Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Кайсы муфтийдин деңгээли жогору?


“Кыргыз туусу” гезити эл күткөн мыйзамга каршы добуш берген депутаттардын тизмесин жарыялады.

“Фабула” гезити Эрнис Балбаковдун “Ичтен ирибейли” деген рубриканын алдында “Кайраштырган кайсы күч?” деген макаласын кыргыз-тажик чегара чырына арнады.

Депутат Нарынбек Молдобаев “Өкмөт бизди көндүрө албай, ар кандай сунуштарды айтып” деген ат менен интервью берди. Бир катар суроолорго жооп берген депутат Кумтөр маселеси ушул айдын 20сынан кийин караларын, ошондон кийин бул маселеге чекит коюларын билдирди.

Кыргыз ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов “Рахматулла ажыдан Чубак ажынын деңгээли өтө жогору” деп маек курду. Муфтияттагы чырга оюн билдирген Абдышүкүр ажы, талапкерлиги көргөзүлүп аткан Максат ажыны колдой тургандыгын жана ажынын муфтий болоруна ишенерин, ал эми мурдагы муфтий Чубак ажы ислам университетинде мугалим болуп иштеп атканын, дин боюнча өтө билими терең инсан экендигин белгиледи.

Жумгалдын акими Адылгазы Исагуловдун интервьюсу “Кара-Кечеде тартип башынан эле жакшы жолго коюлган эмес” деген ат менен тартууланды.

“Алиби” гезити Ысык-Көл боюнча өз кабарчысы Чыныбек Ажыбековдун “Үмүттөр орундалган, үмүттөр ойрон болгон күн” деген ат менен болуп өткөн шайлоолорду, Саруудагы курултайды талдоого алган макаласы менен бүгүнкү санын ачты.

Жогорку Кеңештин Коопсуздук комитетинин төрагасы, депутат Алмазбек Баатырбеков маегин чек ара маселесине багыштап, мамиле бузулбасын деп эле тигил тарапты карап олтура берүүгө болбостугун айтып, азыр бардык мүмкүнчүлүктү колдонуу менен маселени чечүүгө иш-аракеттер жүрүп жатканына токтолду.

“Де-факто” гезити кезинде Тажикстанда 3 жыл элчи болуп иштеп келген генерал Мирослав Ниязовдун ойлорун укту.

Мирослав генерал эл жыш жайгашкан Фергана өрөөнү Орто Азиядагы социалдык жарылуунун детанатору болуп эсептелерин, эң көйгөйлүү суу жана башка маселелерди 3 президент чогуу олтуруп чечүүсү керектигин, алар антпестен убакытты дале текке кетирип келе жаткандыгын, эгер кан төгүлбөсүн десек президент саясий жоопкерчиликти өзүнө алып, ишти саясий эрк менен бүтүрүшү керектигин айтты. Оппозицияга мүнөздөмө берген Мирослав Ниязов азыр эл ээрчий турган оппозиция жоктугун, баары бири-биринин программаларын көчүрө калып кыйкырып чыга калма популисттер экенин белгиледи. Ал ошондой эле баягыдай эле парламенттик системага каршы көз карашын билдирди.

“Жаңы агым” гезити “Экстремисттик уюм деп табылган жамааттын өкүлү муфтийликке шайланабы?” деген баштеманын алдында журналист Нурканбек Керимбаевдин макаласына окурман көңүлүн бурду.

Автор муфтият сүрөөнгө алган Максат ажы Токтомушев “Таблиги жамааты” дегендин мүчөсү болорун, аталган жамаат дүйнөдө экстремисттик деп табылганын, Тажикстан анын ишмердүүлүгүнө 2006-жылы тыюу салса, Орусия 2009-жылы, Казакстан былтыр февралдан баштап тыюу салганын, ал эми Кыргызстандын Коргоо кеңеши тыюу салуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылганын, бирок азырынча ал жактан жооп жоктугун баяндады.
Депутат Каныбек Осмоналиев "Жеке мен Максат ажыга каршы эмесмин. Ал абдан билимдүү жигит, бирок “Таблиги жамаатты” дүйнө өлкөлөрү экстремисттик уюм деп тапкан", - деп жооп берди.

Ал эми Максат ажы Токтомушев болсо эч бир уюмдун өкүлү эместигин, салттуу исламды колдоорун, эгер муфтийликке шайланса, Индонезиянын тажырыйбасын колдоноорун билдирди.

“Кыргыз туусу” гезитинин биринчи барагын ачканда “Жогорку Кеңеште “кой” терисин жамынган карышкырлар” барбы?” деген тема көзгө урунат. Ошол теманын алдында депутаттар Өмүрбек Текебаевдин “Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине айрым кылмыштардын эскиргендигине байланыштуу иш козгоонун мөөнөтү өткөндүгүн алып салуу тууралуу өзгөртүү киргизүү сунушун четке кагышканын, натыйжасында 44 депутат мөөнөтүнө чек койбой алып салалы десе, 55и каршы чыгып, “кылмыш мөөнөтүм эскиргенче кача турайын” деп качып жүргөн коррупционерлерди канча жыл өтсө да кармап келип жазалай турган кайран мыйзам кабыл алынбай калганын, демек мыйзамдын өтүшүнө каршы болгон депутаттар элди талап-тоногон, таза эмес саясатчылар, чиновниктер менен бир казанда кайнап калышканын белгилөө менен ушундан кийин “эл шайлаган депутаттар өз шайлоочуларына каршы иштеп жаткан жокпу, эл алардан ушундай чечимди күттү беле?” деп суроо койду.

“Кыргыз туусу” макаланын алдына мыйзамга каршы болгондор менен, колдоп добуш берген депутаттардын тизмесин да кошо жарыялады.
XS
SM
MD
LG