“Фабула” гезити бүгүнкү санында журналисттер Баратбай Аракеевдин “Максимдин мафиясы дагы дааналанат” деген, Эртабылды Аттокуровдун “Парламент короосундагы жашыруун сырлар” деген макалаларын жарыялады.
Баратбай Аракеев: Мамлекетти туруксуздаштырууга далбас уруп, митингдерди, пикеттер менен ар кандай нааразылыктарды бакиевчил күчтөр жүргүзүп жатат, анын үстүнө президенттик шайлоо жакындаган сайын жер-жерге, уруу-урууга бөлүнмөй, бири бирине кара көө издемей, акча жасамай жана аны добушун сатмайларга чача баштамай башталганы турат” деп жазса;
Эртабылды Аттокуров: “Демократиялык өлкөгө айландык деп өпкөбүздү желектей желбиреткен менен анархиядан чыга элекпиз. Эгерде коалициялык өкмөттүн келишимдери реалдуу күчкө ээ эместигин таанысак, анда азыркы парламенттин мыйзамдык жактан да, моралдык жактан да жалпы элдин атынан чыгууга укугу жок эле. Анткени нукура демократиялык өлкөлөрдө калктын шайлоодогу добушу 51 пайызды түзбөсө шайлоо максатына жеткен жок деп эсептелет. Өлкөгө саясый ызы-чуу салып жаткан парламент ушуну түшүнөт болду бекен?” деп жазды.
Ушул эле санда Башкы прокуратура 5-каналдын жана “Кыргызтелекомдун” жетекчилигине кылмыш ишин козгогонун, бул эки мекеме 3 жыл ичинде мамлекетке 26 млн. сомдон ашуун зыян келтиргенин маалымдады.
Ош ТВ телерадиокомпаниясынын башкы деректири Сюита Соурованын “Толугу менен кыргыз тилине өттүк” деп аталган маеги да гезиттин жаңы санында.
“Алиби” гезити журналист Папан Дүйшөнбаевдин “Каадасыз” коалиция болбойт” деген макаласына окурмандардын назарын бурду. Коалициялык ызы-чуулардын төркүнүн талдоого алган автор айрым депутаттардын өкмөткө “ормон опуза” жасамайлары мындан ары да улана берерин, анткени жакса да, жакпаса да бул дагы парламентаризм дегендин, коалициялык турмуштун бир көрүнүшү экендигин, каадасыз кыз болбогон сыяктуу эле бул өңдүү ыйкы-тыйкы оюндарсыз коалиция да болбой тургандыгын түшүндүрдү.
Жогорку Кеңештин депутаты, акын Эгемеберди Эрматов маек куруп, мурдагы бийликтин тушунда оппозициялык партиянын мүчөсү болгондуктан далай ирет куугунтукка кабылганын, бир эле мисал, Кызыл-Кыядагы гуманитардык институтта мугалим болуп жүргөн жеринен кызматынан айдалганын, эми азыр депутат экендигин, үйү жоктугунан батирде турарын, өзүнө тийешелүү деген катчылык орунду да, Жогорку Кеңеш тарабынан берилүүчү машинаны да албагандыгын, болгону бир гана жардамчысы менен иштеп келатканын, мурда кандай болсо дал ошондой эле калыбында калганын, ага акын-жазуучулар, ырчылар, сүрөтчүлөр келип, арыз-муңун айтып турушарын, аларга колдон келишинче жардамы тийип жатканын кеп кылган.
“Алибинин” бул санына акын депутаттын “Заман кайрык” деген ыры жарык көргөн. Анысында Эгемберди Эрматов:
Эртең кандай күндө калат Мекеним,
Кармап алып шылуундардын этегин...
Муну ойлосом көздөн жашым мөлт этип,
Чыдай албай каканактап кетемин” деп жазат.
“Кыргыз туусу” гезити жаңы санын журналист Мырзакат Тыналиевдин “Укук коргоо органдары аша чаптыбы же криминал контрчабуулга өттүбү?” деген аталыштагы макаласы менен ачты.
