “Арашандагы” окуяларынын уландысы да ушул “Де-Факто” гезитинин бүгүнкү санында.

“Фабула” гезити журналист Эрнис Балбаков ушу тапта Ак үйдүн ичинде папка талаш кызуу жүрүп, Ош базары быякта эле калсын, “Фабуладагы” маалыматтар боюнча, мамлекеттик агенттиктердин биринин башчылыгынын баасы эле 300 миң долларга бааланып жатканын макаласында жазып чыкты.

Баратбай Аракеев макаласын “Асан Жакшылыков уялбаса да, анын ордуна биз уялдык” деп атап, Жакшылыков “Алиби” гезити аркылуу актанам деп атып жалаң карандай калп айтканын, анткени “Айла” деген кичи ишкана ача коюп, жазуучулардын ырыскысы болгон 60 млн рублди ошол ишканага которуп ийип айласын антип тапканын, мыйзам боюнча “целевой кредитти” коммерциялык иштерге пайдаланган адам кылмышкер катары соттолуп кетерин, ал эми Пушкин көчөсүндөгү №70 имарат Жазуучулар союзунун эмес, ошол кездеги “Ала-Тоо” деген басманын балансында турганын, мыйзам боюнча мамлекеттик мүлк коомдук уюм тарабынан менчиктештирүүгө жатпастыгын, Жазуучулар союзу коомдук уюм болгондуктан менчиктештирүүгө уруксат берилбегенин юридикалык өңүттө дагы бир ирет түшүндүрүп берди.

“Жаңы агым” гезити Тынчтык Алтымышевдин “Жаңы турак жайлардын коопсуздугуна мамлекет кепилдик бере албайт” макаласын тартуулады.

Зайырбек Ажыматов макаласын “Кыргызстан келечекте асыл тукум мал сатуу борборуна айланышы керек” деп жазса, өз кабарчы Алишер Токсонбаев “Ошто Нооруз күнү элдик бийлик орногон" деп жазды.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын Азимжан Ибраимовдун “Өкмөттүн отставкасынан трагедия жасабайлы” деген макаласы менен ачты.

Улуттук университеттин доценти Курманбек Абакиров уландысын кийини санга калтырган макаласын “Эгиздер” же жайсаңчы-теңирчилер жөнүндө эки ооз сөз” деп атап, автор динге мамиле ар түрдүү болгон сайын бир эл бир нечеге бөлүнүп, бир элдин көз карашы көп карашка айланып, ырк-ынтымак кетип баратканын, анын себептерин талдоого ала баштады.

“Качан байлар байдай, кедейлер кедейдей салык төлөшөт?” деген суроонун жандырмагын баяндаган салык адиси Насирдин Абыдыновдун оюн журналист Мырзакат Тыналиев окурмандарга тартуулады.

Бермет Маткеримованын мигранттар тууралуу макаласы “Бакубат жашаган башка өлкөгө аттанбайт” деген ат менен жарык көрдү.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG