Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Кош, Ала-Тоо, кызың кетти "майданга"


Алматы шаарында сойкуканадан табылган кыргыз жана өзбек улутундагы кыздар. 2014-жыл.
Алматы шаарында сойкуканадан табылган кыргыз жана өзбек улутундагы кыздар. 2014-жыл.

Нарында беш маал намаз окуган кишинин кыз зордуктап жүргөнүн “Алиби” гезити маалымдады.

“Де-факто” гезити Атамбаевдин “Дүрбөлөңдүү мезгил артта калды, Кыргызстанга коркпостон инвестиция салса болот” дегенин, башкы прокурор Индира Жолдубаеванын “Адамдын ар-намысы баарынан кымбат” дегенин, депутат Токтогул Тумановдун “Мени каралоонун артында Ташиев турат” дегенин жана “Ак үйдү сагалаган Шадиев”, “Дагы деле Баекованын доору бүтө элек” деген кабарларды окуйсуздар.

Аталган гезит “Түз суроо” деген рубриканын алдында пайгамбар жашынан эбак ашкан, өмүр бою ат үстүндө жүргөн Юруслан Тойчубековго: “Сиз касиеттүү Манас атанын ордосу Таластан болуп туруп арам мал менен акча табууга кантип бардыңыз? Бакай баштаган бабалардын кусуру уруп кетет деп ойлобойсузбу? Эшек этин башка жакка саткан күндө да андан тапкан акча арам жандыктан табылгандыктан арам болуп саналарын ушул жашка келгенче кантип билбей калдыңыз? Же буга чейинки жыйган-тергениңиз жетпей, күнүңүз эшекке түшүп калдыбы? Манастын Аккуласынын дүбүртү жүргөн Таластын элин, андан бери келсек бүтүндөй кыргыз элин ушинтип жер каратса болобу?” деп суроо койду.

Жазуучу Талип Ибраимов маек куруп, азыр поэзия жанрында Чотурова, Исабаева сыяктуу кыздар кыйын чыгып жатканын кеп кылды. Айтылуу акын Жума Мамбетовдун “Урдум ушул демократия дегенди, уят-сыйыт, ыйман-ызаат бүт өлдү” деген ат менен бир бет жаңы ырлары жарык көрдү.

“Алиби” гезити энеси бир жарым жашында каза болуп калган 12 жаштагы кызды зордуктады деп камакка алынган айбан ошол кыздын атасынын бир тууган иниси экенин, Нарындын бир айылында жашарын, андан да шумдугу беш маал намаз окуган неме болуп чыкканын кабарлады.

Ушул эле гезитке “Күчтүү Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Расул Умбеталиев “Мендеги документтерге Аида Салянованын кылдай тиешеси жок” деп интервью берди. Гезиттин “поэзия” бөлүмүнөн акыркы кездери мыкты ырларды жазып жаткан жазуучу Сейит Жетимишовдун жаңы ырлары менен таанышасыздар.

Жогорку окуу жайдын мугалими Калысбек Жолалиевдин “Кош, Ала-Тоо, кызың кетти майданга” деген макаласында көптөн бери келаткан көйгөйдү сөз кылып: “Уулдарыбыз түнкү клуб, интернеттерден чыкпаса, кыздарыбыз кытай, түрк, корей жана башка инвесторлордун эркектер кире албаган түнкү клубдарын, сауналарын тейлөөчү ыктыярдуу армияга айланып жатса, өңдүү-түстүү деген кыздарыбыз абийирин акчага сатып калса, Конституция боюнча “Кыргыз кызына үйлөнгөн чет элдиктер беш жылдан кийин кыргыз жарандыгына ээ болот, беш жылдан кийин үйдү да, жерди сатып алса болот“ деген мыйзамды депутаттар колдоп берип өткөрүп жатса, ушундайлардын баарына каршы чыккан “Кырк чоронун” жигиттерин соттоп жатса... анда эл катары бүткөн экенбиз!..” деп каңырыкты түтөттү.

“Айбат” гезити аркылуу саясат таануучу Марс Сариев “Оппозицияда бирдиктүү идеология жок. Бардыгында бийликке жетсем деген бир гана ой” деп;

Депутат Абдимуктар Маматов “Оппозиция өздөрүнүн биримдиги жок экендигин, конструктивдүү иштей алышпай жатканын сезе баштады” деп;

Депутат Абдыманап Кутушев “Элде оппозициялык маанай жок” деп айтты. Экономика доктору Айылчы Сарыбаев валюталык интеграция алкагында кыргыз сому башка өлкөлөр менен соода-сатык мамилелерде жеңил кетерин кеп кылды.

“Кыргыз туусу” гезити билим берүү министри Элвира Сариеванын “ЖОЖдор паракорчулукту токтотууга милдеттүү” деген маегин басты. Сариева билим берүү тармагында ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу керектигин айтуу менен бүгүн өзүнө-өзү кол салып, жанын кыйып жаткан окуучулардын 80 процентке жакыны жетиштүү жашаган, колунда бар үй-бүлөлөрдүн балдары болуп жатканын кеп кылды.

“Кыргыз туусу” гезитинин өз кабарчысы Жекшенбай Курманов жөнөткөн кабарында 60-70 жаштагы өнөрпоз аялдардан турган “Ат-Башы кайрыктары” деген топту мугалим ардагер Фатима Шадыбекова уюштуруп, жакында “Апалардын ыр десте” аттуу майрамдык концертти атабашылыктарга тартуулаганын, Фатима эжей баштаган топ эми келаткан Нооруз майрамына чоң даярдык көрүп жатканын маалымдады.

Карыя журналист Бекбай Алыкулов Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакировдун чыгармачылыгы тууралуу баяндаган “Аңгемеден романга чейинки жол” деген макаласын тартуулады.

XS
SM
MD
LG