Автор ушу тапта пенитенциардык кызматта узак жылдар бою эмгектенген айрым кызматкерлер эркинен ажыратылгандар камакта отурган жайлардагы кырдаал көзөмөлдөн чыгып бараткандыгы жөнүндө кооптонууларды айта баштаганын, алар мындай нааразылык акциялар мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев тарабынан уюштурулуп, зоналарда ревизия жүргүзүү жана соттолгондорго таасир этүү маселесин көзөмөлгө алуу максатын көздөгөнүн билдиришкенин, дал ушул өндүү таасир көрсөтүү мурда Нарындагы түрмөдө жазасын өтөп жаткан криминалдык авторитет Азиз Батукаевга таандык болгондугу айтылып жүргөндүгүн белгиледи.
Журналист андан ары акыйкатчы Турсунбек Акун каршылык акциялары түрмө имараттарынын ремонту жоктугуна, мончо иштебегенине, тамак-аштын начардыгына байланыштуу келип чыкты деп билдирген, бирок атайын прокурор Кубанычбек Мамакеев акыркы кездери камактагылардын туугандарынын жолугушууга келгенде түрмөгө алып кирүүгө тыюу салынган буюмдарды алып өтмөкчү болгон аракеттерине катуу чаралар көрүлө баштаганы менен байланыштырган. Анткени прокурордун айтымында, акыркы мезгилде наркотиктерди, алкоголдук ичимдиктерди алып өтүү фактылары кезиге баштаган, мына ошондуктан ачкачылык жарыялагандардын талаптарынын бири – жолугушууга келген адамдарды аңтарып кароо жүргүзүлбөсүн деген талап экендигин кабарлаган.
“Кыргыз туусу” бул макалага улай Кыргызстандын күч түзүмдөрүн координациялоо боюнча вице-премьер-министр Шамил Атахановдун “Кылмыш дүйнөсү менен күрөшүүгө саясый эркибиз жетет” деген сөзүн шилтеме кылган макаласын тартуулады.
Аталган макалада мындан 5-6 жыл мурда Грузиянын абагында отургандар да ушул биздегидей акцияларды өткөрүп, ырасмий бийликтин кылмыштуулукка каршы жасаган реформаларына кысым көрсөткөнү, атүгүл түрмөдөгүлөрдүн 10 миңге жакын туугандары ар кандай акцияларды уюуштурушканын, Грузияда революцияга чейин 6 миңге чукул адам түрмөдө отурса, революциядан кийин камалгандардын саны 2-3 эсеге көбөйгөнүн, өлкөнү талап-тоногон чиновниктер камакка алынганын, Грузин өкмөтү мамлекеттеги коррупцияны жоюунун эсебинен эле бюджет кирешесин 25 эсеге өстүргөнүн баяндады.
Грзуияда да мектеп окуучулары “мен космонавт болом”, “мен учкуч болом” деп тилек кылуунун ордуна “мен мыйзамдагы ууру болом”, “мен авторитет болом” деп ачык эле кыялданып калган деңгээлге дейре түшкөнүн, бирок өкмөт ар кандай тоскоолдорго карабастан коррупцияга каршы айоосуз күрөш жүргүзгөнүн белгилеген Шамил Атаханов, Грузиянын мындай ийгиликке жетишине 1 млрд. доллар талап кылынганын, өкмөт Бириккен Улуттар уюмуна, Еврошериктеш өлкөлөргө, бир катар эл аралык уюмдарга кайрылып жардам алганын, Кыргызстан да азыр так ошондой жолдо турганын, кылмыш менен күрөшүүгө мамлекеттин саясый эрки жетерин кошумчалады.
Бул санга Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов “Оштун эли акыйкаттыка жетти, алар июнь окуясында ким күнөөлүү экенин, алар бул окуяда кайсы бир үчүнчү топ кызыкдар болгон саясый күчтүн күнөөсүнөн болгонун билди” деп билдиргенин шардана кылды.