Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Унутулган адам


30-апрелде чыккан кыргыз гезиттерине баяндама.

Бүгүн жарык көргөн “Тил жана маданият” гезити “Имаратстрой” курулуш компаниясынын башкы директору, республикалык “Кыргыз тили” коомунун вице-президенти Бейшенбек Иманалиевдин кыргыз тилин жакшы билбеген орус тилдүү мекендештерибиз үчүн “Родной язык - гордость моя” деген окуу китеп жазганын, бул китеп бардык министрликтер менен жогорку окуу жайларына үчтөн беш нускага чейин бекер берилерин, адистердин, элдин пикири азырынча жаман эместигин маалымдады. Автор жазган китеби жөнүндө суроого жооп берип, кыргыз эли ансыз да сан жагынан аз болгондуктан, эне тилде сүйлөөнү жапа тырмак колго албаса кыйын болуп каларын, өзүнүн кесиби куруучу болгонуна карабастан, тилге жасаган кайдыгер мамиледен улам ушундай китеп жазганын айтып берди.

Педагогика илиминин доктору, профессор Абдыкерим Муратов ушул эле гезиттеги макаласында өз эне тилин болуп көрбөгөндөй камкордукка алган казак бийлигинин жасап келаткан иштерин мисалга тартты. Маселен казак тилин өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик тил комитетине жыл сайын казынадан 125 млн. АКШ доллары бөлүнүп турарын, эгемендиктин алгачкы жылындагы менчиктештирилип кеткен казак бала бакчаларынын баары кайрадан балдарга кайтарылганын, жапондор өз балдарын 12 жашка чейин жалаң гана өз эне тилинде окутуп, анан 12 жаштан кийин башка тилдерди аралаштырып окуткан тажрыйбасын эми казактар да үйрөнө баштаганын, өз эне тилине өзгөчө мамиле жасаган казак бийлиги мамлекеттик тилдин кагаз жүзүндөгү эле эмес, иш жүзүндөгү абалына чейин көзөмөлдөп, казакча жазуусу жок бир да товарды чек арадан өткөрбөй турган мыйзамды киргизип салганын, президент Нурсултан Назарбаев “Казактар казак менен казакча сүйлөшсүн” деп ураан таштап, ал алданемедей жигер менен ишке ашып келатканын бир чети суктануу менен, “биз да ушундай күнгө жетер бекенбиз?” деп бир чети арман менен жазып чыкты.

Таланттуу акын Барчынбек Бугубаевдин жаңы ырлары мына ушул “Тил жана маданият” гезитине жарыяланды.

Улуу Алыкулга арналган Айбек Эмилбек уулунун макаласы да ушул санда.

“Көк асаба” гезити Ош шаарындагы “Сымбат” көркөм салонунун жетекчиси Калия Карашеванын маегине орун берди. Колунан көөрү төгүлгөн Калия кыргыздын сайма өнөрүнүн өзгөчөлүгүн, анын түрлөрүн, байыртадан келаткан бул өнөрдү сактап калуу үчүн эмнелерди жасап жатканын, бул максатта Тоолуу Мургаб районундагы жергиликтүү кыргыздардын, Чоң-Алай кыргыздарынын унутулуп бараткан саймаларын издеп таап, аны кайра калыбына келтирип жатканын, эл аралык бир катар кароо-сынактарга катышып, кыргыз саймасын дүйнөгө даңазалап жүргөнүн кеп кылды.

“Көк асабанын” бүгүнкү санына көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Болот Мамбетов жөнүндө макала басылды. Кадимки кызылчачы эжебиз Зууракан Кайназарованын Болот Мамбетовду тилдегенин айта кетели. Кайназарова ошол кездеги жетекчилерден Төрөбай Кулатовду, Күлүйпа Кондучалованы, анан Болот Мамбетовду жакшы көрчү эле дейт. Бир күнү Зууракан эжебиз бир козусун союп алып Болот Мамбетовдун үйүнө барыптыр. Барса аялы көрүнбөйт дейт. Муну байкап турган эже:

- Ой Болот, сен эмне аялы жок, бойдок турасыңбы?, - дейт.
Болот Мамбетов шашып кетип:
- Бар, бар, - деп иет.
- Болсо чакырбайсыңбы, үйүңө киши келип атса, - дейт. Барып чакырып келсе, сары чачтуу орус аял экен дейт. Зууракан эже:
- Ушубу аялың? - дейт. Анан унчукпай чай ичишет.
Бир маалда аялы сыртка чыгып кеткенде:
- Ушундай эркек болгончо өлүп калбайсыңбы. Э, Болот, маңка болсо да кыргыздан катын албайт белең? Биринчиден, кыргыз катын кыргыздын наркын-салтын улап, үйүңдүн куту болот эле. Экинчиден, сенден туяк калбайт беле! - деп тилдептир.
Болот Мамбетов тайсалдап: - Коюңузчу эми, азыр улутка бөлүнбөгөн, башка заман эмеспи, - десе ачуусу келип турган Кайназарова:
-О, заманыңды! Мага айтсаң, кыргыздын бир кара көз кызын өзүм алып бербейт белем, сенден эми туяк калбай калабы! - деп өкүнгөн экен.

Чындап эле Зууракан эжебиз олуялык менен айткандай Болот Мамбетовду эстетип, анын кыргыз мамлекетине сиңирген эмгегин даңазалай турган артында эркеги калбаптыр. Ал кездеги бийлик көрүнүктүү мамлекеттик ишмерди 61 жашында пенсияга айдап жиберип, өз жерине батпай, орус аялын ээрчип, эки кызын алган бойдон Москвага кетип, кыздары ошол бойдон оруска сиңип орус болуп, маркумдун сөөгү да ошол жакта кала бергенин бүгүн жарык көргөн “Көк асаба” гезити жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG