Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

"Кыргызстан кедей эмес"


“Кыргыз туусу” гезити президент Атамбаевдин “Дүйнө коомчулугу Кыргызстанды кедей өлкө деп эсептебейт” деген ат менен Коомдук телерадиокорпорациясына курган маегин басты.

“Кыргыз туусу” гезити “Үмүт уялаган үч жыл” деген баш теманын алдында президенттин үч жыл ичинде жасаган иштери тууралуу ой-пикирлердин топтомун жарыялады. Гезиттин 8-9-беттеринде бул боюнча сүрөттүү баян берилди.

Айтылуу адабиятчы, профессор Абдыкадыр Садыковдун Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жетекчиси, таланттуу акын Чыныбай Турсунбековдун жаңы ырлар жыйнагы тууралуу макаласы, легендарлуу “Кыз бурактын” негиздөөчүсү, Кыргыз эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын маеги да аталган гезиттин бүгүнкү санында бар.

“Алиби” гезити жаңы санынын эки бетин милицияга арнады. Ички иштер министри Мелис Турганбаев “Эми милициялардын бир тал да чачы түшпөйт” деп маек курду:

Кабарчы: Ысык-Көлдө “милициялардын эмес, криминалдардын бийлиги таасирдүү. Милициялар криминалдар менен биргелешип иш кылат” деген кептер айтылып келет. Буга кандай дейсиз?

Турганбаев: Криминалдардын таасиринен чыгалбаган милицияларды тазалайбыз. Кыскасы коомдо “каралардын” эмес, мамлекеттин мыйзамы жогору турарын далилдейбиз.

Кабарчы: Камчы Көлбаевдин үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу эмне айта аласыз?

Турганбаев: Анын мамлекеттен чыгып кетишине менин эч кандай тиешем жок, криминалдар менен байланышым болбогон үчүн кылмыш дүйнөсүнө чабуул коюп, криминалдардын кылмыш кылганын кармап, жоопко тартуунун аракетин көрүп жатам.

“Фабула” гезити жаңы санын Баратбай Аракеевдин “Акаев менен Бакиевдерден кудай сактасын” деген макаласы менен ачып, мурдагыдай Атамбаевде жеке бийлик жоктугун, бийликти парламент менен өкмөт бөлүшүп алганын, бирок өлкөдө светтин, майдын, көмүрдүн, тамак-аштын кымбатташы, сомдун кунунун кеткени, канчалык тумшукка чапса деле коррупциянын тумшугунун сынбай жатканы Атамбаевдин президенттигине шек келтирип турганын, бирок жакшы иштерди жасап атканын, анткен менен Акаев менен Бакиев түптөп кеткен ачкөздүктү, кедеринен кеткен пейилдин тарыганын, калпычылыкты жое албай келатканын да айтып өттү.

Алмаз Темрбек уулу “Мыйзамдын укуругу узун” деген макаласында Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго козголгон кылмышы иши жөнүндө кеп кылды. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын башчысы Советбек Арбаевдин маеги “Кененбаевге козголгон кылмыштарга кызматтык иликтөө кылсам болот, бирок...” деп аталды.

Эмгек сиңирген мугалим Баян Темированын баяны Кыргыз милициясынын 90 жылдык мааракесине арналган конкурста 1-сыйлыкка татыктуу болуп баш байгени жеңип алган “Биз экөөбүз” деген жаңы китеп жөнүндө. Бул китептин автору Улуттук университеттин ардагери, акын жана жазуучу Назбүбү Эгембердиева.

“Тил жана маданият” гезити жаңы санын белгилүү прозаик жана акын Меңди Мамазаированын “Эне тил улуттун эн белгиси” деген маеги менен ачты. Коомдук ишмер, окумуштуу, журналист, профессор Тилектеш Ишемкуловдун “Бүгүнкү кыргыз журналистикасы тынымсыз изденүү жолунда” аттуу маегин да ушул гезиттен табасыз.

Тажрыйбасы мол Тилектеш абабыз азыркы учурда гезиттердин алган багыттары, көз караштары, бирөөлөрдүн менчик гезити же өкмөттүкү, же оппозицияныкы болуп бөлүнгөнү окурмандардын ар бирине эле жага бербестигин, анткен менен бүгүн “Фабула”, “Де-факто”, “Ачык саясат”, “Асаба”, “Агым” жана башка гезиттер окурмандардын купулуна толуп, талаптарын канааттандырып жатат деп ойлоорун, бирок мезгилдүү басма сөздүн эң башкы кемчилиги - тоту кушчасынан бирин-бири кайталамайы, көп учурда такталбаган, тастыкталбаган, мандемдүү, күмөндүү маселелерди улам-улам козгой берери, башка адамдар түгөнүп калгансып өңчөй депутаттарды, олигархтарды, эстрада жылдыздарынын айланасындагы музыка менен “ойномойлорду” адат кылып алгандарды жаза бермейди, баштан-аяк дил маек, интервью уюштуруп, гезит бетин ушундайлар менен гана толтурмайды адат кылып алгандарын жүйөлүү сынга алды.

XS
SM
MD
LG