Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Мамлекеттин эсебинен байыгандар...


Ар бир гезит өздөрүнүн “жыл мыктыларын” сүрөттөрү менен басып, аттарын атай баштады.

“Асман плюс” гезити Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Дүйшөн Рысалиевдин маегин басты.

“Азия ньюс” гезити аркылуу коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов өз оюн билдирип, мамлекет катары калыптануу үчүн бизге инновациялык энерго натыйжалуу өнөр жайы бар күчтүү экономика, кайра иштеп чыгаруусу мыкты өнүккөн айыл чарбасы, өнүккөн кызмат көрсөтүү чөйрөсү, курулуштун азыркы заман талап кылган технологиясы болушу зарылдыгын, элде өлкөнүн келечегин камсыз кылалбаган азыркы өкмөт отставкага кетиши керектигин белгиледи.

“Кыргызалтындын” жетекчиси Токон Мамытов “Кумтөрдүн” ачыла элек сырлары көп” деп маек курду. “Азия ньюс” гезитинин бүгүнкү санына “Арча-Бешиктеги мыйзамсыз курулуштар үчүн Каныбек Нарбаевге кылмыш иши козголобу?” деген макала басылып, анда социалдык объекттерге бөлүнгөн 14 аянттын баары менчик турак жайларга берилип жок болуп, мындан тышкары дагы 8 жер тилкеси мыйзамсыз таратылган тизмени жарыялады.

Ушул эле санга “Водолаз” деген каймана аты бар Максат Абакировдун “Мага Молдомуса Конгантиев менен Жаныш Бакиев кордук көрсөткөн” деген аталыштагы маеги жарык көрдү.

“Параграф” гезитине Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Кадырбек Эргешовдун “Спортто билеги эмес, билими күчтүүлөр жеңет” деп интервью берди. Аталган басылма “Акипресс.kg” маалымат булагынан алып абакта отурган Нариман Түлеевдин соттун чечимине ылайык конфискациялана турган, акыл-эси бар адам башын чайкай турган менчик мүлктөрүнүн тизмесин жарыялап чыкты.

“Асман плюс” гезити жаңы санын өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонддун төрагасы Дүйшөн Рысалиевдин “Мамлекетти 20 жыл бою тоношуптур” деген ат менен маегин тартуулады.

Фонддун жетекчиси маегинде 20 жылдын ичинде мамлекеттин менчиги болгон завод-фабрикалар каалагандай таланып-тонолуп, мунун эсебинен далай кишилер байыганын, 19 жылдын ичинде менчиктештирүүдөн мамлекеттин бюджетине түшкөн каражат болгону 4 млрд. 800 млн. сом болгонун, ал эми быйылкы 9 айдын ичинде бир дагы мамлекеттик ишкана сатылбай, дивиденддин эсебинен эле бюджетке 5 млрд. 250 млн. сом түшкөнүн, маселен Бакиевдердин убагында Айдаркендеги сурьма комбинатын казактарга сатышканын, азыр ал комбинатты Салимбай Толумбаев башкарып карызы жок иштетип жатканын, начарлап кеткен шаарча жанданып, жаңыланып баратканын, ал эми Максим казактарга сатып кеткен Кадамжайдагы сурьма комбинаты кайра өзүбүзгө алынганы менен ошол бойдон иштебей турганын айтты.

Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Дүйшөн Рысалиев жакында Статкомитет менен бирдикте өлкөдө 657 ишкана бар экенин тактап чыкканын, азыр булардын канчасы иштеп, канчасы кыймылсыз турганын, салык төлөп жатабы, жокпу, анысы да такталып жатканын, булардын арасында “Талас базары” менен Оштогу “Кара-Суу базары” барын, Убактылуу өкмөттүн буйругу менен убагында Акаевдердики, кийин Бакиевдердики деп жүргөн 47 объект мамлекетке өткөнүн, учурунда алар бул объекттерин күрөөгө коюшуп банктардан акча ала беришкенин, эми банк аларды сотко бергенин, ушул кезде 90 проценти менен сот жүрүп жатканын, маселен Жалал-Абаддагы Кадыржан Батыровдун бүгүнкү күнгө чейин иштеп жаткан 28 объектисинен үч жылдан бери мамлекетке бир да тыйын түшпөй келатканын, анын пайдасын ким көрүп жүргөнүн тактоо иштери жүрүп жатканын, ошондой эле “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы бир гана Кара-Кечени карап калганын, калган Сүлүктүдөгү, Таш-Көмүрдөгү жана Алайдагы мамлекеттин көмүр ишканалары менчиктештирилип кеткенин, Келдибековдун Таш-Көмүрдөгү көмүр ишканасы менен соттошуп жатканын айтты.

“Айат” гезити Миграция жана жаштар министринин орун басары Доскул Бекмурзаевдин, ушул эле министрликтин бөлүм башчысы Улукбек Бакеновдун маектерин тартуу кылды.

XS
SM
MD
LG