Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Чороевди укчу чоң барбы?


Шаршембидеги басылмаларда экономикалык, социалдык-саясий темалар арбын козголду.

29-октябрда жарык көргөн “Көк асаба” гезити экономист Кубан Чороевдин “Акча системасын өзгөртүүгө жетекчилердин интеллектуалдык деңгээли жана эрки жетпей келет” деген аталыштагы маегин тартуулады. Экономист Кыргызстанда сомду алтынга байлаш керектигин, 1944-жылы 1 унция алтын 24 доллар болсо, бүгүн 1 унция алтын 1100 долларга чейин жеткенин, Кыргызстан жок дегенде 2000-жылдары сомду алтынга байлап салганда ошол кездеги баа боюнча 1 унция алтын 250-300 доллар болуп, азыр элдин орточо айлыгы 1500-3000 долларга чейин жетмегин, ошондо сомдун сатып алуу жөндөмү да күчтүү болуп, элдин жашоо-турмушу да бир топ оңолуп кетмегин айтты.

Экономист Кубан Чороев андан аркы сөзүндө, биз сомду туруктуу кармабасак, финансы системасы эч качан өнүкпөй тургандыгын, эгер ал Улуттук банктын жетекчиси болуп калганда 1 млрд. долларды эртеңден баштап долларга карата курсун 69 сом менен өйдө да, ылдый да кылбастан бекитмегин, эл банктарга канча сом алып келип төксө, эртең бекитилген баа менен кайра ошончо доллар кайтарып бермегин, эгер ушул система кабыл алынса экономикада эч кандай девальвация болбой тургандыгын билдирди. Ал андан ары сөзүн улантып, бул сыяктуу мисалдар барын, маселен, бардык араб өлкөлөрү 1971-жылы эле АКШ менен стратегиялык келишим түзүп жаткан кезде улуттук валюталарынын долларга карата курсун фиксациялап туруп бекитип алышканын, ошондуктан араб өлкөлөрүндө 40 жылдан бери улуттук акчанын курсу бир калыпта келатканын, ошон үчүн көптөгөн инвесторлор араб өлкөлөрүнө барышарын, анткени араб өлкөлөрүндө финансылык абал ар дайым туруктуу экендигин белгиледи.

Ушул эле гезит обончулардын атасы саналган атактуу Боогачы тууралуу “Боогачы” аттуу китептен Өмүрбек Асан уулунун баянын басты. Эмдиги жылы Боогачынын туулгандыгына 150 жыл толорун да эске сала кетели. Аталган гезит “Жаша, акын!” деген теманын алдында Алыкулдун туулган жери Каптал-Арык айлында Алыкулдун 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, эстелиги тургузулганын фото-сүрөттөр менен чагылдырды.

Кол өнөрчү Рустам Мамбетовдун маеги “Өз күмүшүбүздү таппай келебиз” деген ат менен жарык көрдү. Жакын курбусу Жаркын Балыкбаеванын “Таттыбүбү” деген эскерүүсү басылды.

“Вечерний Бишкек” гезити Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттарынын алдында оңой эмес маселелер турганын, биринчи кезекте террорчулукка каршы күрөшүү мыйзамын кабыл алуу керектигин, айрыкча күч органдарынын кызматкерлеринин өлүмүнө алып келген акыркы окуялар мындай мыйзамдын зарылдыгын көрсөтүп турганын белгиледи. Автор андан ары №50 түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлердин айланасындагы окуя кандай болуп аяктаганын кайрадан эске салуу менен, курман болгон милийсаларды жайына коюп жаткан учурда алардын жакындары террорчуларды коргоп чыккан укук коргоочуларга наалат айтышып:

- Эмне үчүн адам укугун коргоочу уюмдар биздин элди Батыштын мыйзамы менен жашагыла деп таңуулашат? Эмне үчүн алар кырчындай жигиттерибизди өлтүргөн баш кесерлерди коргошот? Биз президентке, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө кайрылып, өлүм жазасын кайра киргизүү жөнүндө суранабыз. Эгер өлүм жазасы кирбесе дагы далай балдар жетим, далай келиндер жесир боло берет,- деп айтканын мисалга тартуу менен, Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары 50-түрмөдөгү окуяга байланыштуу утурумдук парламенттик комиссия түзүшү да мүмкүн деп жазды.

XS
SM
MD
LG