Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Бириккен кыймыл эл үчүн бириктиби?


Оппозициянын Бишкекте өткөн митинги, 2013-жыл.
Оппозициянын Бишкекте өткөн митинги, 2013-жыл.

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин дээрлик баары бириккен кыймыл жөнүндө жазып чыкты.

Бүгүн жарык көргөн “Асман пресс” гезити: - Жаңыдан түзүлгөн оппозицияга көз карашыңыз кандай? - деген суроо салды.

Депутат Өмүрбек Абдырахманов: - Азыркы оппозиция Атамбаевди кетирип, анын ордуна отурам дебестен, жаңы демократиялык идея менен бийликке каршы аттанат деген ойдомун. Президенттик бийликти чектөө жана келечекте президенттин бийлиги жок таза парламенттик ситемага өтүү,-деп жооп берди.

Саясатчы журналист Сабыр Муканбетов: - Украина фашисттик көз караштагы экстремисттердин барымтасында калды. Андыктан дагы далайга ызы-чуудан башы чыкпайт. Азыркы оппозицияны колдойм. Начар оппозиция болсо да колдоп келе жатам. Антпесе жеке бийлик күч алып, тоталитардык система орнойт, - деп жооп берди.

“Асаба” гезити “Аалам сырлары эмнеге жабылды?” деген суроонун айланасында продюсер Асыл Апасованын, долбоордун автору Назира Айтбекованын, КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Жеңишгүл Өзүбекованын ойлоруна орун берди.

“Тил маданияты” гезитине Айнагүл Кашыбаеванын “Балдарыбызды кыргызча окутуудан неге кыйналабыз?” деген макаласы, акын Майрамкүл Курманалиеванын жаңы ырлары, боорсок боюнча өткөн сынактын жүрүшүн чагылдарган баяндама, актриса Айнура Тургунбаеванын маеги жана башка материалдар жарыяланды.

“Азия ньюс” гезити бүгүнкү санын “Иса Өмүркулов акталып, бузукулар жазасын алабы?” деген макала менен ачты. Жаңы санда Болуш Султанов аттуу автордун “Кайырмакка илинбеген Жантөрө Сатыбалдиев” деген макаласы басылды. Аталган гезит “Эрөөл” деген рубриканын алдында теңирчиликти даңазалап келаткан Анарбек Усупбаев, ислам динин туу кылып келаткан Нурлан Мотуев, санжырачы Өмүрбек Койгелдиевди эрөөлгө салып, талашып-тартыштырып, ойлорун окурмандардын ой элегине таштады.

“Айат” гезити журналист Балбак Түлөбаевдин “Украина менен кыргыздын айырмасы” деген баяндамасын сунуш кылды. Автор Янукович да биздин качкын президенттерге окшоп айланасындагы жеп-ичкичтер менен машташып алып мамлекетти жеп келгенин, баласы баасы миллиондогон долларлык машина тээп, кудайын тааныбай кутурганын, курулушта, көмүр кендеринде, банк секторунда, деги эле бардык май-талкандуу жерлерге жалгыз ээлик кылып келгенин эске салып, аны менен Кыргызстандын азыркы президентин салыштырды. Атамбаев Украина президентине окшобостугун, баласынын, үй-бүлөсүнүн коррупцияга аралашканын уга электигибизди, өкмөт Кумтөрдөгү мамлекеттин үлүшүн 33төн 50гө чыгарганын, бул да болсо ийгилик экендигин белгиледи.

“Учур” гезити да “Украинадагы окуя бизде кайталанышы мүмкүнбү?” деген суроого жооп издеди. ЭлТРдин экс-директору Шайырбек Абдрахман уулу: -Украинадагы окуялар бизде эмес, бизде болуп өткөн окуялар Украинада кайталанууда дегенге кошулам,- деп;

“Түштүк” маалымат агенттигинин кыргыз редакциясынын редактору Асылкан Шайназарова:- Украина Кыргызстандагы болуп өткөн 2010-жылдагы сценарийди кайталады. Януковичтин бийлиги кулары менен анын ишенген региончулары да биздин “акжолчулардай” болуп партияны таштап кача беришти,-деди.

Депутат Өмүрбек Абдырахманов: - Эгер башчыбыз Януковичтей болуп элден бөлүнүп резиденцияда жата берсе, Януковичтей болуп өз кишилерин гана кызматка коё берсе акыры жакшылыкка алып келбейт,-деген пикирин айтты.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева: - Азыр кооптуу мыйзамдарды аныктап, президентке жеткирчү адамдар жок,- деп,

Коомдук ишмер Авланбек Жумабаев: - Бизде Украинадагыдай узак мөөнөткө созулган тирешүү болсо өлкөбүз көтөрө албайт. Азыр бийликте олтургандар да баягылар эле, бириккен оппозициядагылар да баягы. Ошондуктан саясатчылар өздөрүн эле эмес, элдин келечегин ойлосо,- деп жооп берди.

Академик Жамин Акималиев: - Украинадагыдай болуп көбүрүп-жабырса анда Кыргызстан деген мамлекет жок болуп кетиши мүмкүн. Биздин элибиздин салты, менталитети Украинага окшош эмес. Бизде нааразылык болушу мүмкүн, бирок башка себеп менен. Ошентсе да бийлик, “ой, айта берсин” дегенди ары таштап, ар дайым элдин үнүн угуп иш жасап турушу керек, - деп жооп берди.

“Мекен инфо” гезити депутат Равшан Жээнбековдун интервьюсун басып чыкты. Ал “Атамбаев олуя болсо дагы бийлигин чектейбиз” деген ат менен жарык көрүп, кыймылдын башында турган Равшан мырза оппозициядагылардын эч кимисинин 3-революцияга алып келели деген ойлору жок экенин, эгер бийлик чектен чыккан акмакчылык кадамдарды жасабаса мыйзамдын, саясый маданияттын алкагында иштерин, демократиялык мамлекеттерде оппозиция дагы бийлик сыяктуу эле коомдун колдоосуна ээ болушу керектигин, ошондуктан ишкерлерден, жеке адамдардан каражат жагынан колдоо күтөрүн билдирди.
XS
SM
MD
LG